«Аптап» сынагы: Темирлик

Аптап

“Я чувствовал только, как бьют
у меня во лбу цимбалы солнца...”
А. Камю (“Посторонний”)

Ойно, Күн, ур. Башым сонун добулбас.
Меникиндей үнү катуу табылбас.
Добуштары асман-жерди жаңыртат.
Мээде кызык элестерди жаратат:
Көпөлөктөй качып менден көлөкө,
Күн нуру жаайт нөшөр жаандай көнөктөп,
Адамдыгың жуулат жаман боёктой.
Жарым жаның тирүү туруп тозокто.
Шоргологон чөлдөй ысык беттен тер –
Толкундарда жол издешкен кербендер.
Кадамдары мыктай мээге кадалат,
Окугандай узун ырды кайталап
“Ап-тап, ап-тап, ап-тап, ап-...”

Темирлик,
«Аптап» сынагына

Читайте также:

комментариев 7

  1. Аватар Рахат Аманова:

    Темирлик, сиздин ыр менимче башка ырлардан айырмаланып турат. Турмушта такшалган, ак-караны ажыратып калган акыл-эси курч адамдын ыры. Озгочо салыштыруунуз: "Ношор жаандай коноктоп жааган кун нуру" жана "Толкундарда жол издешкен кербендей-терлериниз" -кутуусуз табылга. Негедир япондордун торт сап ырларын эске салат ырыныз. Ойчулдук менен терендик бар. Дагы жаны ырларынызды жарыялап турушунуз керек экен. Ийгилик сизге.

  2. Аватар Рахат Аманова:

    Темирлик, кечиресиз. Омар Хаямды окуп атып, япондордун уч сап ыры дегенди , торт сап деп жазып алган турбаймынбы. Чекилик менден кетти. Дагы бир жолу кечирим сурайм.

  3. Аватар Mars Tezekov:

    Mobu temirlik degen neme Temir aiylynan chykkan Jyrgalbek Kasabolotov baikenin ele ozu go haha.Juri bolup anan kaira synakka katyshkany emnesi botom.Men bul samuraidyn yr jazuu stilin bilem da...Myndai kylgan bolboit Jyke je meili oso berchi zamandashym!

    • Аватар kmb3:

      Бир аз жаңылышасыз. Жюринин ырлары сынакка катышса да, сыйлыкка жетишпейт 🙂

    • Аватар Жыргалбек:

      Мен бул конкурска ыр берген эмесмин жана бербейм. Бул ыр меники эмес. Бирок авторун жакшы тааныйм. Кимдики экенин таап алгылачы? Жыргалбек Касаболотов

    • Аватар Жыргалбек:

      Бул ыр меники эмес. Мен бул конкурска ыр берген эмесмин жана бербейм. Бирок бул ырдын авторун жакшы тааныйм. Кана, ким деп ойлойсунар, тапкылачы авторун?

  4. Аватар Рахат Аманова:

    Менимче, Марат Токоевдин ыры?

Добавить комментарий для Mars Tezekov Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *