"Кыргызча сайттар каталогу" жаңыланды

kgsayttar

Блог ачып иштеткенди үйрөнгөндөн баштап кыргыз тилиндеги сайттардын топтомун тузүүгө аракет кыла батагам. Акыркысын ucoz.ru сайт ачуу системасында өткөн жылы кылдым. Аталышы: "Кыргызча сайттар каталогу".

Баш аягы болуп 500гө жакын кыргызча сайттар тууралуу маалыматтарды топтогонго жетиштим. Көптөн бери колум жетпей турду эле, бүгүн жаңыларын коштум. Бүгүнкү күнгө көрсөткүч:

541 сайт.

Мен өзүм жалгыз мынчалык сайт тууралуу маалыматтарды топтой албайт элем. "Кыргызча сайттар каталогунун" күйөрмандарынын жардамы чоң болду. Муну үчүн аларга Чоң ыраазычылыгымды билдирем. Сиздерди да биздин каталогдо жок сайттарды билсеңиздер биз менен бөлүшүүгө чакырам. Биригип, эң толук, маалыматтуу Кыргызча сайттар каталогун түзөлү. Сунушуңарды аталган сайттын Конок китебинде калтыра аласыздар.

 

 

Вам может также понравиться...

комментариев 5

  1. chyngyz:

    Дагы сайттарды киргизесизби?

    • kmb3:

      Арыбагыла.

      Киргизем. Бир гана бош убакытымдын тартыштыгына байланыштуу бул иш азырынча токтоп турат. Жакында жандандырам сайтты.

  2. Кыргызстандагы эн жаны жанылыктар. Чабарман.kg
    chabarman.kg/

  3. кыргызча куттуктоолор,ыр саптарды кайдан тапсам болот?

  4. Тема: Баатырлар акыйкат үчүн кыргыз элине кайрылат!
    Урматтуу кыргыз жеринде жашаган, кайдыгер карабаган мекендештер
    жалпы элибизге жарыя кылган маалымат тараткан журналистер, жалпыга кайрылып калыстыкты билгибиз келди, кайдыгер карабай, сынабай, сунуш айтып баа берсеңиздер. Бүл туралуу биз айтпасак, сиздер айтпасаңыздар, кантип оңолуп, жашообузда туура жол тандайбыз?
    Учурда бийлик бутактарындагы Аламедин рай сотунун судьясы
    Турдуманбетова Индира Таштанбековна соттук чечими чыгарган ГД-847-21-ч-1. 2021.14.06
                Маданият Маалымат спорт жана жаштар саясатынын министирлиги , министирдин орун басары Балташев Ильяз Алтынбековичтин президентке берген жообу k-7530  05.11.2021- жылдын бийлик бутактарынын жооптору. Жогорудагы бийлик бутактарынын жообу- президентке, өкмөт үйүнө кадыр -барк алып берет деп эч бир жаран кепилдик бере албас.
    Борборубуз Бишкекке жакын жердеги Таш-Дөбө айылында Ата-Бейит Улуттук
    Тарыхый Мемориал комплексинде 1916-1930-2010- жылдардагы мекенчил, ар намыстуу эр азаматтардын, аталардын, апалардын шейит жайы, Айтматов Чынгыз Төрөкуловичтин күмбөзү жайгашкан. Ата-Бейит чарба иштеринин жумушчулары айлана чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылат. Ата-Бейит чарба иштеринин директору Турсунбекова Гүлнара Шаабековнанын ишмердүүлүгү жалпы жумушчуларды нааразы кылды, 3.5 миллион сомдук даараткана салынган, ал иштебейт. 9 миллион сомго суу тартып келген, суу жок, бардык нерсе куурай баштады. Роза Айтматова демөөрчү таап, Апрелскийге даараткана салдырган, салынып бүтөрү менен кайра бузуп, кирпичтеринен директор өзүнүн  үйүнө сарай салып алды. Чарба иштерин жөнгө сала албаган директор Турсунбекованын кылык жоругун, жалпы Ата- Бейит чарба иштеринин жумушчулары айтып баштадык. 2020-жылы 31-декабрда директор Турсунбекова Г.Ш эмгек келишимдин мөөнөтү бүттү деген шылтоо менен төрт жумушчуну иштен кетирди, эмгек келишими жок болчу. Жумушчуларды эмгек келишими жөк эле, буйрук менен ишке алган. Ата-Бейитте жумушчулардын айлыгы 3900сом, жумушчулар жетишпейт.
    Эмгек келишимине шылтоолоп кетирген төрт жумушчулар сотко
    кайрылып бүгүнкү күнгө чейин соттошуп журөбүз. Шыпыргыч жумушчулар менен соттошкон директор Кыргыз тарыхында болгон эмес. Турсунбекова Г.Ш Ата-Бейит чарба иштерин жөнгө сала албагындыгынан 2018-жылы Ата-Бейит үчүн алынган жаңы трактордун гос номери бүгүнкү күнгө чейин жок, номери жок трактор Ата-Бейит үчүн кызмат кылбай, айылдардагы ар кимдин жерин айдап, чөбүн чаап, жумушун жасап, тоголонуп-токтоп туруп калды. Чарба иштериндеги иштеген жумушчулардын  колунда колкап жок, кышында каар күрөгөндө биздин үшүгөн колубузду көрүп колкап алып берген жөнөкөй, адамгерчиликтүү жарандарыбыз бар экен. Учурда барчылыктын- токчулуктун заманы экен, муну түшүнгөн Ата-Бейит чарба иштеринин жумушчу жааматы көйгөйдү айтып, президентке, өкмөт үйүнө, министирлике далай жолу кайрылдык. Министир Иманалиев Кайрат Олжубаевич маселе чечилет деп убада берген.
                  Ата-Бейит чарба иштеринин директору Турсунбекова Г.Ш мактанып жүрөт, “мен баарын акча менен чечип коёмун”, айтканындай эле шыпыргычтар менен соттошкон директорду коргоп, сот жана министирлик Турсунбековага чаң жугузбай, калкалап келет. Баатыр Эне жана Апрель Баатыры болушкан жумушчуларды калкалаган мыйзам бар бекен?
              Жакында Чүй областтык сотунда, шыпыргыч баатырлар менен Ата-Бейит директору  Турсунбекова сот залынан жолугабыз. Бийлик бутактары калыс карап, чечерине ишенбей деле калдык. Баатырларга кылган бийлик бутактарынын мамилеси ушул болсо, карапайым эл көчөдө эле калат турбайбы. Мамлекеттик жактоочу, акыйкатчы, омбудусменттин юристи Аламедин район сотуна катышкан сот учурунда көз көрүнө, 3.5 миллион сомго даараткана салдырган директор тарапка тартып койду.
    Коомчулуктун оюн, калыстык көз карашын билем, карапайым
    жумушчуларды уга турган бир гана Кудай бар экен, ушуга шүгүр кылалы. Кагылайын калыс кыргыз элим үмүтүбүздү үзөлүбү, же күтөлүбү...?
            Кайдыгер карабай, коомчулук сунуш- пикириңиздерди жазып, оюңуздарды айтсаңыздар, сиздердин оюңуздарга мукташбыз...
     
     
     
    Баатыр Эне- Даакиева Г.К уб:0709-71-07-14
    Апрель Баатыры- Дуулатбаев Б.Ж үб:0703-77-33-50
     

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *