Кытайдагы кыргыздардын тарыхы жөнүндө (Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна болгон илимий сапар)

(уландысы)

Ак-Тоо ооданына  сапар

Ак-Тоо ооданында (райондун аймагында) 200 000 жакын калк жашайт. Анын ичинен кыргыздардын жалпы саны 40 000 адамды түзөт. Негизинен  ичкиликтер: кыпчак, тейит, найман, кесек деген уруулар тарыхый шартта отурукташып калышкан. Кыргыздардын көпчүлүгү Алайлык жана Памирлик элдердин диалектисинде сүйлөшөт.  Оодандын 94% жерин Памир тоолору ээлейт. Кыргыздар тоолордо малчылык менен алп урушат… Көпчүлүк кыргыздар уйгурлашып кеткени билинип турат, айрыкча Кашгар шаарынын тегеретесинде жашагандарга уйгурлардын таасири чоң. Ооданда  13 айыл өкмөтү болсо анын 6сын кыргыз айылдары ээлейт, оодандын аймагынжа бир тажик айылы жана калганы уйгур айылдары жайгашкан.

Кыргыздар жашаган айылдар: Кызыл-Тоо, Булуң-Көл, Можу (Кара- Көл), Ужмо(тыт), Ой-Тоо жана Чарлын деген айылдар кыргыз айылдары болуп эсептелет.

Алыстан атагын угуп «ичкиликтердин санжырасын тарыхый негизде жакшы териштирип бере турган адам бар» - деген маалымат алган соң, уйку качып Ак-Тоону көздөй шашылдым. Оодандын  борбору Ак- Тоо шаары Артуштан 110 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаарда 60 000 ашык адам жашайт.

Оодандын  маданият бөлүмүн тейлеген адиси Тургамбай Кадыр (сүрөттө) аттуу жигит  жылуу кучак менен тосуп алды. Оодандык  райондук  маданият  бөлүмүн башкарат. Биз жолугушканда түз эле оодандын акимине тааныштырууну көздөп дароо эле ага телефон чалды. Менин келген максатымды жакшы тилге салып түшүндүрүп берди. Тилекке каршы аким абдан иш менен алек экендигин, ички кытай өкмөтү тарабынан өкмөттүк даражадагы адамдар келип ооданды текшерип жүргөндүгүн билдирди. Телефондон учурашып менден кечирим сурады. Акимдин тапшырмасы боюнча  бизди Тургамбай  такай узатып жүрмөй болду.

Түшкү тамакты Тургамбайдын үйүнөн ичтик (Тургамбайдын үй-бүлөөсү менен бирге)

Ошол убакта Тургамбай ооданда өткөрүлө турган маданий иш пландарын айтып берди… Быйыл Ак-Тоо ооданы  «Манас» эпосунун тегерегинде чоң жыйын өткөрөт экен. Илимий конференцияда көптөгөн Манас изилдөөчүлөр докладдарын окуп чыгышат. Жыйынга Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн  коноктор чакырылышат. Мааракенин мазмуну:
1.Эл аралык «Манас» саякат байрамы
2. Экинчи иреттик олон айтуу жарышы
3. IV -иреттик Шинжан фотосаякат байрамы
4. Кытайдагы эпостор: Жангир, Гисар жана Манас эпостору боюнча илимий талкуу жыйыны,
5.«Муз-Тоо этегинен келген мейман» аттуу кинофильмдин тартылышы жөнүндө (7700м бийиктикте)  талкуу.

Азыркы учурда  эл аралык жыйынга чоң даярдык көрүлүп жатыптыр. Буюрса биздин өкмөттөн дагы делегация барып катышышы ыктымал…

Андан соң Тургамбай мени туз эле Турдакун аксакал жашаган үйгө алып келди. Турдакун Гайыпназар  акын, дастан айтуучу, санжырачы  Ак-Тоо ооданынын борборунда жашайт. Төмөнкүдөй чыгармалары менен элге белгилүү инсан:
1. Махтум сулуу – элдик дастан, 1991
2. Эр мун – эстелик таш, 1992
3.  Алаш хан – тарыхый дастан,
4. Тоо кайрыктары  - ырлар жыйнагы,
5. Сайрап өткөн Сандыгач

Сулуусунан келген илгерки нукура ак сөөк кыргыздардын каны бетинде ойногон, салабаттуу, бойлуу, ак жуумал тарткан келишкен аксакал кабыл алды.

Турдакун аксакал менен

Мен барганда катуу ооруга чалдыгып төшөктө жаткан экен (сүрөттө). Маектешүүгө шайы жок, араң эле оозун кыбыратууга жарады. Менин келген максатымды, кыргыздардын тарыхын, санжырасын жыйнап жүргөнүмдү угуп, жузуно нур кирип абдан кубанды. Келгеним үчүн алкышын айтты, төшөкто жатса да бирге сүрөткө түшүүгө макул болду. Балдары катуу коноктогусу келишип, көпкө чейин кетирбей коюшту эле, аксакалдын ал-акыбалын көрүп туруп, үй-бүлөсүн убара кылгыбыз келген жок. Тезирээк сакайып кетишин каалап, жолубузду андан ары уланттык…

Сөздөн сөз чыгып отуруп «ушунча келгенге жараша Бостон-Терек айлынын жанындагы «Курманбектин сепили» деп аталган тарыхый жерге барып кетиңиз», деген сунуш киргизишти ак тоолуктар. Ал айыл Кашгардан Пакистанга кетчү чоң трассанын боюнда орун алган. Ал сунушка дароо эле макул болдум да,  такси кармап «Маржан Кумга" жөнөп калдым.

Курманбектин атасы Тейит хандын сепилинин орду Чалма Арыктын сайында, сел уруп кеткен жерде урандысы калган түздөк жер экен, кумдары күнгө чагылышып мончоктой жылтылдап турат. Ошондон улам фарси тилинде «Маржан Кум» же кыргызча «Мончок Кум» деген ат менен элге белгилүү экен.

«Маржан Кум» - шаар урандысы жөнүндө

"Маржан-Кум" шаар урандысында

Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономдук областынын Ак-Тоо жана Улуу Чат оодандарынын чектешинде жайгашкан «Маржан Кум» - шаар урандысы  орто кылымдагы кыргыздардын тарыхы жөнүндө далал деген материалдык мурас катары Бостон-Терек айлынын жанында сакталып турат. Шаардын калдыгы Кез дайрасынын батыш жагында качандыр бир замандарда курулган «Көк Арт» шаарынын калдыгы деп эсептелет. Ал шаардын урандысынан көп алыс эмес жерде жайгашкан шаардын ички сепили - Курманбектин атасы Тейит хандын сепили  деген тарыхый маалымат бар. Чын хандыгы доорунда ушул журтту мекендеген кыпчактын баатыры Курманбек далай жоого каршы аттанган жер, - деп санжырада айтылат.

Кытайдагы белгилүү тарыхчы Анвар Байтурдун изилдоосунун негизиндеги маалыматта  бул  жерди Курманбек баатыр 1644-1710 жылдарда мекендеп турган жана ошол учур Кытай тарыхындагы Миң-Чын падышачылыгынын  доорлоруна туш келет,  - деп жазылган. Бугунку кундо урандынын сакталышы Кытай окмотунун колдоосуна муктаж, себеби тарыхый эстеликтин урандысы катары эл арасында кенири белгилуу жер.

Куманбек Баатыр мунгулдар (монголдор) менен салгылашып отуруп азыркы СУАРдын Ак-Суу аймагындагы Уч турпан ооданынан откозо кууган. Кийин Ак Чийдеги Учта душмандан коргонуу учун жоокерлерге чеп курдурган. Ал жер азыр да «Курманбектин сепили» – деген ат менен элге белгилүү. Байыркы дубалдардын изи калган жер - Ак-Чийдин башындагы «Үч» деген тоонун урчугунда жайгашкан тарыхый эстеликтин–чептин калдыгы бүгүн да сакталып турат.

Мен күтпөгөн жаңылык

Турсун Ыбрайым, Хотен аймагынын тургуну Жоо манасчы – өзүнө таандык стиль менен айтат, санжырачы, айыл аксакалы.

Ак-Тоодон Кашгарга кайтып келип шаардагы кыргыздар менен жолугушуу учурунда, Улуу Чат ооданынын карамагындагы Бостон терек айлынан мага төмөндөгүдөй билдирүү жазашты. Кашгардан 700 км ашык аралыкта жашаган кыргыздардын өкүлү Турсун Ыбрайым биз менен жолугушууну каалайт, ал киши атайын көрүшмөк үчүн, үй-бүлөөсү  жана туугандары менен «Жулук башы» деген айылдан  Кашгарга чыкты деген кабар уккан соң, аларды күтүп Кашгарга мейманканадан орундук алып жолугушууга даярданып калдык.  2012 жылдын 4 май күнү караңгы кечке жакын бир машинеге төрт адам менен Турсун ага келип калды. Учурашып, ал ахывалды сурашкан соң ал киши төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Бүгүнкү күндө СУАР, Хотен аймагына караштуу Гума ооданынын составына кирген «Кең Кыр кыргыз улуттук айлы» бар экен. Айылдын элинин саны 1100-1200 жандан турат. Айылдын эли негизинен катаал замандарда падышалык Россиянын аскерлеринен качып келип ушул аймакта  отурукташып калганы маалим болду. Алардын алыска жер которуштуруп кеткен тарыхы өзүнчө кеңири окуя… Ал жердеги кыргыздар  аска тоолуу капчыгайларда ар кайсы кокту колоттордо  таралып жайгашкан. Себеби малдын багылышына жараша ынгайлаштырылып тарашканы көрүнүп турат.  Кең Кыр жайлоосу айрыкча топозго жана эчки бакканга ылайык тоолуу аймак экен. «Сары Кыя»  деп аталган кыштоо жеринде 350гө жакын адам отурукташкан жана ал жерде «Кең Кыр кыргыз айыл өкмөтү» жайгашкан. Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Надыр аттуу жигит иштейт. Катаал замандарды баштарынан өткөргөн  кичинекей айылдын элинин тагдыры азыр да кыйын абалда экендиги билинип  турат. Азыркы учурда Кытай өкмөтү айылга өзгөчө жакшы мамиле жазап, үйлөрдү куруп берип социалдык абалдарын жакшыртууга толугу менен кам көргөн. Ошентсе да бул элдер Индия менен болгон тоолуу жердеги чек аранын жанында отурукташкандан кийин чек ара кайтаруучулар катары жергиликтүү элге болгон өкмөттүн талабы өзгөчө жана катуу тартип өкүм сүрөт экен. Чет жактарга чыгуу мүмкүнчүлүгү бир топ кыйынчылыкты туудурат - дешет жергиликтүү элдер. Айыл ичинде табигый өнүгүүнүн жолу эң жөнөкөй. Сырттан  башка кан кошулбайт, айылдын шартында  ич ара кыз алып, кыз беришүү аркылуу элдин саны чечилет экен. «Кийинки убактарда кыз жетишпей ич ара кыйналып жатабыз, ичкери тарапка балдарыбызды жиберип үйлөнүп келүүсүн каалайбыз» - дешет. Айланасында уйгур жана хансу тилдеринин үстөмдүк кылуусуна карабастан кыргызча сүйлөшкөнгө аракет кылышат, бирок жыл өткөн сайын тилди сактап калуу кыйындашып бара жаткандыгын айтышты.  Кыргызстандан ушул кезге чейин эч ким кызыгып бара элек дейт, бир гана  тарыхчы, окумуштуу Аблабек Асанканов  алыстан көрүшүп кеткенин учкай кеп кылышты…

Турсун аке кыргыз тилинин байлыгын сактаганга аракет кылган, жоо жомокчу, Манасты Барпынын стилине салып ырдап келип токтоп, кара сөзгө өтүп түшүндүрмө берип келип окуяны кайра ыр менен айткан  Манасчы катары айылына таанымал талант экен. Айылдын балдары мектепте окубасын, Кыргызстанга жиберип окуткусу келишээрин билдирди.

Төлөк Төрөкан – белгилүү санжырачы, тарыхчы.

Табышмактуу сакталып калган байыркы китептерден которуп жыйнап кыргыздардын эң байыркы жана байыркы тарыхын саймердилеп айтып жаздырган куйма кулак санжырачы. Төлөк аксакал тарых  жыйноочу катары да жалпы журтка белгилүү инсан.

Төлөк аксакалдын авторлугу астында жарык көргөн  «Санжыра» 04.1996  аттуу китеп эки бөлүктөн турат:
- Кыргыз улутунун келип чыгышы
- Кыргыз элинин хандык доорлору.

Китептин экинчи бөлүгү 23 темадан турат:
1. Акылбектин ал-жайы
2. Жада таш урушу
3. Калач хан доору
4. Куунун башы Камбаркан
5. Алалыктын азабы
6. Арстандар доору
7. Кыз калыны
8. Жеке сайышуу
9. Хан чарышы
10. Кайра эстөө
11. Хан тою
12. Кара Тажаал окуясы
13. Урумхандын бала асырап алышы, Алихандын элин коргоп калышы
14. Салихандын чоң союлу менен чабышы
15.Ханга чоро коюу
16.Тейитхандын арманы
17.Таш Кулактын жооттор менен бирлеши жана кыргыздарга дүмөк салышы
18. Алача хан менен Карача хандын чырлашы
19. Ал жетпесе акыл тап
20. Нооруз майрамынын келип чыгышы
21. Ботой
22. Хан зарлык
23. Бурулуш доору

Жакында Үрүмчу шаарындагы  Шинжан эл басмасынан жарык көргөн «Көөнө кыргыздардын тарыхы» - History Story of Kirghiz nationality аттуу көлөмдүү китебинин бир нускасын мага көрсөтүштү. Китептин мазмуну негизинен 1430 жылдарда Бухарадан фарси тилинен басылып чыккан « Кыргызия - түгөнбөс зар заман» аттуу эбегейсиз чоң китептин сериясынан алынып жазылган…

Кыргыздын эң байыркы тарыхы Милладиден (биздин заманга чейин) мурунку 5600 жылдарга таандык 130 уруудан башталат. Алаш хандын алты уулунан 60 уруу кыргыз тарайт, Жедигердин 7 уулунан 70 уруу кыргыз тарайт деп айтылат «Кыргызия – түгөнбөс зар заман» аттуу эбегейсиз чоң китепдин сериясы XV-кылымдын башында (1430-жылы)  Бухарада басылып чыккандыгы элге журтка эчак эле белгилүү болгон. Сериялуу китептердин аттары  - «Удудул аалам», «Забрани аалам», «Тарыхый индос», «Кысысул амбия», «Муңдуу зар», «Зар заман» , «Кыргызия санжыра»  жана «Тарыхий памуз»  сыяктуу араб тамгасы менен фарси тилинде жазылган  китептерден турат.  Бул китептердин сериясы бир канча жолу басмадан кайрадан басылып чыккандыгы маалим.   Акыркы сериялары   XIХ –кылымда Казан шаарында басылып чыккан.

Өз учурунда китептин басылып чыгышына  Баатыр хан аттуу атагы алыска кеткен бай адам зор салым кошкон. Ал адам  32 казы жана 16 молдо жана 70 чеченди жыйнап алып «кыргыздардын байыркыдан баштаган бүгүнкүгө чейинки чыныгы тарыхын жазып чыгасыңар» деген тапшырма берет. Алар далай убакыт кетирип жазып чыгышат.  Тарыхый жыйналган материалдар топтолуп, хронологиялык тартиби боюнча иретке келтирилип ошол убактагы орто кылымда белгилүү болгон Бухарадагы басмадан басып чыгарылат. Тарых жана санжыра топтоочулардын  жалпы ишине жана басмадан чыгаруу учун 45 000 (кырк беш мин) койдун наркына татый турган эбегейсиз көп каражат болуп берген экен. Натыйжада  баш аягы 99 дастандан турган төрт томдуу  китеп «Кыргызия - түгөнбөс зар заман» деген ат менен элге жайылып, учурунда эбегейсиз кызыгууну туудурган, - деп айтылат.

«Кыргызия - түгөнбөс зар заман» китеби

Китептердин даназасы алыска тарайт. Кийин Кокон хандыгынын тушунда кыргыздардын тарыхын  түп тамыры менен жоготуш үчүн акыркы басмадан чыгарылган китептер ырайымсыздык менен өрттөлөт, катылып калгандары катуу изилдөөгө алынып жок кылууга буйрук берилет. Аларды сактаган адамдар –илимпоздор, жогорку сабаттуу молдолор куугунтукталып камакка алынат,  табышмактуу түрдө жок кылынат. Кокон хандыгынын артынан Орто Азияны өзүнө каратып алган Орус падышалык империясы да кыргыздардын тарыхына байланыштуу китептерди катуу куугунтуктоого алышат, табылганын өрттошүп же дайынсыз жоготууга бардык күчүн жумшашат.  Ошондой катаал заманда байыркы тарых жазылган китептерди сактап калууда,  Данияр казы менен Акун казынын кошкон салымы эбегейсиз зор… деп айтылат  тарыхта. Бул өзүнчө кызыктуу тарыхый окуя.

Төлөк аксакалдын байыркы китептерде жазылган маалыматтарга таянып айтуусу боюнча кыргыздардын чачылуусу  IV-кылымдан кийин башталып 41 дөөлөткө тарап кеткендиги ошол байыркы китептерде баяндалат, - деп айтылат. Китептерде «чачылган элди жыйнаган Манастын доору 1400 жыл мурун   болуп өткөн окуя же V-кылымдын башына туш келет», - деген  божомол бар. Анын канчалык денгээлде тарыхка жакын экендигине эч ким кепил боло албаса керек. Манас  баатырдын кылымдарга калтырган мурасы бүгүнкү кыргыздар жашаган жер жана чачылган кыргызды жыйнагандан  калган 40 уруулуу эл, - деп катуу айтылат экен.  Ошол замандарга туш болгон уруулардын ичинде байыркы уруулар катары эсептелген кыргыздын уруулары: Черик уруусу, Кыпчак эли, Кушчу (кутчу), Чоң Багыш, Мундуз, Саруу - сол канатка бөлүнөт. Найман, Кесек, Тейит - ичкиликтер деп таанылган, Жедигердин жети уулунан тараган урууларга кошулат,- дейт Толок аксакал.  Кыргыздар  Энесайдан акырындап жылып отуруп булгарлар жашаган Түрк дөөлөтүнүн аймагында отурукташат да,  Орто Тоо жана  Чоң Чоку аттуу аймактарда жүздөгөн жылдар бою турушуп, андан ары Эдил Тоосунун аркасына жылышып азыркы Венгриянын аймагына  чейин жетишет… Бул жерде да чыныгы тарыхтын көп сырлуу табышмактарын ичине камтыган окуялар талаш тартышууну туудурушу мумкун…

Жунго (Кытай Эл Республикасы) мамлекетинде жашаган кыргыздардын жалпы саны 180 000 ден ашып 200 000 ге чейин жете турган болсо, анын 155 000 ге жакыны ушул Кызыл суу кыргыз автономдук областында жашайт.

Андан тышкары:
1. Иле-казах автономдуу областынын териториясында 20 000 ге жакын кыргыздар жашайт. Анын ичинде Тарбагатайда 2500 кыргыз, Текесте -10 000 жакын адам бир айылда отурукташкан;
2. Ак Суу аймагында  12 000 кыргыз ар кайсы айылдарда жашашат;
3. Кашгар аймагында  7 000 кыргыз ар кайсы айылдарда жашашат;
4. Үрүмчү шаарында  2000 чукул кыргыз жашайт;
5. Хотен аймагында ( Кең-Кыр айылдык өкмөтү) 1100 жакын адам жашайт;
6. Фуйу жергесинде (ичкерки кытайда) Хэйлюнзиан провинциясында 1500 жакын кытайлашып кеткен кыргыздар бар.

Кызыл-Суу Кыргыз Автономдук Областы Жунго (Кытай Эл республикасы) мамлекети үчүн өзгөчө аймак катары эсептелген  стратегиялык мааниси бар жерде жайгашкан.

Асанбек Токтогулов - санжыра жана тарых жыйноочу,
дүйнөлүк мурастарды сактоо боюнча эл аралык деңгээлдеги эксперт,
«
Zpress.kg»

Вам может также понравиться...

комментария 2

  1. Biybek:

    ал жактагы Кыргыз элиннин жашосу кандай экен

  2. Biybek:

    мен ал жакка барып Кыргыздар менен жолуккум келет

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *