«Аптап» сынагы: Бакыт Жунусалиев

Теректен кар жаап

Короодо түндү качырып,
Корозго таңды чакырып.
Башкача келди ушул жай,
Басыгы чаңды сапырып.

Кыналып өскөн жаздагы,
Кызгалдак гүлүн таштады
Кыздардын чыгып чырайы,
Кыскарды көйнөк, чач дагы.

Таманда баскан чаң ысып,
Тамырда соккон кан ысып.
Талыкшып жатат шаар ичи,
Табына күндүн баары ысып.

Тердетип турса ысык жай,
Теректен кар жаайт кызыктай.
Күн сүйгөн бети кызарып,
Күбүлөт жемиш бышып жай

Көңүлдүн дартын белгилеп,
Көл жактан муздак жел жүрөт.
Толкундан чыккан көбүктөй,
Толтуруп жээкти эл жүрөт.

Суусуна бурган ал муздап,
Суугатчы жүрөт жалгыздап.
Табынан Күндүн качалбай,
Талаада турат жалгыз бак.

Үн катпай куштар бактагы,
Үлп эткен жел жок чакта бу.
Кепшеген уйдай керилип,
Кебелбейт жайдын аптабы.

Бакыт Жунусалиев,
«Аптап» сынагына

Читайте также:

комментария 4

  1. Аватар Эркеайым:

    Укмуш ыр! Башкалардыкынан озгочолонгон салыштыруулар... Ары жонокой, бирок ошол эле учурда окурманга абдан жеткиликтуу жазыган экен. Озгочо:

    Тердетип турса ысык жай,
    Теректен кар жаайт кызыктай.

    дегени сонун экен.
    Чындап эле, жаз бутуп жай келгенде теректин улбуроктору жерди каптап кар жаагандай корунушту берет эмеспи?

    Кыналып өскөн жаздагы,
    Кызгалдак гүлүн таштады
    Кыздардын чыгып чырайы,
    Кыскарды көйнөк, чач дагы...

    Бахх! Чиркин! Ыр эмес бекен?

  2. Аватар Kyrgyzboy:

    Super!

    Кыздардын чыгып чырайы,
    Кыскарды көйнөк, чач дагы.
    hehe
    Jaydin butposhun tilep kettikk go :))
    Daana jazyp koiupsun. Azamat!
    Dobush koidum saga.

  3. Аватар Жыке:

    Бакы дале болсо басыгындан жазбайсын дос.Тимеле тизмелеп, кынаптап жазыпсын баа бердим.Ийгилик дос алга алга жана алга!

  4. Аватар Azamat:

    Jakschy jazypsyn. Salyschtyruun kuchtuu eken. Murda-kiyin atyndy dele ukpaptyrbyz. Emi chygaryp tur yrlaryndan. Birok synaka az adam katyschkany okunuchtuu. Kop katyschsa kyzyktuu bolmok.

Добавить комментарий для Azamat Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *