Архив по дням: 18 мая, 2010
Кыргызстандык жаш режиссер Элнура Осмоналиева “Алмаз” тасмасы менен “Шакен жылдыздары-2010” Алматы эл аралык кинофестивалынын “Жаш кино” сыйлыгына ээ болду. Бул туурасында “Казахстан” телеканалы билдирген. Маалыматка ылайык, “Жаш кино” сыйлыгына Э.Осмоналиева менен катар россиялык режиссер...
"С.Жусуев лириканын кылдат сырларын билген акын болуу менен бирге, өзүн ири эпикалык сүрөттөрдө тарта алган ойчул, чыгармачылык диапазону кең сүрөткер катары көрсөттү" Чыңгыз Айтматов. "Сен экөөбүз бир согуштун жана бир Жеңиштин адамдарыбыз" Мустай Карим....
Мамлекеттик китеп палатасынын директорунун орун басары Кален Сыдыкова менен маек. 23-апрелдеги "Китеп күнү" майрамынан соң Мамлекеттик китеп палатасынын директорунун орун басары, жазуучу, публицист, "КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер" Кален Сыдыкова менен маектештик.
Коңшу өлкөлөрдүн башмыйзамдарына мамлекеттик тил бирөө гана боло тургандыгы так, даана, анык жазылган. Ал эми биздин Республикада кыргыз тили менен бирдей деңгээлде орус тили расмий тил деп жазылып, кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө көз көрүнө тескери...
(Уландысы. Башы) Шайлообек жөнүндөгү баянымды сандан-санга кобурап-жобурай берип окурмандарды тажатып жиберген жокмунбу деп кез-кез чочулап ойлоп коем. Мен анчейин узак эмес өмүрүмдө камыр-жумур мамилешкен көп деле дос күткөн жокмун. Бир жандуу деп коебу, ошол...
Тар Заман Карылардан кеп уктук, Уламадан сөз уктук. Ошондо орус чыгат дечү эле, Миң үйлүүгө баш болуп Болуш чыгат дечү эле. Буйрук менен кондурган Конуш чыгат дечү эле. Ушу заман тар заман, Азуулуга бар...
Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге Казакстан Республикасынын премьер-министри Карим Масимовго “АБЫРОЙ” кыймылына КАЙРЫЛУУ Урматтуу Нурсултан Абишевич! Байыртадан эгиз козудай жанаша турмуш кечирген, каадасы дагы, тарыхы дагы, салт-санаасы дагы куюп койгондой окшош бир тууган кыргыз-казак...
Жаз алып келген турналар Туулган айылым Аралга барбаганыма эки жылдын жүзү болуп калыптыр. Өткөн жылы жайында бала-чакам менен узак убакыт жүрүп келдим. Там башында эски китептердин арасынан бир саргайган дептер таап алдым. Мектепте окуп...
(1941–1989) Турар Кожомбердиев Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрөт. 1965–1966-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1976-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген. Т.Кожомбердиевдин...
Пикирлер