Сулайман Рысбаев. «Таттуу үй»
Бекзаттын бир адаты бар. Колу бош боло калса эле ар түрдүү нерселерден үй сала баштайт. Үй салат да, «Мына бул менин үйүм» - деп жанындагыларга жарыя айта баштайт.
Бүгүн чай ичип отурсак, чакмак канттарды тизип алып тасмалдын четине үй куруп кирди.
- Ата, - деп мага көрсөттү ал, – көрдүңүзбү, булар – кирпичтер… Аппак кирпичтер бекен…
- Ооба…
- А булар болсо-шийпырлары…тактайлары…
Ошентип ал чакмак кант менен печеньелерден бат эле эки бөлмөлүү апакай там салып койду.
- Ата, мына бүттүм. Бул – менин үйүм…
- А-ий, Бекзат, сенин канттан салган үйүң жакшы үй болот го э? Канттай эле таттуу болот го… э? – дедим аны кубаттап.
- Ооба, - деди ал ойлонбой эле, –менин үйүм таттуу үй болот…
«Айтканың келсин, - дедим ичимден, Бекзатты саамайынан сылап, – сен да чоңоюп, өзүңө үй курасың. Үйүң таттуу үй болсун!».
Бекзат чакмак канттардан дагы да топтоп алып, баягы эки бөлмө үйүн чоңойто баштады…
Пикирлер