Блог тууралуу

"Кыргыз маданият борборун" ачуу демилгесин Марат Токоев, Жыргалбек Касаболотов жана Олжобай Шакир көтөрүп чыккан. Бул сайтты ачуунун максаты - кыргыз маданиятынын өркүндөп өсүшүнө колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүү. Муну менен кошо кыргыз тилдүү Интернеттин бутуна турушуна көмөктөшүү.

Замандын талабынан артта калбайлы, кыргыз маданиятына байланыштуу баалуу маалыматтарды ар-кайсы булактардан топтоп дүйнөлүк желеге чыгаралы, мүмкүн болсо өзүбүз да жаңыларын санариптейли, жаңы иликтөө, изилдөөлөрдү жүргүзүп Интернетке чыгаралы, башкача айтканда аларды түбөлуктөштүрөлү деген эле тилек. Анткени Интернетке чыккан нерсени жоготуу, жок кылуу дээрлик мүмкүн болбой калат. Биздин мүмкүнчүлүктөр чектелген, а Кыргыз маданияты - бул кулачы, чеги жок мухит, ошондуктан, эгер сиздер биз менен тилектеш болуп жардам бергиңер келсе, биз ыраазы гана болобуз.

Сайттын электрондук почтасынын дареги: kmborboru (@) gmail.com

«Кыргыз маданият борбору» блогунун таркатмасы уюштурулууда. Жума ичиндеги блогго чыккан макалалар, блогдогу башка жаңылыктар тууралуу маалыматтар жөнөтүлүп турмакчы. Кимге ушундай таризде блогдогу жаңылыктар менен таанышып туруу ыңгайлуу болсо бизге kmborboru (@) gmail.com дареги боюнча билдирип койсоңор болот. Дарегиңерди таркатманын даректер топтомуна киргизип коебуз.

Бир жумада блогго жарыяланган материалдар көп болгондуктан биз негизинен материалдын аталышын жана кыскача лидин гана жөнөтөбүз. Кызыккандар шилтеме аркылуу материалды толугу менен окуй алышат.

2016-жылдын башынан тартып, сайтты мындан ары өркүндөтүү максатында "Кыргыз маданияты борбору" жаңы хостингге өткөрүлду. Анын дареги http://kmb3.hostenko.com/. Бул жердеги сайт иштей берет. Бирок мындан ары жаңы материалдар жаңы хостингдеги сайтка гана чыгарылып турат.