Кызыктуу маалыматтар

- Эң көп китеп жазган акын - Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур.

- Эң көп обон чыгарылган ыр - Эл акыны Сооронбай Жусуевдин "Унутпаймын" деген ыры. Ал ырга 5 автор - Р. Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган.

- Эң көп псевдоними (жашырын аты) бар акын Рамис Рыскулов, өзүнүн айтуусу боюнча 500дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөзгө чыккан.

- "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" деген сыйлыкты эң көп алган (6 жолу) бирден бир актёр - Сүймөнкул Чокморов.

- Көзү тирүүсүндө эң көп небере-чөбүрөлүү болгон Курманжан датка (1811-1.02.1907). Датканын көзү өткөн учурда (96 жашында) анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан.

Читайте также:

комментария 2

  1. Аватар Жазайым:

    Эмне учун создорду толук жазбайсынар. Буларга озунор тушуносунор бирок биз тушунбой калтабыз

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *