“Кар” сынагы: Анарбек Абазбеков

Кар жамынган каардуу кыш
(түрмөк)

* * *
Ак кардуу кыш.
Аяз беттен чымчылайт.
Теребел тынч.
Бирок көңү тынчыбайт.
Аппак кардан
Тон жамынып жер бети
Оор уйкудан
Ойгоно албай ныксырайт.

* * *
Кырч-кырч сынып
Бут алдымда аппак кар,
Муза коштоп,
Сапар тартып баратам.
Жалбырагын
Алмашыптыр ак карга,
Туруксузун теректердин карасаң.

* * *
Максаты бар,
Эч максатсыз, себепсиз
Издер жатат
Аппак карда эсепсиз.
Башты уруп,
Миң аракет кылсаң да,
Турмуш өзү
Иргеп алат, элексиз.

* * *
Карасаңар.
Кар кишинин келбетин.
Көпкөк муздан
Жасашканбы берметин?
Бөбөк жүрөт
Аяз ата келсе деп.
Күндө он маал
Ичтен айтып келмесин.

* * *
Түкүрүгүң
Жерге жетпей муз болуп,
Муруттарды
Бубак басып, муз тоңуп.
Каарына калдыкпы деп ойлодум.
Коён жылы
Коркунучсуз деп коюп.

* * *
Аяз келет
Айтпай дебей капыстан.
Ышкырынып,
Бороон улуйт батыштан.
Сулуусуна жете албай боз улан
Заарканууда
Көчө таптап басыштан.

* * *
Ичиркентип,
Чыйрыктырып, үшүткөн
Кыш мезгилин,
Негедир мен көп күтөм.
Көктөн түшкөн
Кардын ар бир бүртүгү
Алаксытат
Жанды жеген түйшүктөн.

* * *
Күтүп күздүн аякташын тымызын,
Кыш да келген колго алып кылычын.
Бирок мени үшүтпөйт да, тоңдурбайт
Жүрөктөгү сенин демиң, ырысым.

Анарбек Абазбеков,
“Кар” сынагына

Читайте также:

Комментариев нет

  1. Аватар Сынчы:

    Улам-улам токтоп жазылган ырларды кураштырып койгондой сезилди мага.
    Алгачы 2 куплети жакты.
    Калганы анчейин.

  2. Азаматсын Анарбек! Кылыч кармаган кышты жана журок ушутпос кызды суоттогонун жакты.Ийгилик коштосун!

  3. азаматсыз байке,ак алтындуу кышты,ак маралдай кызды торт сап ырга батырып тушундуруш да озунчо бир керемет.Чыгармачылык ийгилик каалайм!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *