Метки: Т.Турсунбаева
Таттыбүбү – 70 жаш!
Булбул үн Өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында өндүрүштүк тажрыйбамды кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында өтөп калдым. ““Суроолор боюнча концертти” түзөсүң” деп редакциянын башкы редактору мага тапшырды.Концерттик программаны угармандардан келген каттарынын негизинде түзчүмүн. Ошондо Таттыбүбү Турсунбаеванын аткаруусундагы...
Таттыбүбү Турсунбаева
Актриса менен алгачкы таанышуум 1967-1975-жылдар аралыгында Таттыбүбү Турсунбаева өзү тартылган көркөм тасмалары аркылуу Кыргызстанга, СССР аймагына кеңири тааныла баштаган. Айрыкча актриса түшкөн “Ак Мөөр” тасмасындагы Ак Мөөрдүн, “Отко таазим” тасмасындагы Уркуянын образдарын керемет боектор...
Ай десе айдай, күн десе күндөй
Таттыбүбү. Бул ысым кыргыз киносу менен театрында, деги эле кыргыз маданиятында кандайдыр касиеттүү сулуулукту даңазалагандай таасир берип, нукура кыргыз кызынын келбетин эстетип турганы турган. Атагы таш жарган сахна жылдызы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти...
Таттыбүбү Турсунбаеванын супсулуу элеси көз алдыбызда ошол бойдон сакталуу
12-июлда Таттыбүбү Турсунбаева 70 жашка толмок. Бирок арабызда жоктугу өкүнүчтүү. Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган. 1960-жылы 16 жашында «Салиманын ыры» аттуу...
Н. Турсунбаев: Таттыбүбүнү өзүм көргө алып кирип, чекесинен өөп коштошуп чыктым
"Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол" деген драматург Токтоболот Абдымомуновдун асыл сөзү бар. "Рух-суусунду сендей талант-өзөндөн таттык, Бастык жаркын талант көчөңдөн. Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа, Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн" деп маркум акын Жолон...
Ак жаан же Болот Бейшеналиевдин сүйүүсү, кайгысы, өлүмү тууралуу
Дөө-шаа актерлордун бири Болот Бейшеналиев. Бу дүйнөгө бир келди да, бир кетти. Бир жанды да, бир өчтү. Жөн кетпей ар бир кыргыздын жүрөгүнөн орун алып кетти. Болот Бейшеналиев десе көзүбүзгө өзү эмес "Ак Мөөрдөгү"...
Назирет Дубашов: "Сүймөнкул, Таттыбүбү сыяктуу дөө-шаалар менен тартылдым"
"Биринчи мугалимде" Субандын, "Бакайдын жайытында" Калыктын, "Уркуяда" Мырзамурабдын ролун аткарган кичкинтай бала Назирет Дубашов азыр - чоң-ата, таята. Бирок, ал көбүбүздүн эсибизге "Жамилядагы" Сейиттин образы аркылуу сиңип калган. Назирет аксакал учурда Сокулук районуна караштуу...
Таттыбүбүнүн өлбөстүгү
Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, Совет бийлиги үчүн жанын курман кылган Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракесине карата теледен берилген "Уркуя" фильмин көрүп отуруп, аргасыздан Таттыбүбү эске түштү. Уркуянын өңү балким башкача эле болгондур. Бирок анын...
Пикирлер