"Курманжан датка" тартылып бүттү

kurmanjan12

Толук метраждуу, эки сериялуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильмин "Айтышфильм" студиясы, "Кыргызфильм" студиясы менен биргеликте тартып бүтүрдү. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго баш-аягы 70 миллион сомго жакын каражат кетти. Фильм Алай, Ош, Ысык-Көл, Чүй аймактарынын эң кооз жерлеринде тартылган. Режиссеру - Садык Шер-Нияз. Башкы оператору - Мурат Алиев. Композитору - Бакыт Алишеров. Башкы ролдорго: Эл артисттери - Назира Мамбетова, Жамал Сейдакматова, жаш артисттер - Элина Абай кызы, Азиз Мурадилаев, Мирлан Абдуллаев, жана башкалар тартылды. Массовкалары менен беш жүздөн ашык адам катышкан тарыхый тасма, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтүлөт.

"Кырчылдашып чабышып, найзанын учу кагышып... "  Капчыгай ичиндеги кан кармаш. Алай.

"Кырчылдашып чабышып, найзанын учу кагышып... " Капчыгай ичиндеги кан кармаш. Алай.

Эс алуу маалында элдин баары аралаш.

Эс алуу маалында элдин баары аралаш.

Сүрөттөрдү толугу менен бул жерден көрсөңөр болот.

Алтынай Темирова, «Азаттык», 21.05.2014-ж.

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *