– Эң оболу сиздерди “И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылышы менен жалпы окурмандарыбыздын атынан куттуктап койгум келет. Кебибизди башканы коюп Манастан баштасак деп турам. Адыл Жуматурду: – Рахмат! Жубайым Токтобүбү Ысак кызы экөөбүз...
– Асыкбек ага, биздин заманда балдарды кантип салттуу, нарктуу кылып тарбиялоо керек? Минтип сураганымдын себеби, кээде “мен ушунчалык улутчулмун, мекенчилмин” деген аттуу-баштуу адамдарыбыздын бала-бакырасы Чыңгыз агабыз жазгандай маңкуртка окшоп тилин, дилин, тегин билбей жүрбөйбү....
Кыргыздын чыгаан, кыраан уулдарынын бири кеменгер Жусуп менен 1938-жылы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп жашырылган улуттун тунгуч жазма тарыхчысы Белек Солтоноев мындан туура 95 жыл мурдакы 1916-жылкы кандуу окуяларды мындайча жазып калтырган экен.
"Айгай-пресс" газетасынын башкы редактору, газетанын 2011-жылдын 6-сентябрындагы санында: "Жусуп Абдрахмановду эстеген жан болбоду" деп күйүп жазыптыр. Күйбө, түтөбө Кенжебек иним дейм мен. Мындан туура 87 жыл илгери: "Менин шордуу элим" - деп жазган экен...
Ушу күндөрү кыргыз радиосунун уюшулганды-гынын 80 жылдыгы белгиленип жатат. Биз бул жөнүндө КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү телерадио-журналист Байма СУТЕНОВА менен маектештик. - Байма Жапаровна, сиздин "Мамыры гүлдөгөн жерде" деген биринчи повестиңиз кезинде...
Кыргыз эли экономикалык курч кырдаалга, башкача айтканда, рынок шартына аралашкандан баштап батышты туурап, аны ээрчип улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү алып жүргөн ата-бабалардан калган рухий дөөлөттөрдү унутуп бараткандай сезилет. Биз эгемендүүлүк жылдарына чейин "бардык нерсени, анын ичинде,...
1995-жылдын январь айында өмүр жолдору аңызга айланган белгилүү түрколог, мударис Хусеин Карасаев менен кыргыз кино өнөрүнүн алгачкы карлыгачы, "Кыргыз тилинин стенографиясын" түзүүчүсү Айша Карасаеванын босогосун аттаган элем. Борбор калаадан келген интеллигент үй-бүлө областтык журналисттер...
Пикирлер