Маданият жана маалымат министрлигинин “Китеп – биздин рухий кенч” аттуу акциясы

Маданият министрлиги “Китеп – биздин рухий кенч” аттуу акциянын башталышы тууралуу жарыя кылды. Аталган министрликтин басма-сөз кызматы 1-сентябрда билдиргендей, акциянын алкагында кыргызстандык авторлорго акчалай жардам көрсөтүлмөкчү. Гуманизмдин улуттук идеяларын, өлкөбүздүн тарыхый-маданият салттарын, тарыхы менен учурдагы өнүгүүсүн чагылдырган, көркөмдүгү жогору 2009-2010-жылдары чыгарылган китептин авторлору бул акцияга катыша алат. Алар 20-сентябрга чейин китептерин Министрликке сунушташы керек.

11 адамдан турган комиссия сунушталгандардын арасынан эң мыктыларын тандамакчы. Тандап алынган чыгармалардын авторлорунун ар-бир бирине 10 миң сомдон жардам көрсөтүлмөкчү.

Министрдиктин дареги:
Бишкек
ш., Пушкин көч., 78
Тел., факс, моб:
62-04-82 62-12-00
E-mail: [email protected]

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *