Он беш жолу улам кайра төрөлгөн Алыкул
Акын Алыкул Осмонов өмүрүнүн акыркы жылдарында жашаган Бишкектеги үйү 2001-жылы мурдагы ээсинен сатылып алынып, шаардын менчигине өткөрүлүп, анда акындын үй-музейи уюштурулган. Учурда бул үйдө акындын урунган буюмдары, тарыхый сүрөттөрү сакталуу. “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмеси быйыл, 2015-жылы Осмоновдун 100 жылдыгынын алкагында акындын Бишкектеги музейин чоңойтууну жана Чолпон-Атадагы үйүнө жакын жердеги эс алуу паркына анын ысымын берүү сунушутап жатат.
Алыкул Осмонов

Акындын өмүрү жана чыгармачылыгын изилдеп, илимий иликтөө ишин алгачкылардан болуп баштаган адабиятчы-окмуштуулар: Ш.Үмөталиев «Алыкул Осмонов» (1958-ж.), Р.Кыдырбаева «Алыкул Осмоновдун лирикасы» (1957-ж.), А.Садыков «Алыкул Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новаторлук» (1962-ж.) жана К.Кырбашев «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (1967-ж.).

А.Осмоновдун котормосундагы Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» чыгармасы 1940-жылдан 1982 -жылга чейин алты жолу басылып, эң мыкты котормо катары кабыл алынган.

Алыкул Осмонов замандаштары менен. Арткы катарда оңдон экинчи Касымкул Нанаев, отургандардын солдон экинчиси Кусейин Темирбеков. 1944-жыл.

Алыкул калемдештери менен.
Солдон: Н.Байтемиров, А.Осмонов, М.Догдуров, К.Маликов, Ясыр Шиваза, С.Шимеев, К.Кулиев.
1948-жыл.

Акын биринчи кызы Жыпар 15 күн жашап каза болгондон кийин ажырашып кеткен жубайы Зейнеп Сооронбаева.

Бул комузду үй-музейге Ысык-Көлдүн Кырчын айылынын жашоочусу Эсенбай Мамыркул уулу 2002-жылы белек кылган.

"Алыкул үй борборунун" жетекчиси, Алыкул изилдөөчү Памирбек Казыбаев акын жашаган үйдүн алдына "Алыкулдун ак өргөөсүн көтөрөлү, анда акын тууралуу электрондук материалдарды топтойбуз. Аны жаштарга тааныштырып туралы" -деген максаты бар экенин айтат. Тилекке каршы боз үйдүн курулушу башталып, бирок уланбай калган.
Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 23.03.2015-ж.
Пикирлер