Кыргызстанда Элла Майярдын “Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга чейин” деген китебинин бет ачаары болот

16-июнда Бишкекте Мэриянын алдындагы маданият башкармалыгына караган Борборлошкон китепкана системасынын имаратында (БКС) Швейцариялык жазуучу жана саякатчы Элла Майярдын кыргыз тилине которулган “Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга чейин” деген китебинин бет ачаары өтөт. Бул тууралуу БКСтын директору Гүлсайра Дандыбаевага шилтеме кылуу менен “24.kg” маалымат агенттиги билдирет.

Бул китеп алгач 1943-жылы Парижде “Грассе” басмаканасында басылып чыккан.

“1932-жылы Элла Майяр Советтер Союзуна келип, интеллигенция өкүлдөрү менен кезиккен. Бирок анын негизги максаты – Кытай чегине чейин Борбордук Азияны изилдөө жана көчмөндөр менен таанышуу болгон. Кыргыздардын коштоосунда ат үстүндө ал Теңир-Тоого чейин барып, Өзбекстан менен Арал деңизинин ортосундагы Кызыл-Кумга чейин жеткен. Ызгардуу кыштын суугуна карабай, каракчылардан жана советтик текшерүүчүлөрдөн сактанып, ал 1932-жылдын июлунан 1933-жылдын январына чейин саякаттаган. Жазуучу советтик бийлик көчмөндөрдү XX кылымга күч менен киргизип жатат деп жалтанбастан айткан, буга байланыштуу анын китеби совет окурмандарынын колуна жете алган эмес”, - дейт. Г.Дандыбаева.

Китепти француз тилинен кыргыз тилине Нуралы Турганбаев которгон. Китепти басып чыгарууга Швейцариянын кызматташуу боюнча Кыргызстандагы бюросуну жардам берген.

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *