Кыргызстанда “Тагдырдын өгөй балдары” аттуу жаңы көркөм тасма тартылып бүттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тасманын жаратуучусу, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди. “Бүгүнкү күндөгү өспүрүм, жаштардын татаал тагдырларын көрүп-билип жүрүп, түтпөй кеткенде көркөм тасмага...
Үстүбүздөгү жылдын 2-7-сентябрында Үрүмчү шаарында Кыргызстандын Кытай Элдик Республикасындагы күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде болгон маалымат жыйынында Эгемендиктин 20 жылдыгын жана Курманжан Датканын 200 жылдыгын белгилөө боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Султан Раев билдирди.
“Календарь” деген түшүнүктү “ай-санат” деп айтууну сунуш кылам. Колдонулуп жүргөн кыргыз календары “кыргызмын” деген жаранды иренжите турган абдан чаржайыт жана келишимсиз! Баамдап көрүңүздөрчү – “Баш оона, көчүк оона, бут чалын” жана башка, абдан жарашыксыз...
1847-жылы 22-августта Казакстандагы Копал коргонунда (азыркы Талды-Коргон шаары) казактардын Улуу жана Орто жүзүнүн бийлик өкүлдөрү болгон султандары жана бийлери, ошондой эле кыргыздардын манаптары менен бийлеринин ортосунда расмий түрдө достошуу аземи болуп өткөн. Бул күн ...
Бий өнөрүнүн таң чолпону – Бүбүсайра Бейшеналиева Балет өнөрү бизге совет доорунда келди. Ошентсе дагы дүйнөлүк классика болуп таанылган бул касиеттүү өнөрдөн биздин элдин уучу кур эмес. Кыргыз улуттук сахналык хореографиясына алгачкы ак жарыгы...
Мындан туура 95 жыл илгери, боорунда дан орулуп, мөмө жемиштердин берекеси төгүлүп келберсиген өрүштөрдө төрт түлүк мал бетеге, шыбак шимүүргө ныксырап семирип турган август айында падышалык Россиянын жазалоочу отряддарынын мылтыктары, замбректери атылып, кылычтар шилтенип...
Кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү, бүгүнкү күнгө чейин теңдеши жок чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдыракмановдун карааны күн өткөн сайын Кан-Теңирдей калдайып алыстан көрүнөт. Ал өзү түптөгөн Кара-Кыргыз автономиялуу республикасынын туңгуч өкмөт башчысы болуп дайындалганда 26 гана...
Бир кезде адам баласынын жашоосун телевизор, радиосуз элестетүү мүмкүн болбой калса, азыр интернет, компьютерсиз элестетүү болбой баратат. Албетте заманбап компьютер менен иштөөгө, дүйнөнүн булуң-бурчундагылар менен интернет түйүнү аркылуу байланышууга не жетсин. Анан да кыргыз...
Теректен кар жаап Короодо түндү качырып, Корозго таңды чакырып. Башкача келди ушул жай, Басыгы чаңды сапырып. Кыналып өскөн жаздагы, Кызгалдак гүлүн таштады Кыздардын чыгып чырайы, Кыскарды көйнөк, чач дагы. Таманда баскан чаң ысып, Тамырда...
Тарыхчы Кайнарбек Бийлибаев кол ойнотуп комуз чертип, онго чукул күү, отуздан ашуун обон чыгарып, ырларын белгилүү ырчылар аткарып жүрүшөт. Тарыхчы, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кайнарбек Бийлибаев "Тай кожо", "Жоргонун салынышы", "Жаштарга", "Салтанат", "Тоо арасында",...
Пикирлер