«Көктөм» сынагы: Анарбүбү Жумашoва
Өлбөгөнгө жаз да келээр дегендей,
Көп күттүрүп, жаз да келди кебелбей.
Жерден башын кылайтышып көк чыгып,
Жамгыр жаайт жер бетине себелей.
Жан-жаныбар, жандуу нерсе кубанат,
Жазга жеттик, жашоо эми уланат...
Дыйкан бабам соко кайрап чамынып,
Жерин айдап, мол түшүмдү суранат.
Жергебизди күндүн нуру бөпөлөп,
Жаркып-жайнап жаз да келди карачы.
Көкүрөгүн бир азыраак көтөрүп,
Койколоңдоп кайкып учат,
жада калса таранчы...
Жаздын мынча кереметин карачы!
Анарбүбү Жумашова (Алиман)
«Көктөм» сынагына
Пикирлер