“Күз” сынагы: Анарбек Абазбеков

Күз

Жапжашыл жалбырагын жоктогонсуп,
Термелип терек турат жол четинде.
Аткарып бүткөн өңдүү вазийпасын,
Көрүнбөйт кош ак куу да көл бетинде.

Сап алып учуп барат каркыралар.
Кеткендей тээ алыстан бакыт издеп.
Топ бузуп, топурабай баары кылдат.
Каккылап канаттарын, текши шилтеп.

Боёнуп ой талаа, кыр сары түскө
Жаткандай бир нерседен санаа тартып.
Чапкылайт өйдө-төөн баба дыйкан,
Тер төгүп, эмгектенип түшүм казып.

Санжыра, узун сабак сөздөн салып,
Аталар тоо боорунда кеп курушат.
Очокто чоң энесин айланышып,
Бөбөктөр бадыракка умтулушат.

Дыйкандын эмгегине таң бергенсип,
Башкача мээрим менен карайт асман.
Береке, кут, ырыскы жыты аңкыган
Алтын күз, берекеси ашып ташкан.

Анарбек Абазбеков,
“Күз” сынагына

Читайте также:

1 комментарий

  1. Аватар Мира:

    Азамат, жакшы жазыптырсын! Таланттын осо берсин!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *