«Көктөм сынагы»: Топчубек Адилбеков

Жазгы жамгыр жаап жатат себелеп,
Жазгы көктөм кандай гана керемет.
Өткөргөн күн жүрөгүмөн жай алып
Ар убакта коз алдыма термелет.

Эстей берем ошол күндү келсе деп,
Ойлогон ой максатына жетсе деп.
Жааса жамгыр көктөн ылдый куюлуп
Жүрөк толкуп ыр жазууга дем берет.

Суу ташкындап, жердин бети көгөрүп,
Айланабыз, айла канча, өзгөрүп,
Көз арттырат жаратылыш кооздугу
Жердин бети көк шиберге бөлөнүп.

Топчубек Адилбеков
«К
өктөм сынагына»

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *