«Көктөм» сынагы: Мелис Маматжан уулу

БӨТӨН ЖАЗ
Булут жашы тазалыкты апкелди,
Буурул баскан жер бетине тап келди.
Келгин куштай кайтып келген жыл сайын,
Керемет ай, жаздын башы март келди.

Маанай гүлүн чачып келген жаз дайым,
Москвада тостум быйыл жаз айын.
Жаркыраган күн ордуна ак кар  жаап,
Жан-дүйнөмдүн берип жатты сазайын

Кандай сонун болгон эле өткөн жаз,
Карегиме сулуулугун төккөн жаз.
А бул жакта чек арада тургансыйт ,
Алып-учуп чагылгандай көктөм жаз.

Үн чыгарган чымчыгы жок бутакта,
Гүл тамыры өнбөй турат турпакта.
Берет элем Кыргызстандын жаз айын,
Бергин десе белек кылып урпакка.

Келем дале кыргыз жазын унутпай,
Калем күчүн көккө жаям булуттай.
Жер бетинен чыккым келет көгөрүп,
Жаз айында себип койгон уруктай.

Турмуш жолун баскан менен таманым,
Тегеренип мекениме барамын.
Ант беремин эмки жылы жаз айы,
Айылыман сени тосуп аламын.

Мелис Маматжан уулу,
«Көктөм» сынагына

Читайте также:

комментариев 5

  1. Аватар сапар:

    болочок акын десе да болот!
    мага абдан жакты Мелистин ырлары, мезгилдин жазы гана емес кыргыз жеринин накта, нукура жаз айын суроттоптур

  2. Аватар Бурулай:

    Мен бул сайтка кокусунан кирип калып ырларды окуп калдым.озум да ырга кызыкчуумун.мага Мелистин ыры негедир аруулукту туйдуруп,кыргыз жазын даназалаптыр.Мелис алга демекчимин

  3. Аватар орунгул:

    Мен да ыр жазам.ырлардын маанисин карап талдап Мелистин ыры жакты.саптары да жонокой .бирок терен мааниси бар экен.

  4. Аватар Шамурат:

    Саламатсыздарбы.Кыргыз эли эзелтен эле ыр жандуу келет эмеспи.Коодонун ар дайым "Манас"менен байытып келген.Ошол касиет жаш акындарга да дем болуп келет.мен Мелистин ырынан жаздын келгенин сездим.Айрыкча кыргыз жазынын кандай экенин,баркын билдим.жаш акындар кучтонгуло

  5. Аватар Жумабекова Дариха:

    Окуп окуп кайра эле окуй берсен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *