Архив по месяцам: Сентябрь 2011
Кытайлык кыргыздар Ала-Тоодо
Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун жана Кызыл-Суу аймагынын маданият өкүлдөрүнүн элүүгө чукул чыгармачыл делегациясынын иш-чарасы 27-сентябрда башталды.
Бишкек баатыр баяны
Эгемендүүлүк алган жылы борбор шаарыбыз тарыхый атын алган. Жер,суу аттары өзүнүн тарыхына байланыштуу коюлары чындык. Акыркы кездерде баш калаабыздын атын өзгөртүү керек деген пикирди жараткандар жок эмес. Борборубуз Бишкек деген баатырдын ысымын алып жүргөндүгү...
“Свет-аке” кинотасмасы XVII эл аралык кинофестивалында Гран-прини жеңип алды
Кинорежиссер Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” кинотасмасы XVII эл аралык автордук тасмалардын кинофестивалында Гран-прини жеңип алды. Бул тууралуу фильмдин продюсеры Алтынай Койчуманова билдирди. Сынак Марокконун Рабате шаарында өткөн. Актан Арым Кубаттын бул фильми буга чейин...
Бириккен Араб Эмиратында Kyrgyz Clubдын өкүлчүлүгү иштей баштады
Kyrgyz Club өзүнүн кеңейишин улантууда жана Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) да эми Kyrgyz Clubдын өкүлчүлүгү бар экендигин кабарлайт. Бул тууралуу Кыргыз Сlub уюмунан Айбек Хакимов билдирди. Kyrgyz Club – БАЭнин башчысы америкалык ири компаниянын...
«Сынган кылычтын» Кытай сапары
Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романы «Шинжаң жаш-өспүрүмдөр басмасынан» уйгур тилинде басылып чыкты. Бул чыгарма Кытайда мурда төрт ирет басылган, анын ичинде 1990-жылдардын башында Үрүмчү шаарында чыккан «Аалам адабыйаты» журналында алгачкы жолу...
Курманжан датканын саймасы
23-сентябрда Улуттук тарых музейинде Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган көргөзмөдө Алай ханышасынын өз колу менен сайган саймасы көрөрмандардын кызыгуусун туудурду. “Курманжан датка – доор инсаны” деген аталыштагы көргөзмөдөгү экспонаттардан өзгөчө көңүлгө урунганы 1886-жылы Курманжан...
Султан Раев: Маданият – бул көпүрө
Президенттин кеңешчиси Султан Раев Кыргызстандагы Кытайдын маданият күндөрүн утурлай “Азаттыкка” маек курду. “Азаттык”: Бул маданият иш-чарага элүүдөй кытайлык кыргыз келет экен. Кытайлык кыргыздардын маданияты менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткан экен. Султан Раев: Кытайдын Кыргызстандагы...
Түгөлбай Казаков, КРнын Эл артисти: «Студент кезде мугалимдерден коп тапчумун»
Кыргыз Эл артисти, обончу, композитор агабыз Түгөлбай Казаков быйыл 60 жашка чыкты. Анын чыгармалары кыргыз музыкасында классикага айланып, улуу-кичүү муунду толкутуп турган убагы. Агайдын жеке жашоосу да күйөрмандарын кайдигер калтырбаса керек...
Советжан Асанкадыр: "Кыргыз үчүн бул өтө эле уят көрүнүш"
Өз үнү, өзгөчөлүгү менен кыргыз музыка дүйнөсүнүн айдыңында бараандуу орун ээлеген өнөрпоздор тобунун бири - "Айкөл" фольклордук-этнографиялык ансамбли. Ала-Тоо аймагыбыз гана эмес, анын чегинен өтүп далай чет өлкөлөргө таанылган таланттардын дабышы кийинки кездерде басаңдай...
Пикирлер