Алыкулдун ырларынын пири тирүү

Ар бир адам жаратылышка өзүнө гана тиешелүү, башкаларга окшошпогон талант жөндөмү менен төрөлүп, жарык дүйнөгө келет эмеспи. Андай касиетти айрымдары өнүктүрбөй таштап, ал эми айрымдары эрте туюп, сезип, бапестеп, өстүрүп-өнүктүрүп өзүнүн жашоосунда эң жогорку сереге жеткирет тура. Андайлар ар түрдүү кесиптин, жөндөмдүн ээлери катары Конфуций, Пушкин, Айтматов ж.б. сыяктуу адамзаттын карт тарыхында белгилүү эмеспи.

Менин оюмча ошондой таланттуулардын бири, бирок дүйнөгө анчалык белгилүү боло албай, кыргыз элинин эле ичинде чоң сүймөнчүлүккө ээ болуп классикага айланган, оорунун азабынан жарык дүйнө менен эрте кош айтышкан инсан Алыкул Осмонов. Ал чыныгы талант болгондуктан анын жазган ырларынын тазалыгы, терең мазмундуулугу жагынан башкалардан өзгөчөлөнүп, ар бир окуган адамдын жүрөгүн багынтып, сезиминде уялаган. Чындыгында анын ырларынын пири тирүү. Дегеним, анын ырларынын таасири, Алыкулдун касиети жана эң негизгиси жараткандын колдоосу менен мен ушул бүгүнкү мүмкүнчүлүккө жеткем.

Мен өткөн кылымдын 60-жылдарындагы алыскы тоо-таштын, ак кар, көк муздун арасындагы эң четки айылдагы бир мектепти окуп бүттүм эле. Анда мени кыргыз тили жана адабияты сабагынан Рахманов Мама агай окутту. Агай кадимки Алыкул акындын "Рахмандын илими" аттуу ырындагы чыныгы турмуштагы каарманы Рахман атанын уулу Мама агай эле. Улуу акын өзү ооруп жүргөн мезгилде дартына дабаа издеп далай курорт-санаторийлерге, Ысык-Көлдүн ыйык жаратылышына барып жүргөндөрү белгилүү. Ошондой эле акын өзүнүн оорусуна бээнин сүтү менен кымызы, бийик тоолордун атырдай таза абасы дабаа болоор бекен деп, айтылуу Ат-Башынын атактуу Арпа жайлоосунун арпадан күчтүү бетегелүү жайыты бар Коргон-Таш өрөөнүндөгү, ошол мезгилде "Пограничник" деп аталган колхоздун азыркы Казыбек айылынын малчы-чабаны Рахман атанын үйүндө бир нече жылдар бою дабаа издептир. Ал кишиникинде бээнин сүтүн, сары саамалын, бедеге оттогон бээнин сүтүнөн ачытылган сабаны жана удургуган кызгылт кымызын далай ичип дарыланган. Айрым жакшы таасирлерин дагы алган. Бирок өтүшүп кеткен дарт акыры акынды алып тынган.

Ошол мезгилде акын Алыкул Рахман атанын орто мектепти бүтүрүп жаткан зээндүү, сергек, ой жүгүртүүсү зирек Мама аттуу уулунун ал кездеги кыргыз мамлекеттик пединститутунун филология факультетине окууга киришине кеңеш берип, анын окуп бүтүшүнө көмөктөшөт. Өзүнүн жазып жүргөн ырларын, котормолорун сыясы кургай электе нечен жолу ага окутуп, тааныштырып, шыктандырат. Маманын тилчи, адабиятчы болуп чыгышына себепкер, көмөктөш болот. Ошентип, Мама агайдын сезимине Алыкулдун сыйкырдуу ыр-дастандары ал жаш кезинен баштап уялайт, уюйт. Анын далайын жатка билет. Агай ушундай даярдык менен билим берүү тармагына белсенип киришет, бир кыйла ийгиликтерге жетишип жана карыганга чейин ошол темптен жазбай иштейт.

Менин бактыма Мама агайдын кыргыз тили жана адабияты сабагынан бир окуу жылы окуп калуу тагдыры туура келди. Чындыгында 11 жылдык билим алуумда кыргыз тили жана адабиятынан ошол бир гана жылдын ичиндеги агайым Рахманов Маманын сабагынан толук кандуу билим алдым десем калыстык болот. Агайдын сабагында денем балкып, эрип кетчүүдөй болуп канааттанаар элем. Агайга болгон сүйүү сезимим күндөн күнгө артылып турчу. Сабактарында Алыкулдун, Аалынын, Түгөлбайдын, Касымаалылардын чыгармаларынан учкул саптарды келтирип, жандуу сабак өтчү. Ар бир сабагынан кийин таасирдүү акын-жазуучулардын, өзгөчө Алыкул акындын эч болбосо бир куплет ырларын маңыз-мазмунун терең түшүнүү менен жатка билип, аларды кумир тутуп калаар элем. Мен дагы тилчи, адабиятчы, журналист, жазуучу, акын болгум келчү. Бирок тагдыр-буйрукка байланыштуу география мугалими болуп калдым. Менин географ мугалим болуп калышыма ошол эле Ат-Башыдагы Кара-Суу орто мектебинин география мугалими - агайым Сабыр Кудайбергеновдун таасири өтө чоң. Мени Сабыр агайдын билими менен таасири географ мугалим кылды, таасирлентти. Сабыр агайга да өмүр бою ыраазымын жана ал агайым жөнүндө да айтылуучу таза ойлорум бар. Бирок Мама агайдын үйрөтүүсүнөн мен дайыма массалык маалымат каражаттарына ар кандай маалымат баяндарды, макала-кабарларды жазып келем. Ошол Мама агай жаттаткан Алыкулдун ырларынын негизинде, мен Кыргыз мамлекеттик университетине кирүү экзамендерин тапшырып жаткандагы дилбаянымда "Алыкулдун ырлары" боюнча анализ-талкуу жазып, "беш" деген баа алып, окууга өтүп, азыркы жашоо-турмушума алгачкы фундаменттин түзүлгөнүн эч качан унута албайм.

Ошондо мен Мама агай жаттаткан Алыкул акындын жер-суу, балалык, ар түрдүү кесиптер, достук-интернационализм, экология, сүйүү, адамдык сапаттар жөнүндөгү "пири тирүү" ырларын, алардын тарбиялык маанисин өз кудуретимдин жетишинче кыскача талдоо жүргүзүү менен ирээттештирип, цитаталарды келтирип баяндама жаздым эле. Асыл адамдардын таасиринен алган билимимдин мээнети ошентип кайткан. Чоң кубанычка бөлөнүп заманга ыраазы болгом. Ошондо мага акын Алыкулдун мен жатка билген "пири тирүү" ырларынын касиети, аны ошончолук жогорку деңгээлде окуткан Мама агайдын баа жеткис эмгеги, "чындыгында талаптын деңгээлинде жазылган" деп чындыктан тайбай, менин аздыр-көптүр билимиме калыс баа берген ошондогу университеттин кабыл алуу комиссиясынын кара кылды как жарган калыс чечимине дагы бүгүнкү күнгө чейин ыраазымын.

Алыкул Осмоновдун дайыма "пири тирүү" ырлары, аны окуткан Мама агайымдын жаркын элеси, бүгүнкү күнгө чейин эсимде жана унутулбайт. Аларга өмүр бою ыраазымын жана карызмын. Ал карызымды өзүмдүн талыкпаган эмгегим менен актайм деген аракетте өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап, турмуштун ар кандай бороон-чапкынында максатымдан тайбай эмгектенип келе жатам.

Шаршенбек Алтыбаев, академик Үсөн Асанов атындагы
Нарын облустук лицей-интернат мектебинин география мугалими,
«Кутбилим», («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.03.2010-ж.

Читайте также: