Кыргыз тилдүү окурмандардын тандоосундагы 20 китеп
“Адам өмүрүндө кайсы китептерди сөзсүз окуп чыгышы керек?” деген сурамжылообуз аягына чыкты. Бул сурамжылоону баштап жаткандагы максаттарыбызга жетпесек да (алгач 100 китепти тандайлы дегенбиз, анан 1000 добушка жетели дедик), 981 добуш кыргыз тилдүү окурмандардын тандоосундагы 20 китепти тандаганга толук мүмкүнчүлүк берет деп ойлойбуз.
Бул сурамжылоону өткөрүүгө төмөнкү нерселер себеп болду.
Интернеттен окурмандар арасында биздикине окшош сурамжылоонун жыйынтыктарын көп кезиктирсек болот. Тандалып сунушталган китептердин саны адатынча 100дөн ашпайт. Бирок алар негизинен, англис, орус же башка тилде сүйлөгөн окурмандардын тандоосу жана кыргыз тилдүү окурмандарыбыздын тандоосунан азбы, көппү айырмаланып турушу бул талашсыз. Анткени тилибиз, дилибиз, окуган авторлорубуз, китептерибиз башка. Ошол эле кезде кыргыз тилдүү окурмандардын табитин аныктаган мындай тандоону эч жерден кезиктире албадык.
Сурамжылоо жүргүзүлүп жатканда көп жагынан жүйөлүү бир катар суроолор түшүп жатты: “Мындай сурамжылоонун зарылчылыгы барбы? Адам сөзсүз 100 эле китеп менен чектелиши керекпи? (биз бул санга да жете албадык J) ж.б.д.у.с.
Буга мынтип жооп берет элем (балким кайталанып калсам, кечирип койгула). Чын-чынына келгенде адам баласына анын адам катары калыптануусуна таасир берген китептер саналуу гана болот, ошондой эле жашоонун оор кезеңдеринде жөлөк, таяныч издеп аз гана китептерге кайрылабыз. Ошону менен катар, окумуштуулар да, аалымдар да айтып жаткандай, адам бүт өмүрү бою топтогон, анын жашоосунда керек болгон баардык билимди болгону 2-3 гана китептен таап алсак болот экен. Бирок биз учурда билбейбиз, кайсы китептер биз үчүн так ошол 2-3 китеп болоорун. Биз муну кеч түшүнөбүз.
Биз жүргүзгөн сурамжылоо, балким, так ушул китептерди тапканга жардам береттир. Бул кеңеш гана.
Дагы да эскерте кете турган нерсе, биз сунуштаган нерсе көп жагынан болжолдуу. Так болушу үчүн, баардык кыргызстандыктарды сурамжылоого тартышыбыз керек эле. Анан да бул Интернетти колдон билгендердин, болгондо да Фейсбукчулардын гана тандоосу. А канчалык деңгээлде анын тандоосу жалпы калктын тандоосу менен туура келе тургандыгы, муну айтыш оор.
Эми сурамжылоонун айрым жыйынтыктарына токтоло кетсек
- Добуш берүү 9 күн жүргүзүлдү (20.03-29.03.2012-ж.)
- Бардыгы 981 добуш катталды.
- 71 чыгарма жана авторлор аталды. Алардын 13ү кыргыз акын-жазуучулары.
- Эң көп чыгармалары аталган жазуучулар: Чыңгыз Айтматов – 6 чыгармасы, Федор Достоевский – 3 чыгармасы, Төлөгөн Касымбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Лев Толстой, Михаил Булгаков, Оноре де бальзак, Джек Лондон, Эгемберди Эрматов – 2ден чыгармалары.
ТОП-20
- Куран
- “Сынган кылыч”, Т.Касымбеков
- Манас үчилтиги (Манас, Семетей, Сейтек)
- “Кылым карытаар бир күн”, Ч.Айтматов
- “Биринчи мугалим”, Ч.Айтматов
- “Старик и море”, Эрнест Хемингуэй
- “Саманчынын жолу”, Ч.Айтматов
- “Сто лет одиночества”, Габриель Гарсия Маркес
- “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, Ч.Айтматов
- “Война и мир”, Л.Толстой
- “Теңирим Манас”, А.Жакыпбеков
- А.Осмоновдун ырлары
- “Көк асаба”, Т.Сыдыкбеков
- “Жамиля”, Ч.Айтматов
- А.Пушкиндин ырлары
- “Мартин Иден”, Дж.Лондон
- “Мастер и Маргарита”, М.Булгаков
- “Алхимик”, Пауло Коэльо
- “Человек, который смеется”, В.Гюго
- “Идиот”, Ф.Достоевский.
Мен силердин бул сайтты ачып эле дароо конулумду бурган нерсе ( КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫН САКТАП,ОНУКТУРУУНУ КААЛАГАНДАР БЛОГУ) аттуу баштыгынар болду . Кыргыздар илгертеден эле эн маданияттуу калктардын бири болуп келген.А бирок азыркы убакта болсо Кыргыз маданияты эмес таптакыр кайдагы киргиздердин чыгарып жаткан системалары боюнча кетип баратабыз.Бул нерсе кыргыз маданияты учун коркунучтуу нерсе. Кыргыздын чыныгы маданиятыны коргоп,онуктуруу учун эн башта ЖАШТАРДЫ туура жолго баштоо керек. Азыркы кезде жаштарга эн керек болгон нерсе бул БИЛИМ. Жаштар боллсо кыргыз мамлеектинин абалын коруп туруп, билимге болгон талабын арттыруунун жерине таптакыр туура эмес жолдордо журушот.Менин ойум жаштарды туура жолго баштоо учун ,китептер менен аларды тарбиялоо керек.
Мен азыркы учурда Туркия олкосундо окуп жатам. Себеби Кыргызстанда жетеерлик билим беруу сапаты жок . Ошондой эле жаштардын китеп окуп, билимге карай жондонуу жерине таптакыр туура эмес жолдорго кирип олтурат.Мен бул жакта журуп жаштарга жана мамлекетиме кандай жардам беруунун жолдорун издеп, бир жыйынтыкка келдим.Бул жерде окуган кыргыз студенттер менен жолугушуп озумдун бир Китептешкен Адамдар аттуу проектимди алып чыгууну чечтим.Бул проект " Китептешкен адамдар" аттуу проект болуп , эч кандай саясаттын же болбосо эч кандай манпаатчылык болмоксузун,- Толугу менен жаштарды билимге болгон талабын арттыруу жана озуну ар кайсы жактан билим аркылуу жетиштиришине толугу менен пайдасы тие турган проект. Мен Кутахия шаарында окугандыгым учун бул шаарда Кыргызстандан келип билим алып жаткан студенттер менен жолугуп чогулуш жасап бул проектти келечекте (эн, жакын убакытта) колубуздан келген иш чаараларды жасап , ушул долбоор боюнча кетууну максат кылып койдук.Себеби Кыргызстандагы эн керектуу жана маани беришибиз керек болгон нерсе Жаштар жана Билим. Билимсиз адам момосуз дарак сыяктуу болгондой эле, азыркы убакта Кыргызстанда коптогон жаштар бар жана мындай иш чаараларга муктаж.Келечектеги жаш муундун онолуусу учун биз жаштар бир жакадан баш,бир женден кол чыгарып,биримдикте бул проектти алып чыга алышыбызга ишенем..Бул проектти алып чыккандан кийин аркасындан башка дагы да пайдалуу болгон "ЖАШТАР жана БИЛИМ" аттуу долбоор алып чыгууну коздоп отурабыз.
Бул тууралуу байланышка чыга турган адресстер:
Facebook :Shaiyrbek Abdulkadir
Instagram: Shaiyrbek abdukadyr uulu
Ok.ru: Shaiyrbek Amiraliev.
Кыргызстандын жана жаш муундун келечегин ойлоп жардам берип колдоо корсото турган адамдар керек.
Шайырбек Абдукадыр уулу
Жакшы тилек, жарым ырыс. Пландарыңыз ишке ашсын. Мыкты идеяларды көтөрүп чыгышыңызга тилектешмин.
Китеп окуюн деп кирсем балээ да жок. Пайдалуу иш кылсанар болбойбу бекерчилер!!!....
Менда китеп окуйун деп арекет кылып жатам кайсы сайтарга кирсем болот ?
Азыр, Кудайга шүгүр, кыргыз тилдүү сайттар көбөйүп калды. Анын ичинде адабият боюнча адистешкен сайттар да. Эске келгендерден:
https://elkitep.su/
https://bizdin.kg/
http://ruhesh.kg/
http://adabiyat.kg/
Бул сайттын да жаңысы - https://kmborboru.su/
Кана онлайн китеп окуган шилтеме же программа жазбапсынар
Урматтуу, Элиза, сиз пикир жазган макалада китепти онлайн окуу тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Ошондуктан, сиздин талабыңызды жакшы түшүнбөй турам. Сиз айткан нерселерди интернеттен издеп тапса болот. Мисалы, бул жерде https://elkitep.su/elektronduk-kitepter/. Бир гана бир аз издеп көрүш керек болчу.