Архив по дням: 7 декабря, 2010
Атбашылык Надырбек аба быйыл сексен тогузда. Бирок жашы токсонго таяп калганына карабастан баскан-турганы тың, акылы жаш кезиндегидей эле тунук. Жердеши, айтылуу Казыбек акындын казалдарын бир саат бою жаңылбай жатка айтып отурду. – Аба, кандайча...
Жан курбум, Жашыбай жакшы кал курбум, Өзүмдү түнгө тапшырып, Сөзүмдү сага калтырдым, Кош дечи, арманга бирок кошпочу, Айланып келем ыр болуп, Айрылуу эмес коштошуу… - деп, өзү жөнүндө армандуу ырын кылымга сактап койгон кыргыздын...
Жакында төкмө акын Жеңишбек Токтобековдун демилгеси жана түзүүсү менен устаты Ашыраалы Айталиевдин ырларын, айтыштарын, маектерин жана залкар акынга болгон эскерүүлөрдү, арноолорду камтыган "Ашыке" аттуу китеп "Турар" басмасынан жарык көрдү. Сөз башында эле устатынын ырларын...
(долбоор) Ушул мыйзам кыргыз улутунун көөнөрбөс руханий мурасы катары "Манас" эпосун сактоо, өнүктүрүү, анын негизинде жарандарды, келечек муундарды тарбиялоо, дүйнө элдерине кеңири таратуу, таанытуу менен байланышкан маселелерди Кыргыз Республикасынын руханий маданият, улуттук идеология тараптарындагы...
Балдар акыны Байтемир Асаналиев 1940-жылы Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдык мектептен 7-классты бүтүп, Нарын шаарындагы Токтогул атындагы №1 орто мектептен окуусун улантып, 1957-жылы орто мектепти бүткөн. 1958-жылы азыркы Ж.Баласагын...
"Мына ушул теректер турган жерди айылдагылар эмне үчүндүр "Дүйшөндүн мектеби" деп койчу. Кокус бир мал издеп калганда:"Ой баланча, менин тору кунанымды көрдүңбү?" - десе, анда беркиси токтой калып: "Тээ жогору Дүйшөндүн мектебинде жылкы жүрөт,...
12-декабрь кыргыз элинин улуу классик акыны Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн кайткан күнү. Акындын жарык дүйнөгө келгенине быйыл 95 жыл, дүйнөдөн өткөнүнө 60 жыл болуптур. Баягы эле жылдан жылга былк этпеген, чечилбеген маселелер. Алыкулдун үйү кандай...
Актриса өзү айткандай буга чейин көп спектаклдерде ойноп, кыска метраждуу тасмаларга тартылса да аны эл жакшы тааный берчү эмес. Алсак, театрда Зулайка, Жульетта сыяктуу биртоп ролдорду ойносо, кийин белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Таранчы", "Бекет",...
(Дагы да китеп жөнүндө) Азыр ар бир гезиттин бетинен окуу китептери же балдар китептеринин абалы жөнүндө жазылган макалаларды таба аласың. Кыргыз мектептериндеги окуу китептеринин жетишсиздиги жөнүндө акыркы жылдары айтылбаган деле сөз калган жок десем...
Пикирлер