Адабий сынак 52 Аңгеме

52

КИЙИМ
(аңгеме)

Кийимдерин чачып салган. Бир жакка барарда толгон-токой кийимден эч нерсе таппай калат. Бул көйнөгүн кийейин десе бутундагысына жарашпайт. Тигинисин кийейин десе кыска, мунусу узун... А буга сырт кийими ылайык келбейт. Айтор ушул сыяктуу. Апасынын:«Итибай-читибайды эле чогулта бересиң. Кийимдериңдин эсеби жок, же бир жыргаганы болбосочу.» – дегенин эстеп жылмайып алды. Апасынын айтканынын жөнү бар. Бирок, мунун жумушу ушундай болсо не кылсын? Эркекчесинен жалаң шым менен жүрөт. Таңдан-кечке тытынып иштейт. Көйкөлүп көйнөк кийгенге убакыт деле жок. Айда-жылда бир барчу тойлорго гана көйнөк алат, Алары да бир-эки кийилген боюнча илинип турат. Же кийим салгычтын тээ түпкүрүндө унутулуп калган. Ушу кийимдин азабынан ары-бери жөнү жок чыккысы да келбейт.
А бүгүн чыкпаса болбойт. Айылынан кабар келиптир. Кабар жүрөгүн тилип өткөндөй боло түшкөн. Жакында ага байкоосуздан жолугуп калган. Абдан ынак болушпасса да саламдары түз, тилектери бир эле. «Балдарга кийим-кечек алганга атайын Бишкекке келгем,»- деген күлүп. “Эми качан жолугарыбызды Кудай билет?! Кайда жүрсөк да аман бололу!” – дегени эске түштү.
Кийимдерин ары-бери сапырып жатып кийчүсүн эптеп ылайыкташтырды. Классикалык шым, мойну-башы жабык кофта. Анан сөзсүз узун жемпир. Азыркыча айтмакчы сюртюк. Сюртюксуз болбойт, жамандыкка тыртайып кантип барат? Ии баса, башына салчу бир байлам жоолукту кол сумкасына салып алды.

ХХ
Айылга кетчү автобустар токтоочу аялдамага келди. Алар качан толот дейсиң?! Такси кармап кете бербесе кечигип калчудай. Классташ курбулар чогулуп баралы деп сүйлөшүшкөн. Аларды күттүрүп койгонго болбойт.
Нарыда турган таксиге жүгүрдү. Ичинде бир аял, бир киши бар экен. Эми бирөө келсе эле жөнөшөт.
Машинага отуруп-отура элек шашып жатканын билгизе:
–Эртерээк жөнөсөк экен. – деп кобуранды.
Акыркы жүргүнчү келгенде көптөн бери күтүп, сагынып жүргөн адамды көргөндөй сүйүнүп кетти. Бирок, андан келген жыт мурунун өрдөй бергенде кубанычы бир заматта жок болду.
–И-ий! Түнү менен ичкен неме го!
Күбүрөнө, мурдун билдирип-билдирбей чүйрүдү да далысын салды.
Мунун жактырбай турганын сезгендей акыркы жүргүнчү:
–Мени кечиргиле, түндө тойдо болуп ичип койдум эле.., –деди бакылдап.
«Түндө эле ичкен киши кантип ушунча жыттанып, ушунча бакылдасын?” –деди огобетер жыктырбай.
Такси ордунан жылды.
ХХ
–Баарын ошол талкалап кеткен!
–Кайдагыны айтпачы! Азыркың жыргатып жатабы?!
–Бүт баары окшош! Бардыгы жеп-ичкичтер! Ошолордун айынан бизге окшогон карапайым эл кыйналып жатат!
Кол телефону менен алаксып отуруп сапарлаштарынын сөзүнө деле кулак салган эмес. Үндөрү катуулап чыга баштаганда гана эсине келгендей кулак төшөдү. Баягы эле саясат тура! Талашып-тартышып жатышат. Бири-бирине жулунуп калышыптыр. Көпкө талашышты. Жеңилген тарап да, уткан тарап да болгон жок. Албетте! Саясатчыларда гана эмес, жөн гана буларга окшоп акыйнек айтышкандарда деле жеңилүү деген болбойт. Эл гана жеңилет!
–Э-эк!
Кайрадан кол телефонун карады. Ал жакта деле жанындагылардай кырылыщып жатышат. Көнүмүш болуп калды. Бул деле бир мезгилде алардан кем калчу эмес. Бара-бара барына кол шилтеп салган. Талашканда не пайда? Же ошол саятчылардын бири келип ден-соолугун сурап, нан берип жатты беле? Бирок кээде токтоно албай ызылдактарга кошулуп кетмейи бар. Бирок бүгүн “табити” тартпады. Ою эртерээк барып, эртерээк кайтуу... Анын үстүнө жанындагы сапарлаш аял киши башка улуттун өкүлү. Башка улуттардан негедир уялмай жайы бар. Кайсы жерге барба кыргыздар кырылышып жаткандай сезилет. Балким башка улуттар деле «кырылышып» жатышкандыр? Ким билсин? Айтор...
Сапарлаш аял анда-санда гана булардын акыйнегинен тажагандай –у-уф! - деп үшкүрүнүп коюп жатты.
Саясаттан тажаштыбы, айтор, талаш динге бурулду.
Оо! Дин саясаттан да катуу талаш жаратат. Билбегени деле, билгени деле тилдерин агытмай адат болуп калган. Тээ бир мезгилде «беш маал намаз окуп, орозо тутат экен» дегенди укканда «Ой, азама-ат! Эрки күчтүү экен!»- деп суктанчу. Бара-бара андай сезим жоголуп, “Эмне кылсаң өзүң бил! Бирок, жарыя кыла бербечи!»- деген көз карашка өткөн. Сен деле мендей болуп... деген сунуштардан, тигил жакка баргандагы суракты айта беришкендерден тажаса керек го.
Акыры сапарлаштардын акыйлашкандарына чыдабай:
–Акелер, талаш-тартышыңарды токтоткулачы. Ансыз да баш ооруп турат.-деди.
–Баш ооруса кулак салбаңыз! –деди бири тамашалай.
–Бир чети андан деле эмес, жанымда отурган аялдан уялып турам. Кайда болбосун кыргыздар кырылышып жатышат дейт го, –деди жанындагы сапарлашы тарапка баш жаңсап.
Машиненин ичи бир азга тынчый түштү. «Ии ырас болбодубу...» – деди ичинен ыраазы болуп.
–Сен жамынбайсыңбы!
Бир мүнөтчөлүк тынчтыкты бузуп айдоочу бурк этти. Бардыгы кимге айтып жатат дегенчелик кылып бири-бирине карап алышты.
–Сага айтып жатам!-деди айдоочу башын артка буруп.
–Магабы?!
Таң кала түштү.
–Кызыксыз го! Жамынбайсыңбы деп кыйкыргыдай бир жерим көрүнүп турабы?! –деди.
–Сөзсүз түрдө көрүнүш керекпи? Оюңарга койсо жылаңач деле жүргүңөр келет! Билесиңби Кудайдын өкүмү бар экенин!
Мындайды укканда чындап жини келе түштү. Кийимине асылганы аз келгенсип сенсиреп турганын көр!
–Башты оорутпачы!
Бул да сенге өттү.
–Мен өзүм билем кандай кийиништи! Андан да мени тескейм десе күйөөм бар! Сен үйүңдөгү аялыңды бил!
–Күйөөң Кудайбы! Күйөөнүн эмес Кудайдын айтканын кылыш керек!
–Анан, сен Кудайсыңбы?! Же жүргүнчүлөрүңө акыл үйрөт деп Кудай кулагыңа шыбырап кеттиби?!
Машинанын ичи үч көтөрүлүп кеткендей болду. Буга чейинки үч эркектин талашы караандабай калды.
–Э-эй! Эне-ең!...
Машинеге арак сасып түшкөн кишинин мындай сөгүнүүсұ экөөнүн акыйнегин тып басты.
–Эй! Бирөөнүн катынына асылгыдай сен кимсиң?! Эне-ең!.. Машинеңди жөн айда! Болбосо токтот! Азыр жолдо таксистер толтура! Четинен тандап айдатып кетебиз! –деди ызырынып.
Айдоочу кызуу кишиден айбыктыбы, же өзүнүн туура эмес кылыгын моюндадыбы, ким билсин, айтор каяша айтпай тым болду.
Бир заматта болуп өткөн акыйнек көңүлүн оорутту. Таңында башталган кийимдин азабы бул жерден да уланганын көр. Кудайга тобо, адамдар не болуп баратабыз?! – деди ичинен капа болуп. Таксист айтмакчы кийимин чечип ыргытып жылаңач жүгүргүсү келип кетти. Адам менен Еванын сүрөтүн элестетип аргасыз жылмайды. Бир аз эле мурун арак сасыйт деп далысын салган адамга бурула карап:
–Ырахмат байке! –деп ыраазычылык билдире уялыңкы баш ийкеди.

25.11.2021

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *