Шаамерчемдин котормолору

Бул котормолордун автору «Азаттыктын» «Сөз таануу» шеринесинде Шаамерчем деген адабий ат менен белгилүү. Анын уруксаты менен айрым котормолорун сунуштап жатабыз.

 

Марина Цветаевадан

* * *

Идешь, на меня похожий,
Глаза устремляя вниз.
Я их опускала - тоже!
Прохожий, остановись!

Прочти - слепоты куриной
И маков набрав букет -
Что звали меня Мариной
И сколько мне было лет.

Не думай, что здесь - могила,
Что я появлюсь, грозя...
Я слишком сама любила
Смеяться, когда нельзя!

И кровь приливала к коже,
И кудри мои вились...
Я тоже была, прохожий!
Прохожий, остановись!

Сорви себе стебель дикий
И ягоду ему вслед:
Кладбищенской земляники
Крупнее и слаще нет.

Но только не стой угрюмо,
Главу опустив на грудь.
Легко обо мне подумай,
Легко обо мне забудь.

Как луч тебя освещает!
Ты весь в золотой пыли...
- И пусть тебя не смущает
Мой голос из-под земли.
Коктебель, 3 мая 1913

 

* * *

Көздөрүңдү албай жерден
Басканың маа окшоду.
Өзүм дагы ошентчү элем
О жолоочу, токточу!

Кызгалдактын десте тергин
Окучу анан бүшүркөп:
Мен “Марина” экендигим
“Балан жашка кирген...” - деп.

Кооптонбо көрүстөндөн,
Басат, - дебе, - басырык!
Күлгөндү мен жакшы көргөм,
Күлбөс жерде каткырып...

Кызыл жүздүү кыз болчумун
Көкүлдөрүм шок болчу...
Мен да болгом, о жолоочум!
О жолоочум, токточу!

Гүл - жапайы. Үз атайы,
Даамдап көр жемишин;
Көрүстөндүн кулпунайы
Эң ири да эң ширин

Тура бербе муңдуу бирок
Башың салып ыргала,
Мен жөнүндө бир аз ойлоп,
Унутуп кой жөн гана...

Күн шооласы ороп сени
Алтындаптыр, карачы!
- Жер астынан келген эми
доошума таң калбачы!...
Көктөбөл, 3-май, 1913-жыл.

 

 

Роберт Фроосттон (Robert Frost)

THE AIM WAS SONG

Before man to blow to right
The wind once blew itself untaught,
And did its loudest day and night
In any rough place where it caught.

Man came to tell it what was wrong:
It hadn’t found the place to blow;
It blew too hard — the aim was song.
And listen — how it ought to go!

He took a little in his mouth,
And held it long enough for north
To be converted into south,
And then by measure blew it forth.

By measure. It was word and note,
The wind the wind had meant to be -
A little through the lips and throat.
The aim was song — the wind could see.

 

ЫР ЖАНА ШАМАЛ

Адам демин ичине кере алды эле
Шамал демин озунуп бүрктү сыртка:
Жапан жел бүлүк салып теребелге
Аркырап жортту күн-түн ойдо, кырда.

Айтты Адам каталыгын Шамалга анда
“Пайдасыз коротулду албуут желиң.
Ичке дем алуудагы максат -ЫРДА
Эмесе тыңда ырдын эмне экенин...”

Деди да оозго бир аз демин жыйып
Далысы тосуп түндүк- Шамал жакты
Паанага - түштүк жакка жүзүн буруп
Ашыкпай өлчөм менен дем агытты...

Сөз кыналган бу керемет обон эле
(Эрин менен өңгөчтөн чыккан сызып
Шамалдын бир бүркүмү болсо деле.)
Түшүндү ыр максатын Шамал угуп...
 

A QUESTION

A voice said, Look me in the stars
And tell me truly, men of earth,
If all the soul-and-body scars
Were not too much to pay for birth.

 

СУРОО

Суроо салып жылдыздан мындай дешти:
“Жооп берчи, эй, Жердеги алыс адам-
Туулбай койгон деги жакшы эмеспи
Туулуп мынча азапка тушуккандан?”

 

 

THE PASTURE

I'm going out to clean the pasture spring;
I'll only stop to rake the leaves away
(And wait to watch the water clear, I may):
I sha'n't be gone long. - You come too.

I'm going out to fetch the little calf
That's standing by the mother. It's so young,
It totters when she licks it with her tongue.
I sha'n't be gone long. - You come too.

 

ЖАЙЛОО

Тазалап коёюнчу булак көзүн
чөп-чарды ширеп калган шилеп салып
(саамга тунуктуктан кубат алып).
Көпкө мен кармалбаймын. - Сен да келчи.

Кийирип коёюнчу торпокту да
болгондур энесин ээмп. Кечээ туулган,
жаласа кулай жаздап турат араң.
Көпкө мен кармалбаймын. - Сен да келчи.

 

A MINOR BIRD

I have wished a bird would fly away,
And not sing by my house all day;

Have clapped my hands at him from the door
When it seemed as if I could bear no more.

The fault must partly have been in me.
The bird was not to blame for his key.

And of course there must be something wrong
In wanting to silence any song.

 

АРМАНДУУ ЧЫМЧЫК

Үй жанында чымчык тынбай безелеп...
“Муң чакырбай учуп кетсе кана!..” деп.

Кол чапкылайм эшигимден ага улам-
Ый ширеген ырын чыдап угалбайм.

Муң чакырган, балким, - өзүм... А бирок
чымчык муңду менден көрөөр түрү жок.

Акырында улутунам ынанып:
Ыр жеримей - жосунсуз иш, бул анык...
 

Александр Пушкинден

Я ВАС ЛЮБИЛ...

Я вас любил: любовь ещё, быть может,
В душе моей угасла не совсем;
Но пусть она вас больше не тревожит;
Я не хочу печалить вас ничем.

Я вас любил безмолвно, безнадёжно;
То робостью, то ревностью томим;
Я вас любил так искренно, так нежно,
Как дай вам бог любимой быть другим.

 

СҮЙГӨМ СИЗДИ...

Сүйгөм сизди: сүйүүм балким, дагы эле
өчүп калбай, жүрөктө тур кызыл чок;
Бирок эми бүлүк салбайт ал сизге;
Эми сизди мен алагды кылгым жок.

Сүйгөм сизди арсар үмүт, ичимден;
Кээде сестенч, кээде кызганч басса да
чын берилип өзүңүздү сүйдү элем,
эми мендей сүйө алса экен башка да!..

 

ПАМЯТНИК

Я памятник себе воздвиг нерукотворный,
К нему не зарастёт народная тропа,
Вознёсся он выше непокорною главой
Выше Александрийского столпа,

Нет весь я не умру – душа в заветной лире
Мой прах переживёт – и тленья убежит
Славен буду я – доколе в подлунном мире
Жив будет хоть один пиит.

Слух обо мне пройдёт по всей Руси великой,
И назовёт меня всяк сущий в ней язык,
И гордый внук славян, и финн и ныне дикой
Тунгуз и друг степей калмык.

И долго буду тем любезен я народу,
Что чувства добрые я лирой пробуждал,
Что в мой жестокий век восславил я Свободу
И милость к падшим призывал.

Велению божию, о муза, будь послушна,
Обиды не страшась , не требуя венца,
Хвалу и клевету приемли равнодушно,
И не оспоривай глупца.

 

АЙКЕЛ

Тургуздум айкелимди - киши үзүлбөйт,
Колунан келбейт андай түк эч кимдин;
Бийиктиги – калпагың жерге түшөт,
Улуктугу- шоона эшпейт Искендериң...

Жок, өлбөйм эч, кан-жаным кооз ырда,
Житибейт да чирибейт эч арбагым .
Өчпөйт менин атагым калганда да
Жер үстүндө тикендей сыңар акын.

Дүңгүрөп улуу Орус кыйырлары,
Жаңырат менин ысмым не бир калкта;
Дымактуу славян уулу, финдер дагы,
Даңкташат жапан туңгуз, чөл калмак да.

Даңкташат узак жылдар ырларымды,
Ак пейил, аруу ойлор ойготконум,
Байкушка ырдан колум сунганымды,
Азаттык күүлөрүмдү катаал доордун.

Моюн сун, о ырпери, бу- тагдырың
Сөккөнгө калтаарыба, так талашпа,
Мактоого, жалаага да алынбагын,
Акмакка теңелбегин, араздашпа.
 

Анна Ахматовадан

СЕРОГЛАЗЫЙ КОРОЛЬ

Слава тебе, безысходная боль!
Умер вчера сероглазый король.

Вечер осенний был душен и ал,
Муж мой, вернувшись, спокойно сказал:

«Знаешь, с охоты его принесли,
Тело у старого дуба нашли.

Жаль королеву. Такой молодой!
За ночь одну она стала седой».

Трубку свою на камине нашел
И на работу ночную ушел.

Дочку мою я сейчас разбужу,
В серые глазки ее погляжу.

А за окном шелестят тополя:
«Нет на земле твоего короля...»
1910 год.

 

ЧЕКИР КӨЗ ШАА*

Кайран гана дабаасыз арманым-аа!..
Кечээ набыт болуптур чекир көз шаа.

Күздүн кызгылт кечи эле тер жыттуу, үп
Күйөөм минтти тек гана үйгө келип:

“Ууда жүргөн жеринен апкелишти
Картаң дубдун түбүнөн таап келишти...

Шаа жаш болчу. Каныша байкуш-ай-е!
Чачы агарып кетти дейт, бир түндө эле...”

Чылымын очок жактан тапты дагы
Кайрадан түнкү ишине кетип калды.

А мен эми кызымды ойготоюн,
Анын чекир көзүн тиктеп ойнотоюн.

Терезеден шуулдап теректер маа
Термелишет: “ Жашооңдо жок эми шаа!.."

* Күл түстүү бозгуч каректин фонунда (айдыңында?) чечекей абдан даана ЧЕКИТ болуп,“баса белгиленип” кишинин көңүлүн дароо өзүнө бурат... Балким “ЧЕКИР” деген “ЧЕГҮҮ” этишине байланыштуудур. Түштүк говорлорунда (мисалы Сарыкол кыргыздарында) мунун “ЧЕКИЛ” варианты да иштетилет. Кыргызда, дегеле борбор азиялыктарда мындай көздүүлөр сейрек учурайт. Мындай көздөр өзгөчө европалыктарга мүнөздүү экени белгилүү. Чыгармадан аңгыл-сак(..? англо-саксон) фольклорунун серпини байкалат, балким ал кайсы бир европалык уламыштын таасири астында жазылгандыр.

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *