Архив по дням: 14 декабря, 2010
Залкар акын Алыкул Осмоновдун дүйнө салганына алтымыш жыл толду. Анын талантын кадырлаган акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана окурмандар Алыкул акындан Бишкектин Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейит башына, киндик каны тамган Каптал-Арыктагы адабий музейине барып эскеришти. Улуу акынга...
Бул жөнүндө 13-декабрда Бишкектеги басма сөз жыйынында “Кыргыз Аты” мекеменин жетекчиси Жаклин Рипар билдирди. Анын маалыматы боюнча салтка айланган фольклордук образ- жылкыга байланышкан саясый репертуар менен этникалык музыканы кайра жаратуу жана сактоо үчүн улуттук...
Республикада түзүлгөн «Улуу Баян» коомдук фондунун иши - эң оболу манасчыларга сый-урмат көрсөтүүгө жана аларды колдоого багытталган. Фонд тарабынан «Эл манасчысы» деген коомдук наам жана ал наамдын ээлери үчүн бир жолку 5000 (беш миң)...
Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетиндеги “Сынчы” ийрими өз ишин кайрадан жандандырды. Бул туурасында бүгүн адабиятчы Айсулуу Көкөева билдирет. Бул күнү жаш адабиятчы жана сынчылар акын Аида Эгембердиева менен...
Элден чыккан нукура таланты менен Король Лирдин ролун Лондондо аткарып, дүйнөлүк театр сахнасын дүңгүрөткөн Муратбек Рыскуловду Шекспирдин шедеврлери менен таанышууга жол ачкан Алыкул Осмонов болгондугун көпчүлүк биле бербес… - Ээ, Сакиш айланайын, Алыкул Шекспир,...
Арабыздан эрте өтүп кеткен таланттуу ырчы, обончу, мамлекеттик ишмер Шамшыбек ага алтымыш жашка чыкпай арабыздан эрте өтүп кеткен. Ташкындаган таланты, боюна сиңирген жөнөкөйлүгү менен айырмаланган агабыз 11-декабрь күнү элүү тогуз жашка чыкмак. Агайды бул...
70-80-жылдары кыргыз маданияты дүркүрөп өнүгүп, Кыргызстандын булуң-бурчтарына чейин театрлар ачылып, эл батпай аншлаг менен спектаклдер коюлуп, кассаларда билет калбай калчу дешет. Ал мезгил менен бүгүнкү күндүн айрымасы асман менен жердей.
Пикирлер