Бактыгүл Чотурова

b_choturova

Бактыгүл Чотурова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Бактыгүлдүн бак-дарактуу ырлары

Акын аялдар

Бактыгүл Чотурова, акын: «Байкасам, жалтаңдаган көзүңдөмүн…»

Бактыгүл Чотурова: «Келчи, андан көрө сүйүү жөнүндө сүйлөшөлү…»

 

Ырлар

КУМУРСКА…

Чарчоолорду жатканда аста-а көөшүп,
Аттап өткүм келет го-о, аттап өтүп.
Кумурскадай кыбырайм ыр көтөрүп…
Колдон келбейт көрүнөт башка кесип.

Түнбү, күнбү турса да үймөлөнүп,
Түртүп коюп түйшүктү үйгө келип,
Бир тоголок дан түрткөн кумурскадай,
Бир сап ырды келатам дүйнө көрүп…


ҮМҮТҮМ ҮЙГӨ КИРБЕЙ ЖОЛДО ТУРАТ

Үшүгөн жалгыздыктын өңү чөптөй,
Үмүттөр чүкө кылып мени өкчөй.
Жеңилип баратканда жерден алып,
Жетелеп турат жолдор сени көздөй.

Жашоосу жашообу адам көөнү өспөй…
Көртирлик колум байлап деги кетпей,
Чарчоолор чалып жыгып кетээринде,
Чакырып турат жолдор сени көздөй.

Башкарган сезим менен күйүп-жанып,
Баарынан сеники укмуш бийлик анык.
Кантейин, сага алпарчу жолдун учун,
Катсамбы ийигиме ийрип алып.

Сен жокто бүтүн аалам бош калгандай,
Жашоонун кызыгы да жок… жалгандай.
Санаага сапырылып чачыламын,
Сагыныч жүрөгүмө от салгандай.

Көп болду кеттиң алыс сапар алып,
Көөнүм пас жалгыздыкта капаланып.
Үмүтүм үйгө кирбей жолдо олтурат,
Үнүңдү укмайынча качан анык.

Жетелеп турат жолдор сага карай,
Табышмак бийлик кылып мага далай.
Эмне үчүн экенине жооп таппай,
Эңсөөгө туткун болом ар күн, ар ай.

Ошентип жылга айланат миң, миң мүнөт,
Тагдырлар табышаарын кимдер билет.
Үлбүрөп үшүп калган күтүүнү өөп,
Үмүтүм үйгө кирбей жолдо жүрөт.


АЙ БАТКАНДАЙ ӨМҮРДҮН БАТАР КҮНҮ

Жаратылыш жаз тосуп көйрөңдөнүп,
Жашыл бакка жааган нур айдан келип.
Жалбырактар тоссо да шыкаалашып,
Бизди таап алды экен кайдан көрүп.

Кантип бүгүн жолуктук, өңбү, түшпү,
Каткырышып турушкан түнкү бизди...
Калың бактын учуна илинген ай,
Карап, тыңшап тургансыйт күлкүбүздү.

Кымбат өмүр, көңүл да баарысынан,
Кызыктырат эртеңдер жаңысы улам.
Ай баткандай өмүрдүн батар күнү,
Алысынан болсо экен алысынан.


АКИМ ЭМЕС АКЫН…

Аким болуш келбейт колдон,
Ташка окшобойт жүрөгүм.
Ташты жарып өсүп турган,
Чөпкө умтулган бирөөмүн.

Аким болуш келбейт колдон,
Асанкайгы жүрөгүм.
Күлкү сынып жатса жолдо,
Күнгө ыйлаган бирөөмүн.

Күнүмдүкпү, төбөлүкпү,
Жазмышы бар ар кимдин.
Аким эмес, акын-тагдыр
берген үчүн бар билгим.


БИР КУРБУМА

Канттиң экен, эстедиң бекен мени?
Кыйын го берген сөздүн өтөлмөгү.
Тагдырдын татаалына арман кылба,
Не дейин жүрсөң болду эсен деги.

Билбесек өзүбүздү эле бир жөн,
Өмүрү кыска күндүн ойноп-күлгөн.
Ай чапчыйм дегениңден шекип калгам,
Ай сүйүп, бактылуудур жерде жүргөн.

Көбүрүп көрүшкөндө күчөп бир дем,
Көңүл деп көп сөзүңө кулак түргөм.
Күн чапчыйм дегениңден шекип калгам,
Күн сүйүп, бактылуудур жерде жүргөн.


ЖҮРӨГҮМДӨ СЫНЫК БАР

Көз жашымды көрбө шамал,
Чуркап кайчы өтүп кет.
Сендей эмес мендеги абал,
Уңулдаарсың кезиксек.

Көз жашымды көрбө айым,
Жолду тоссун булуттар.
Өңүм азган бир муңайым,
Жүрөгүмдө сынык бар...

Көз жашымды көрбө күнүм,
Көлөкөгө бекинем…
Кымбат көргөн адам айткан
арзан сөзгө өкүнөм!

Жакшы болмок жамгыр төксө
Жашым калмак окшошуп.
Жалгыздыктан көөнүм бөксө,
Эркелигим токтотуп.

Билбейм аны ким туярын,
Менин кыйбас ырымдай.
Сыр алдырбай зымпыямын,
Сыраяктын сынындай…

Жаным менен кетер сөзүң,
Сөөгүм менен бир уктаар.
Жүз... жүз жылга чачырады,
Жүрөгүмдө сыныктар..

“Жаңы ордо”, 05.03.2010-ж.

Читайте также:

комментариев 5

  1. Чотурова:

    Бактыгүл ЧОТУРОВА
    Өмүр баян

    Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий лыйлыктын лауреаты, акын Бактыгүл Чотурова 1955-жылы, 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.
    Кыргыз Мамлекеттик (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук) университетинин филология факультетин бүтүргөн. Кырк жылга жакын убакыттан бери басма сөз тармагында жооптуу кызматтарда иштеп келет. Учурда «Жетиген» көп тармактуу коомдук журналынын башкы редакторунун орун басары.
    Жеке чыгармачылыкта окурман журтчулугуна акын катары таанымал. “Кызыл ат”, “Боз торгой”, “Сагыныч”, “Чокморовго ыр десте”, “Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй”, “Найман”, “Күн-Кудайдын кареги” аттуу ырлар жана поэмалардан турган китептердин автору. Орус тилинде которулуп “Легендарный Иссык-Куль” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагы жарык көргөн.
    Чыгармачылыктагы жетишкен ийгиликтери үчүн 2015-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) Алтын медалы ыйгарылган.
    Б.Чотурова котормо жанырында да узанып келет. Казак адабиятынан Шахизада Абдыкаримовдун “Көк астындагы каганат”, Нагашыбай Мукатовдун “Жанымдын жашыл жалбырактары” ырлар жыйнагын, азербайжан акыны, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бахтияр Вахабзаденин “Биз бир кемедебиз” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагын кыргыз тилине которуп, басмадан жарык көргөн.

    Бактыгуль ЧОТУРОВА
    Биография

    Заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики, лауреат литературной премии имени Алыкула Осмонова, поэтесса Бактыгуль Чотурова родилась 29 сентября 1955 г. в селе Кара-Жыгач Токтогульского района Жалал-Абадской области Кыргызской Республики.
    Окончила факультет филологии в Кыргызском Национальном университете (в настоящее время Национальный университет имени Жусупа Баласагына). Около сорока лет работает ответственной работы в печатной отрасли. В настоящее время является заместителем главного редактора много отраслевого общественного журнала «Жетиген».
    В личном творчестве читателям известна как поэтесса. Является автором книг состоящих из стихов и поэм “Кызыл ат”, “Боз торгой”, “Сагыныч”, “Чокморовго ыр десте”, “Ысык-Кол суйуунун козундой”, “Найман”, “Кун-Кудайдын кареги”. На русском языке вышел сборник стихов и поэм «Легендарный Иссык-Куль».
    За достижения успехов в творчестве в 2015 г. была награждена Золотой медалью Все Мирной интеллектуальной собственности (ВМИС).
    Б. Чотурова работает и в жанре перевода. На кыргызский язык были переведены и опубликованы сборники стихов и поэм, Шахизада Абдыкаримова «Кок астындагы каганат», Нагашыбая Мукатова «Жанымдын жашыл жалбырактары» из казакской литературы , сборник стихов азербайджанского поэта, лауреата государственной премии СССР Бахтияра Вахабзаде «Биз бир кемедебиз».

    • kmb3:

      Чоң рахмат, сизге, Бактыгүл эже.
      Биздин өксүгүбүздү толтуруп койдуңуз.

      Бирок бул жердеги баракчаңызды эмес, Жаңы негизги сайттагы баракчаңызды толуктап коем - http://kmb3.hostenko.com/2010/03/09/baktyg-l-choturova/.

      Чоңурак жакшы сүрөтүңүз менен да бөлүшсөңүз жакшы болот эле. Аны бул дарекке жиберип койсоңуз болот - [email protected]

    • Б.Чотурова:

      ЧОТУРОВА Бактыгүл
      Өмүр баян

      Акын, драматург Чотурова Бактыгүл 1955-жылы, 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.

      1979-жылы Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. КТРК нын “Манас” студиясында редактор болуп иштеген. 1997-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Туусу” гезитинде маданият бөлүм башчы болуп эмгектенген.
      Учурда “Жетиген” журналынын баш редакторунун орун басары.

      1991-жылдан бери СССР Жазуучулар Союзунун (№17916), 1996-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү.

      2004-жылы республикалык Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты болгон.

      2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы ыйгарылган.

      2011-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамын алган.
      2015-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) Алтын медалы ыйгарылган.
      2017-жылы “АРТ ОРДО” Эл аралык театрлар фествалында “Тумар ханыша” (ТОМИРИС) драмасы (режиссеру Марат Козукеев)Гран-При утуп алган.
      Үй-бүлөлүү. Беш кыздын апасы.

      Б.ЧОТУРОВАНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАГЫ НЕГИЗГИ ЭМГЕКТЕРИ:

      Поэтикалык китептери:
      “Кызыл ат”, (Ырлар). Фрунзе, "Мектеп", 1989.
      “Боз торгой”, (Ырлар). Бишкек, "Кыргызстан", 1998.
      “Сагыныч”, (Ырлар, поэмалар жыйнагы). Бишкек, “Бийиктик”, 2004.
      “Чокморовго ыр десте”, (Ырлар), Бишкек, “Бийиктик”, 2006.
      “Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй”, (Ырлар жана поэмалар). Бишкек,
      “Бийиктик” 2006.
      “Найман”, (Ырлар жана поэмалар) 2013-ж. Бишкек, “Турар” басмасы
      “Күн-Кудайдын кареги”, (Ырлар, поэмалар, ыр түрмөктөр жана драма), Бишкек, "Турар-Абыкеев А.Э.)", 2015.
      “Жалгыздык бар”, (Ырлар жана поэмалар, драма). Бишкек,
      "Турар-Абыкеев А.Э.)", 2016.

      Драмалары:
      “Тумар ханыша” (Томирис) эпикалык драма.(Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын репертуарында коюлууда)
      “Рамаяна”, эпикалык драма. (Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын репертуарында коюлууда)
      «Дон Кихот», комедия
      “Чыпалак бала-Чыныбек”, балдар үчүн жомок.(Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын репертуарында коюлууда)

      Котормолору:
      У.Шекспир, “Макбет” трагедиясы, 2018-ж. .(учурда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры менен Англия теары биргеликте иштешип даярдалууда)
      Шахизада Абдыкеримов, “Көк астындагы каганат” (казакстан, ырлар),Бишкек, “Бийиктик”, 2002.
      Нагашыбай Мукатов, “Жанымдын жашыл жалбырактары” (казакстан, ырлар), Бишкек, “Турар”, 2009.
      Бахтияр Вагабзаде “Биз бир кемедебиз”, (азербайжан, ырлар жана поэмалар), Бишкек, “Бийиктик”, 2010
      “Котормолор” (Чыгыш жылдыздары жана түрк тилдүү элдердин акындарынын ырлары) , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, Бишкек, 2015.
      “Өмүр боёктору”, (Индия акындарынын поэмалары жана ырлары), Бишкек, “Аркус басмасы”, 2016
      Н.Коляда “Шанель айым”, комедия. (Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын репертуарында коюлууда)
      К.Жунисов, “Махабаттын мелодрамасы”, драма.
      В.Павловских, “Айлакер бачки”, балдар үчүн жомок. (Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын репертуарында коюлууда)
      А.Богачева, “Шайыр светофор”, балдар үчүн мюзикл.(Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын репертуарында коюлууда)

      Кинодо:
      “Арзуу” кинотасмасында ырынын сөзү
      “Дарак ыры” мюзикл кинодастанынын ырларынын сөзү

      Чет тилдерге которулган чыгармалары:
      “Легендарный Иссык-Куль”, (стихотверении и поэмы) Бишкек, “Бийиктик”, 2008.
      “TURK EDEBiYATLARI ANTOLOJiSi”, (Siirler), Ankara, 2008.

      Прозалык чыгармалары:
      “Асанкул куудул”, (Проза). Бишкек, “Бийиктик”, 2003.
      “Суу алдында калган шаар”, (Публицистика) Бишкек, “Print Express” 2009.

      Автор жана түзүүчү катары:
      Кудайберген Жуманазаров-“Тандалмалар”, Бишкек, “Бийиктик”,2010.
      “Залкар акын Тууганбай”, (ырлар, эскерүүлөр) Бишкек, “Турар”, 2012.
      “Токтогулдун кербези”, (Ырлар, эскерүүлөр, илимий изилдөөлөр), Бишкек, “Турар”, 2012.
      Ак булуттар алып кеткен Асанкалый Керимбаев-(публицистика, эскерүүлөр), Бишкек, “ЧП Абыкеев” басмасы, 2015.

      Дареги: Бишкек шаары, Учкун кичи району 15-1.
      Тел:0312-428605, 0770-454607, 0700-634348

  2. Чотурова:

    Бактыгүл Чотурова

    1.
    Аның чын

    Кандай атат билбейм эртең таңымын,
    Сени эстесем... мынча кымбат белемсиң.
    «Көңүлүңдүн көрсөң боло жарыгын,
    бул өмүрдөн кимдер өтпөйт» дегенсиң.

    Өлүмдөн мен качалбасмын, аның чын,
    Сүйүүдөн да качып кайда кутулам?
    Ошондуктан, сага агылып сагынчым
    Үзалбадым ойлорумдун учунан.

    Жаман окшойт жалгыздыкта эзилмей,
    Тигинде көп түгөйлөштөр бир басат.
    Мени тиктеп турган сенин көзүңдөй
    Мелт-калт болуп сүйүү толо көл жатат.

    2.
    Сен мага кайдан келдиң?

    Сен мага кайдан келдиң, жамгырданбы?
    Жактырган окшоп эстен тандырганды.
    Эркелеп бүт ааламга тургансыдым,
    Эмнеден алдым билбейм жан жыргалды.

    Сен мага кайдан келдиң, шамалданбы?
    Зар күтүп тостум үрөң-бараң таңды.
    Өмүрдүн кымбаттыгы көзүмдү ачып,
    Өзүңө чачылаарым араң калды.

    Анан да бир сырым бар, эмне десең,
    Асмандан жерге жеткен эң бир бекем
    Ырлардан шаты токуп жүрдүм эле,
    Сен мага күндөн түшүп келдиң бекен?!

    Бактыгуль Чотурова
    (орусча котормосу)

    1.
    Как ты прав

    Что сулят мне, не знаю, и утро, и вечер.
    Лишь тобою живу от зари до зари.
    Ты шептал мне: «Никто в этом мире не вечен,
    Загляни в мою душу, собой озари ».

    Как ты прав. Ведь и я в этом мире не вечна,
    Потому то радуюсь чувству любовь.
    От тоски вековой – то, что жизнь быстротечна,
    Не уйти, хоть кого ты на помощь зови.

    Молодой одиночеством мучиться страшно,
    Всюду пары влюбленных, волнующих кровь.
    Как огромные очи твои, так прекрасна,
    Чаша озера жизни – с названьем Любовь.

    2.
    Ниспослан ли ты был для меня?

    Мне ты был ниспослан, наверное, с радужным ливнем,
    Меня обогревшим в моем одиночестве зимнем.
    Казалось, как будто бы с Космосом я ласкаюсь,
    Такого блаженства не видела я доныне.

    А может, ты был занесен благодатным ветром,
    Не спал до утра, с багряным ушёл рассветом,
    И я поняла, что жизнь – это дар бесценный,
    Лишь вот не успела признаться тебе я в этом.

    Есть тайна теперь у меня, что мной завладела после:
    Связь Неба с Землёю узреть нам не так – то просто.
    Есть лестница – сказка, что соткана вся из песен,
    …А может быть, Солнцем самим ты был для меня ниспослан?

    Перевод Николая Пустынникова

  3. Айдан тушкон акын кызга арнадым

    Жамгыр десем жамгыр тогуп жаткандай
    Жер жузуно жарык чачкан ак тандай
    Бактыгулдун ырларына суктанам
    Жылажындуу булак тоодон аккандай

    Айдан тушкон ай кызынын нурлары
    Чотурова Бактыгулдун сырлары
    Замандашы таамай айтып откондой
    Жуурулушкан ай нуруна ырлары

    Эргип окуйм таамай таза жазганын
    Сезип турам далай кырды ашканын
    Чынында эле Айдан келген сыяктуу
    Эч окшошпойт ырларына башканын

    Шамал десем бороон десем жарашкан
    Жердин бетин бир сапырып бараткан
    Бактыгулдун ырларында чон талант
    Берген экен кучтуу сезим Жараткан

    Толкун десем толкуп жээке чабылып
    Ыр дуйнондо Алыкулга кабылып
    Ыр жаза бер терип создун берметин
    Сезимдерин турсун Сага багынып

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *