Энесайда калган бабалар изи
"Энесайлык кыргыздар” аталыштагы көргөзмө бүгүн Бишкектеги Тарых музейинде ачылды. Анда Орусиянын Минусинск шаарындагы аймак таануу музейиндеги Х-ХII кылымдарда Энесайдагы кыргыздар колдонгон буюм-тайымдар, курал-жарактар жана тарыхый экспонаттар коюлду. Иш-чара өлкөдө быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата уюштурулууда.
- Энесай кыргыздары Саян-Алтай аймактарында жашаган байыркы түрк тилдүү элдердин бири.
- Минусинск шаарындагы музейден алынган Кытай буюмдары. Илгертеден кыргыздар уйгурлар, кытайлар, арабдар менен соода алакысын түзүп келишкен.
- Жоокердин темир кийими жана жаанын, найзанын учуна тагылчу учтуу темирлер.
- Энесай кыргыздары VI–VIII кылымдарда өз мамлекетин түптөгөн.
- Кыргыз жоокерлеринин курал жарактары. Кылыч, бычак, канжар. VI-X – ХV-XVII кылымдарга таандык.
- Жер иштетүү шаймандары. VI-VII кылымдарга таандык. Тарых барактарында энесайлык кыргыздар мал баккан сырткары жер ишткени жазылып жүрөт.
- Ашканада колдонулуучу байыркы аспаптар. Бул жерден кашык, бычак жана эт бышырууга ылайыкталган буюмдарды көрүүгө болот.
- Кийимдерге кооздук үчүн тагылуучу топчулар. Тамекинин мүштөктөрү. VII- XVIII кылымдарга таандык.
- Атчан кишинин элеси түшүрүлгөн кийимга тагылуучу буюмдар.
- Аттын жасалгалары.
- Колго тагынуучу билерик.
- Кытай буюмдары.
- «Алтын-Көл» көлүнөн табылган таш.
- Энесай кыргыздары Саян-Алтай аймактарында жашаган байыркы түрк тилдүү элдердин бири.
- Тарыхчылар бул элди учурдагы кыргыз, хакас, алтайлыктар жана тувалыктардын бабасы катары санашат.
Көргөзмө 25-декабрга чейин уланат.
Токтосун Шамбетов, “Азаттык”, 01.11.2014-ж.
Пикирлер