Рахат Аманова

r_amanova6

Ырлар

* * *

Сынган айнек сыяктанып, чачырап,
Бырчаланып, талкаланган кыялдар!
Сыныктары жан дүйнөмдү сайгылап,
Жарадармын, жарадармын караңгал!...

Кыялдарым, билем, билем өчүң бар!
Ээрчибеген силерди бар жазыгым...
Келип азыр кетпес менден кегиң ал!
Келип турат, ичим күйүп, жашыгым!..

Же болбосом, боор ачысаң Үмүт бер?!...
Шамчырак бол, карангыда Жол көрсөт!
Жарык болуп, Жарык берип күйүп кел!
Жан дүйнөмдү Көктөм Жазга бөлөп кет?!...
03.04.2014. Ош шары

 

ТҮШ КӨРДҮМ...

Түш көрдүм...,түндө,
Төбөмдө Күн шооласын
Төгүп турган,
Аягымда Ай тууган...
Ак маржан, ак берметтей,
Асмандын бетин бербей,
Жылдыздар жымыңдаган.
Ай-аалам аруулукка,
Апакай нурга тунган,
Айланам гүлгө оронуп,
Атыр жыт аңкып турган!.
Ажайып айтып бүткүс,
Керемет сырдуу төрдө,
Көз жоосун алган Көлгө,
Көзүм түштү,
Бой таштап кучагына,
Сүздүм жыргап...
Күлмүңдөйм аппак таңга,
Көргөнүм өңбү,түшпү?...
Култ этип кирип кеттим жуурканыма,
Ээхх, мынча сонун!
Ойгонгум келбей койду...
2.04.2014

 

КӨҢҮЛ ЧӨККӨНДӨ

Негедир бардыгынан тажап турам!
Негедир ушунчалык чарчап турам!
Сүйлөшүп, сырдашууга дарманым жок,
Сен гана түшүнөсүң жакын адам.

Көөдөнүм боштук ээлеп, көңүлүм суз,
Көңүлсүз карайм баарын, жүрөгүм муз,
Кайдыгер карап жатам бир чекитти,
Какшыган чөлмүн азыр тамчы суусуз...

Жүзүмдө жылуулук жок басып барам,
Жүрөмүн азыр эптеп илең-салаң...
Көрмөксөн болуп койчу, суранамын,
Көчөдөн көруп калсаң тааныш адам...
2012 жыл, Москва ш.

 

* * *

Мөңгү алдында мөлтүр булак сыяктуу,
Тунук элем эч ким көрүп билбеген.
Аккан сайын андан ары арылап,
Айландым мен агын сууга кирдеген...
1992—жыл, Бишкек

 

САГА БАРАМ

Билбейм неге,бирок кээде,
канат байлап, каалгый учуп,
Сен тарапка баргым келет,
унчукпастан,үндөбөстөн
жытың искеп,
демиң сезип,
кучагыңдан кубат алып
тургум келет.
Олтурсаң ойго батып,
колум кармап,
тизеңе башым коюп
жаткым келет,
сыласаң кумуш чачым
ичтен аяп,
сызылып тамчы жашым
мөлт деп кулап...

Билбейм неге, бирок кээде,
бак түбүндө
агып аткан бул дүйнөнүн
мукам күүсүн бирдей
сезип тургум келет
Сени менен.
Ошол ирмем
дүйнө саамга тык деп
токтоп мемиреген,
карегиме чөгөрүп алгым келет
Сени менен.

Билбейм неге, бирок кээде,
бул дүйнөнүн ызы-чуулу,
түркүн-түрдүү добушунан,
атым атап
Сен чакырган
сыйкыр үндү шоокумунан
сезип-туям,
селт деп карайм,
үн чыгарбай
көөдөнүңөн шыбыраган,
үнүң угуп,
Ай-ааламда каалгый учуп,
Көктө сүзүп,
Сага барам...
2012-жыл, Москва

 

* * *

Талаанын Гүлү сымак эркин өскөн,
Таажысын Күндүн нуру сылап өпкөн,
Таң нуру шооласына аруулантып,
Табийгат эркелетип мээрим төккөн,
Татына Гүл кыялы таазим кылып,
Таалайын тилеп туруу улуу Көктөн...
04.08.2013, Бишкек

 

* * *

Мөлт этип көздөн жаш тамат,
Мөлтүрөп турган жаш курак,
Мөмөсүн таткан сүйүүнүн,
Мөймөлдүн көзү мөл булак.

Сүйүүгө мас жаш курак,
Сүйгөнүн эстеп жаш кулап,
Суйкайган назик бото көз,
Сүт эмген бала жыттанат.

 

МОСКВА, КӨЗ ЖАШЫМА ИШЕНБЕГИН

Москва, көз жашымды аарчыбагын,
Билесиң кыргыз кыздын тайкы багын.
Сүрүлгөн мекенинен тыйын үчүн,
Сүргүндү өтөп жүргөн кайран чагым.

Сүйкүмсүз кызы болом мекенимдин,
Сүргүнгү айдаса да сүйөм!-деймин.
Сүтү агып эмчегимдин балам таштап,
Сууга саап тентип кеткен энекемин.

Энеке эстеп мени кейибегин,
Эси жок кызың болдум, мен кантейин.
Сүтүңдү актай албай, кечир, Апа!
Сүргүндө тыйын издеп жер кезидим.

Москва, көз жашыма ишенбегин,
Мен азыр ок өтпөстөй көк мелтеймин.
Мекеним сага ыргытып таштап койгон,
Киндигин өзү кескен жетимдеймин...
2012жыл, Москва

 

ЖАШТЫГЫМ САГА

Жаштыгым - жашыл колум жыргап сүзгөн,
Жашыл бак, гүлзарында ойноп күлгөм
Шынаарлап, шыңгыр күлүп, айлуу түндө
Шыбырап сүйгөнүмө наз төгүлгөн.

Шурудай, жаштыгым ай, мөлтүрөгөн,
Шуудурап агып түштүң тизмегинен,
Чамам жок кармап калаар, өпкүлөймүн,
Чачырап жерге түшкөн берметинен.

Үнөмдөп, бөксө калган чөйчөгүнөн,
Уурданып, ууртайм калган кешигинен.
Кайрылып сага барсам атаганат,
Кана ичип албайт белем шербетинен.

Кош айтып кол булгалап тээ алыстан,
Коңгуроо үнүн барат угулбастан.
Кайыр деп айткым келбей жаштык сага,
Каректен жашым төгөм кыя албастан.

Мейли эми, айла канча мезгил утту,
Мөлтүр кез, мөлмөл курак колдон учту.
Жарк эткен жаш сезимдер сырым болуп,
Жазымдан элес калды ырахаттуу.

 

СОПУ-КОРГОН

Алайдын ордосундай Сопу-Коргон,
Аска-тооң арча черге оронбогон.
Жылаңач тоолорунда касиет-сыр бар,
Жараткан бата берип ыроолгон.

Кышы суук, жайы салкын Сопу-Коргон,
Күн тиет айылыма Беш-Колоттон.
Түндөсү түркүн жылдыз бадырайса,
Коргондой болосуң сен телескоптон.

Ташкыны дайрасындай, дили булак,
Тоолуктар жердеп келген Сопу-Коргон.
Тоо ылдый шылдыр аккан Мазар-булак,
Тамчыбыз тосуп алат босогодон.

Касиеттүү карыядай Сопу-Коргон,
Калдайып, ак калпакчан бийик тоодон.
Калаалап, узак кеткен уул-кыздарын,
Карайсың күндө күтүп узак жолдон…
2012-жыл

 

МОСКВАГА КЕЛГЕНДЕ

Суналган Москванын суз асманы,
Сумсайып сүрү кача тосуп алды.
Буулуга карап турам булуттарын,
Билинбейт Күн чыкканы же батканы.

Аман-соо жерге конгон учагымдан,
Айласыз кадам шилтеп түшүп барам,
Аңкая саамга тиктеп боз асманды,
Ала-Тоо эстеп сени ыйлап турам...

Эчкире ыйлай жаздап араң туруум,
Эстесем Ала-Тоонун жылуу койнун.
Көксөймүн көчөлөрүн кыргыз жыттуу,
Кең пейил Бишкегимдин, карт Ошумдун.

Айланып-тегеренген атам-апам,
Алтындай балдарым бар апалаган.
Алыста турам азыр зарылып мен,
Алайым, Сопу-Коргон айылымдан.

Сумсайган көчөсүндө Москванын,
Сумкамды араң сүйрөп келатамын.
Сулуусуң, балким, сен да орус шаары,
Сүйбөдүм, бирок сени сүйалбадым.

Чайыттай көк асманы көмкөрүлгөн,
Чачырап Күн тийгенде нур төгүлгөн.
Ак карлуу, аяз кышы ашкан сулуу,
Ала-Тоом, Кыргыз жергем мен төрөлгөн.
06.01.2013, Москва

 

МОСКВАНЫН БАТИРИ

Жүрөктү зыркыраткан жүдөө үйлөр,
Жүдөтүп жан-дүйнөмдү жеп бүттүңөр!
Жүйүртө ууру мышык өңдуу басып,
Жүргөнгө, сүйлөгөнгө үйрөттүңөр.

Бөтөн жыт, бытыраган орус батир,
Бурчум бар тууралыгы чарчы метр.
"Бул жер саа Кыргызстан эмес!"- дешип,
Бут аттап кирсем айтат кожейкелер.

Капкайда батир үйлөр көзүм көрдү,
Колхоздун бригадасы жүргөн өңдүү.
Кары-жаш, чочун бүлөө чогуу жатат,
Кайран жан айласыздан чыдап көндү.

Каткырып катуу басып көнгөн жаным,
Тарсылдап, тамашаны сүйгөн жаным.
Капаста туткун өңдүү туталанып,
Кашайып кетчү болдум барган сайын.

Бир гана жооткотор көңүлүмдү,
Бир сыйра көз жүгүртсөм батир үйдү.
Бир тууган болуп калган кыргыздарым,
Бул жакка тентип келген өзүм өңдүү...

Капшытын карап жатып чочун үйдүн,
Кападар ыйын туям жүрөгүмдүн,
Уядай жылуу койнун, жытын эңсейм,
Өз үйүм, өлөн төшөк түнөгүмдүн.
2012-жыл, Москва шаары

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *