Уйлары туулганда ууз жасайт. Уузду саап алып, бир чарага салып, казанга салып, сууга эле бышырчубуз. Кесип жесең сырдай болот. Үмүт Эржанова, Түп району, Түп айылы, “Салттык билим” сайтынан алынды
Аны кышкыдан калган согумдун этинен, сүрсүгөн эттен казанга салып, түркүн тамактарды, анан буудайды өндүрүп алып, аны да кошуп жасайт. Эмне болсо ошонун баарын кошо берет. Аны Ноорузда жасайт. Үмүт Эржанова, Түп району, Түп айылы,...
Ачыбаган камырдан жасалган эзелки гүлазыктардын бири – жупка. Жупканы мындай күндөрү жасабаганыбыз менен, ыйык Рамазан айында көпчүлүктүн сүйүктүү даамына айланат. Анткени ал тоюмдуу жана сиңимдүү тамак болуп саналат.
Пикирлер