Архив по дням: 1 марта, 2010
Профессор Аблабек Асанканов кытайлык кыргыздардын жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-адатын чагылдырган 3 миңден ашуун сүрөттөрүн, кинотасмасын, илимий эмгегин Кыргызстандын тарых музейине белекке берди. Илимпоздун чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын тарыхы менен маданиятын иликтеген жаңы эмгеги жакында эле жарыкка...
Юнус Эмре кайрадан кыргызча сүйлөдү Жаш акын жана котормочу Алтынбек Исмаиловдун "Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре" аттуу китебинин экинчи басылышы жарык көрдү. Аталган китептин биринчи бөлүмү XIII кылымда жашап өткөн белгилүү түрк акыны Юнус Эмренин...
Портрет стили адамдын сырткы келбетин гана эмес, анын ички жан дүйнөсүн чагылдыруу. Бул жанр аркылуу сүрөткер адамдын жан дүйнөсүндө орун алган руханий баалуулуктарды ачып берет.
Кадимки эле Кыргызстандагы тоолуу кыштактарынын бири… Бирок биз сиздерге баяндап бере турган айыл европалыктар менен япондордун сүйүктүү эс алуучу жерине айланган. "Алгач туризм менен алектенгендерге жолугуп, бул ишкердикти бардык жагынан изилдөөдөн баштадым. Бизнесте муну...
Коштошуу Бүгүн ал кетсе дагы алыс жакка, Дарактар ийилбеди, булак да ыйлабады. Асманда канча доордун күбөлөрү Жылдыздар жерге ок да атышпады. Бүгүн ал алыстарга кетсе дагы, Көөдөндү чымчыбады эч бир сезим. Кагылбай калган өңдүү...
Балдардын психологиясы, күнүмдүк турмушу чагылдырылган кыргыз фильмдери саналуу гана. Ошол саналуулардын катарында “Көз айнекчен бала” тасмасы бар. Фильм жаралган соң анын башкы каарманындай баатыр болгусу келген балдардын көбөйгөнү айтпасак да белгилүү. 1972-ЖЫЛЫ ТАРТЫЛГАН Жанры...
Сахнада буттун учу менен басып, абада жеңил калкыган балеринаны элестетиңиз... Исскуствонун бир түрү балет убакытты, талыкпаган эмгекти, кээде энелик бакытты курмандыкка чалууну талап кылат. Бирок балерина гана сезе билген эң чоң бакыт бар. Ал...
МАМАЖАНОВДУН АРТЫНДА ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЫРЛАРЫ КАЛДЫ Жумурай журт кайра жаралгыс талантынан ажырады. Эл оозунан түшпөй ырдалып келаткан “Сүрөтүңө”, “Жазым келчи” деген сыяктуу бир нече ырлардын обондорун жараткан Жолдошбек Мамажанов 24-февралда көз жумду. Обончуну асылган оору...
Элдияр ЖЕЛДЕНБАЕВ К.Жантөшев атындагы Каракол музыкалуу драма театрынын актеру менен маек. 1970-жылы Ак-Суу районундагы Маман айылында туулдум. Тагдыр ошону жазган экен үч жашымда апамдан, 7 жашымда атамдан айрылдым. Ошондон баштап чоң энемдин колунда тарбияландым....
Кыргыздын алп манасчыларынын бири ХIX кылымда жашап өткөн улуу манасчы Жапый уулу Тыныбектин небереси, көп өнөрдүн ээси - обончу, ырчы, артист, драматург, режиссер, төкмө акын, КР эл артисти Табылды АКТАНОВ менен чоң атасы тууралуу,...
Пикирлер