Айзада Абазова

ayzada_abazova

1974-жылы 15-февралда Токтогул районунда туулган. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. "Асаба", "Замандаш", "Учкун» гезиттеринде кабарчы, "Кыргыз руху" гезитинде башкы редактор болуп иштеген. Акыркы учурда эмгектенген кызматы - "Пресс.кg" гезитинин башкы редакторлугу эле. Эки кыз, бир уулдун энеси Айзада Абазова ырларды, аңгемелерди, коомдук жана саясый курч макалаларды жазчу. 2010-жылы "Адашкан каркыра" аттуу жыйнагы чыккан.

2013-жылдын 2-январь күнү туулган жери Токтогулга бара жаткан жеринен жол кырсыгына кабылып, көз жумган.

 

Айзада Абазова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Айзада 

 

Кара сөз

Кичинекей үйдөгү чоң бакыт (аңгеме)

Таң чолпонум (аңгеме)

 

Ырлар

КОЗГОЛОҢЧУ СЕЗИМ

Эшикте калгым келбейт:
- Эшикте элиргендер эсепсиз каткырышкан.
Үйгө да баргым келбейт:
- Үйүмдү уу жыландар жай кылышкан.
Каякка барам? - Билбейм.
Каяктан табам? - Билбейм.
Эмнени издейм? - Билбейм.
Эмнени түздөйм? - Билбейм.
Билемин "Билбеймимди".
Эч нерсе билбейм, билбейм!
Кең дүйнөгө таштады эле - тар дедим,
Кызыл гүлдү сунушту эле - гүл эмес бул кан дедим.
Уурттабадым бал кошулган даамыңды,
Ууну сунса, кубанычтан жайнап көзүм, жан дедим.
Жанымды кыйнайм неге?
Жанчылып ыйлайм неге?
Башкалар кантип жашайт?
Башкача кылбайм неге?
Мен неге? Мага неге?
Мээмди көзөйт жебе...

 

ИЗДӨӨ

Көӊүлүм көчкөн эбак,
Көз нурум өчкөн эбак.
Антсе да чекем сылап:
«Баарынан жылдыздуусуӊ,
Баарынан сулуусуӊ» деп,
«Башкача мээримдүүсүӊ,
Башкача жылуусуӊ» деп.
Бар оюм таба турган,
Бапестеп ала турган.
«Кимсиӊ?» деп сурабастан,
Кирпиктен туя турган
Башкача зирек жанды,
Багыма жазар бекен,
Же андай жан табылбай,
Көӊүлүм азар бекен?
Көп түйшүк басар бекен?
Көөнөргөн көйнөгүмдү,
Дал-далдан тытар кезде,
Ызадан ыйга муунуп,
Ыплас жол тутар кезде:
«Тал чачың ыраа көрбөйм,
Тагдырдын жазасына.
Билем да тунуктугуӊ,
Билемин тазасыӊ да»
Деп актап бооруна алып,
Жүрөгүн ача турган.
Күбүлгөн бүрүм жыйнап,
Гүл кылып ала турган
Өзгөчө айкөл жандын
Өзүнө туш боломбу?
Же тагдыр кайчы өтүп,
Түӊүлтүп бүт мээримден,
Түбөлүк кыш боломбу?
Бар оюм таба турган, ЗИРЕК ЖАНЫМ,
Бапестеп ала турган, АЙКӨЛ ЖАНЫМ!
Барсыӊбы? – Же жоксуӊбу?
Курулай үмүтсүӊбү?
Барсыӊбы? – Же жоксуӊбу?

 

ЧАРЧОО

Мезгилдердин мээр-заарынан сүрүлүп,
Мен бутакта калып калган жалбырак.
Күрөшүүгө күч түгөндү, көӊүл жок,
Сокпо, шамал, араӊ турам алсырап.

Сокпо, шамал, өтүнөйүн сокпочу,
Опурталдуу оюнуӊа кошпочу.
Кошо чуркап жарышуучу ал кыз жок,
Койчу шамал, жүдөтпөчү, токточу.

Тийишпечи, оюн салып өтпөчү,
Сооротпочу, жүзүм сылап өппөчү.
Үмүттөрдөн үшүй берип жалкыдым,
Үйрөтпөчү кайра сезим көктөшүн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *