Ошто элечектердин көргөзмөсү өтүүдө
Ош шаарында элечектин көргөзмөсү өтүүдө. Ага түрдүү социалдык катмар, уруу жана аймактарга таандык элечектердин түрлөрү коюлду. "Элечек" долбоорунун жетекчиси Айдай Асанкулованын "Азаттыкка" айтымында, Кыргызстан, Кытай жана Тажикстанда жашаган кыргыз аялдарынын элечектеринин түрлөрү изилденип, алардын саны элүүгө жакын экени аныкталды.

Кыргыз элинин турмушунда аялдардын элечеги жарат таңууга, баланы ороого жана кепин катары да иштетүүгө колдонулган

Кыргыз элечегин ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктардын дүйнөлүк тизмесине киргизүүгө даярдык жүрүүдө

Аялдын элечеги аркылуу анын социалдык абалын аныктоого мүмкүн болгон. Мисалы, азалуу, келин, байбиче, жакыр же бай экенин аныкташкан.
Ыдырыс Исаков, “Азаттык”, 25.03.2015-ж.
Пикирлер