Шамен

- Ханга кун жок, Ормонду бир тууган бугулар өлтүрдү. Анын кунун кууйбуз деп, жарабыз жаңыдан эле айыкпады беле? Бугу элинин тартпаган азабы канча, эми тынчый баштаганда бул оюнду токтот.
- Сарбагыштар Ормон хандын кунун алалбай калды деген сөз болуп атат…-деди Шабдан баатыр.
- Мейли, бугу эли биз кыйындыгыбыздан сарбагыштарга кун берген жокпуз деп айтып калаар. Сарбагыштар биз кыйындыгыбыздан Ормон хандын кунун кечтик деп айтып калаар. "Коёнду камыш. Эрди намыс өлтүрөт" дейт. Эки элди кайрадан чабыштырбай, ушул доону топтон алып сал!- деди Шамен Шабдандын көзүнө тике карап.

Ормон хандын кунун доого койсом, Шамен жакын тууганы эмеспи, колдоп кетер деп ойлогон Шабдан баатыр бир азга ыңгайсыз абалда тунжурай түшүп үн катты:
- Айтканыңыз туура элдин ынтымагын ойлойлу, Ормон хандын кунун топко салбайм.

Шамендин каршылыгынан улам Ормон хандын куну доого коюлбай калды. Ансыз деле эл ичинде, бугу менен сарбагыштын узакка болгон таймашуусунан улам мындай кеп айтылып калган:
Саяк элдин шогу,
Солто элдин тогу.
Сарбагыш менен бугунун
Барынан жогу.

Ормон хандын кунуна чекит коюлду. Чындыгында бүгүн Шабдан кадыр-баркын салып бугудан доо өндүрсө, эртең бугудан дагы бир Шабдандай даражалуу адам чыкпай коймок беле.Шабдан баатырды тизгиндеп Шамен кыргыз элинин ынтымагы үчүн чоң иш жасады.

* * *
Ормон хандын өлүмү көп кан төгүүлөрдүн башы болуп келген. Чачыранды жаткан кыргыздардын көптөгөн уруулары биригүүнү самап турушкан заман эле. Бир жагынан кыргыздарды Кокон хандыгы зордук-зомбулугун көрсөтүп келсе, бир жагынан чүрчүттөр Чыгыш Түркстанды ээлеп кыргыз жерине көз артып келаткан. Ал эми түндүк жактан орустардын кошунунан сүрүлүп келаткан Кененсары хан баш болгон казактар чачыранды кыргыз элин четинен кырып, жерин тартып алууга умтулушкан. Ушундай кооптуу маалда кыргыз урууларынын башын кошуу, ынтымакка келтирүү, бирдиктүү кол топтоп каршылаштарына сес көрсөтүү керек эле. Ормон хандын акыл кошчу кеңешчиси Шамен кыргыз урууларынын башын бириктирүү үчүн көптөгөн аракеттерди кылган. Ал мезгилде өзү бий, өзү хан көптөгөн уруулардын башын кошуу үчүн тунук акыл керек эле. Башка урууларды кой сарбагыштар өз ичинен Темир-Болот, Тынай, Борукчу деп жиктелип турган убак эле. Бугу эли чамгарагын бийик көтөрүп, Балбайдын эрдигине таянып, Тилекматтын тилинин тактыгына таянып эч кимди көзгө илгиси келбей турган. Шамендин акылы менен бугунун мыктысы Боромбай манап Өмүрзак деген уулуна Ормон хандын Кулан деген кызына куда түшөт. Ошентип, бугу элин "эки жаман тоого барса кубалашып түшүшөт, эки жакшы тоого барса кудалашып түшүшөт" дешип, илгерки кыргыздын ырым-жырымы менен, эки элдин журт башчылары куда болуп, эки элди ынтымакка чакырат. Бирок, экөөнүн куда болгону сарбагыштардан Төрөгелди баатырга, бугулардан Балбай баатырга жаккан эмес. Бугуну колго алгандан кийин Шамен Ормон ханды көндүрүп, кыргыздын башка урууларын да колго ала баштайт, сарбагыштын дагы бир мыктысы Жантай баатыр солтонун мыктысы Жангарач манап менен кыз алышып, беришип куда- сөөк болот. Жанаша жаткан саяк, черик эмес алыстагы саруу, кушчу, Анжиян-Алайдагы адигине,ичкилик, сол канаттагы мундуз жана башка урууларды да биригүүгө үндөшүп тамырын тартып көрүшөт. Ал мезгилде Анжиян-Алайдагы кыргыздарда Кокон ханынын таасири күч эле. Бирок ага карабай Анжиян-алайлык кыргыздарда кадыр-барктуу Алымбек датка кыргыздардын башын бириктирүү демилгесин колдоп, хан көтөрүү аземине келип катышкан.

Албетте, кыргыздардын башын бириктирүү үчүн хан көтөрүп, мамлекет түзүү керек эле. Кыргыз эли душмандар каптап, башына күн түшкөн маалда, эл-журтка баш-көз болуш үчүн ак кийизге көтөрүшүп бий же хан көтөрүшкөн. Буга кыргыз элине баш болгон Тагай бий, Манап бий,Кудаян хан, Белек хандарды кошууга болот.

Эми кыргыз элин туш-туштан кысып келатканда бириктирип хан көтөрүү өтө зарыл эле. "Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска" дегендей Ормондун эмес, бул жерде Ормонду хан көтөрүүдө Шамендин эмгеги өтө зор. Ал тубаса дипломат болгон. Чатакташып жаткан кыргыз манаптарынын тилин таап хан шайлоого көндүргөн. Ошентип, уруу башчылары Көтмалдыга чогулуп, кыргыздын ошол мезгилдеги "элитасы" бүт чогулат. Келген меймандарды коноктоп жата беришет. Көрсө, Анжиян-Алайдын билерманы Алымбек датканы күтүп жатышкан экен. Алымбек датканын келиши менен ак боз бээ союлуп, Шамендин акылы менен Ормон ханга чакталып тигилген кызыл тебетейди алып чыгып, кыргыздын билермандарын уй мүйүз отургузуп жыйын башталат. Баатырдыгы, эрдиги бар, бирок сөзгө чоркок Ормон ордунан туруп бир гана сөз айтат:
- Мына, кыргызга хан боло турган адамга кызыл тебетей, муну кимиңер кийесиңер?-деп.

Мындай түз коюлган маселе, көпчүлүккө күтүүсүз болгондуктан, мыкчыгерлердин бир тобу дендароо боло түшөт. Кимдин эле кыргызга хан болгусу келбесин. Солтонун мыктысы, башы казандай болгон Жангарач манап хан болоюн десе кызыл тебетей төбөсүнө эле конуп калчудай, саяктын мыктысы, башы чымчыктыкындай Качыке манап хан болоюн десе кызыл тебетейдин ичине башы эмес мойну да батып кетчүдөй. Четирек жашаган черик, саруу, кушчунун мыктыларына кызыл тебетей чак болгону менен хан болом деп айтууга даай албай турушту. Бугунун мыктысы Боромбай манап куда болуп алданганын билип, бармагын тиштеди. Сөздү алыстан келген Алымбек датка бузду:

- Ормон баатыр өзүң тиктирдиңби, кызыл тебетейиңди өзүң кий!- деди, ичтери күйүп, туз жалашса дагы Шамендин айла-амалы менен Ормон кыргызга ак кийизге салынып хан көтөрүлдү. Арийне, көпчүлүк мыктылардын ичинде көрө албастык, ич күйдүлүк канына тээп жатты. Ормон хан болоор менен өзүнүн трайбалисттик жарлыктарын чыгара баштады. Мыйзам чыгаруу боюнча кеңешчилигине же азыркыча спикерликке жана тышкы иштер министрине сарбагыш Шаменди дайындады, Башкы командачы, коргоо министрине сарбагыш Төрөгелди баатырды, дагы бир кеңешчиге же премьер-министрге сарбагыш Жантай баатырды, мамлекеттик секретарга сарбагыш Калыгул олуяны, ички иштер министрине сарбагыш Адыл баатырды, андан тышкары өз атасы Ниязбектин "сегиз бегин, телегейи тегиз бегин" кур калтырбай бирден дубанга губернатор даражасын берген. Мына Ормон хан кыргызды баш коштурам деген идеясы болгону менен, трайбализмди баштап жалпы кыргызга хан катары таанылбай калган.

Шамен "Ормон опуза" деген башмыйзамды жазып, кабыл алган. Бул мыйзам боюнча кыргыздар бири-бири менен чабышканга, жылкысына тийгенге, уруулукка, киши өлтүрүүгө тыюу салынган. Ар кандай жазалар колдонулган, кун төлөгөн, зынданга салынган. Бул мыйзамдардын ичинен эң эле мыктысы аскердик тартип жөнүндө мыйзам эле. Тынчтык мезгилде чек арага көз салган бир аз гана кошуун түзүлсө, душман кол салган убакта баардык ким эркекмин деген кыргыздарга тез аранын ичинде аскердик мобилизациянууга тийиш эле. Кененсары хан кыргыздарды басып киргенде кыргыз эли тикесинен-тике туруп төшүн тосуп, казактардан кыргыз жерин сактап калды.Ушул мыйзамга баш ийбей бул салгылашууга келбей коюшкан бугунун мыктыларына Ормон хандын өчөшүп калганы ушундан башталат.Чындыгы, аз да болсо мамлекет катары тартип орногон.Ал эмес кыргыз-кытай чек аралары такталып, Кытай бийлиги Ормон хандын мамлекетин таанып, мамлекет аралык мамиле түзүү максатында Шамен баш болгон кыргыздардын алгачкы делегациясы Үрүмчүдөгү кытай бийликтери менен чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ормон хан менен Шамен кыргыздар Россиянын курамына кошулганга чейин эле чүрчүттөрдү чүлүктөп, кытай менен кыргыздардын чек арасын тактап коюшкан.

* * *
Дүйнөнү дүңгүрөтүп Кенехандын үстүнөн жеңишке жеткен соң манап Ормон хан ого бетер манчыркап калат. Ал дөөлөтүнө дөөгүрсөнөп Шамендин айткан акыл-кеңештерин кулагынан тышкары кетирип, көптөгөн кемчиликтерди кетире баштайт. Кенехан орто жүздүн улуу ханы болгону менен орус императоруна каршы орто жүз менен улуу жүздүн казактарын көтөрүп чыгып, оторчу орустарга күн көрсөтпөй жаткан кези эле. Кене хан Ормон ханды таанып, ага кыргыз казак биригели, бир хандыктын алдында деп элчи жиберет. Ормон хан да "хан түзсөк улуубуз хан бололу" деп, Кене ханга кыргыздар баш ийбесин битлдирет. Кененсары анын кенебей койгонун шылтоолоп солтонун Жаманкара баатырын чакырып алып, тирүүлөй бөйрөгүн сууруп алган. Кененсары, Норузбай Чүйгө каптап киришип боюнда бар аялдардын ичин жарып , төрөлө элек баласын мууздап. Көрдө жаткан мыкты ата-бабалардын сөөгүн алып чыгып чачышып, солто элин сүрүп келатканда Ормон хан кол баштап келип казактардын колун талкалап. Колго түшкөн Кененсары менен Норузбайды Жаманкаранын катынына салып берип өлтүртүп, башын орус төрөлөрүнө жөнөтүп, орус империясынын сый-урматына ээ болуп турган маалда, бугулардын салгылашка келбей койгонун шылтоолоп, бул элдин мыктыларын "сындыргысы" келет.

* * *
Бугу менен сарбагыштын эмне кастыгы бар, эмне жакындыгы бар. Тагай бийдин балдарынын ичинен бир ата болсо да бугу менен сарбагыштын жакындыгы бар. Тагай бийдин Кылжыр, Богорстон, Карачоро, Жедигер деген канынан чыккан "тонсуз" балдары болсо, азып жүрүп асыранды болгон Азык, Саяк, Черик, Коңурат, Чертки жана башка толгон-токой "тондуу" балдары болгон. Кылжырдын Орозбакты, Дөөлөс деген балдары тың чыгышып, кыргызга баш-көз болушат. Эзелки заманда кыргызга катаган баш болот, андан кийин бийлик багыштардын колуна өтөт. Кылжырдын балдары да бийлик дегенде ак эткенден, так этишип, эр жигит эл четинде, жоо бетинде дешип атактары катуу чыккан соң , булар багыштан да зор болду, "зорбагыш" болду дешип Кылжырдын балдарын сарбагыш атка кондурушат. Сарбагыштар "илебине нан бышып" турган маалда, катаган туш-тарапка тарап кеткен кези экен, калган-каткан катаганды сүрүп барып, калмактарга чектеш жерге алып барып коюшат. Мунун себеби катагандар биринчиден согушчул, жоокер калк болсо, экинчиден калмактар менен кармашып кырылып, күчү азайсын деген эле кеп. Дөөлөстүн Манап деген уулу мыкты чыгып, ага кыргыздан кыз табылбай калгансып Миңшакек деген калмак кызын алып берет. Манап бийдин Миңшакек деген ушул байбичесинен тараган тукуму тың чыгышып, Орозбактынын балдарын бугу атка кондуруп, сарбагыш деген атты өздөрү менчиктештирип алат. Манап бийден Сүтөй, Сүтүке жана калмак кызы Миңшакек байбиченин чаяндай болуп ичин жарып чыккан Жарбаң баатыр. Жарбаң баатыр таяке-тайы калмактардын тамтыгын чыгарып, акесин окуткан. Сүтөйдөн Сарысейит, Тукур, Эшим жана башкалар.

Шамендин кыргызча ата-тегин сүрсөк да, еврейче апа-тегин сүрсөк да Манап бийге барып кошулат. Ата-тегинен баштасак Сарысейиттен Үчүке, Түлкү, Кудаян. Жаңыл мырзаны Түлкүгө токолдукка алып беребиз деп барып, анын итин көрүп "канчыктын канчыгы келатат" дегенин угуп калып Жаңыл мырза Үчүке менен Түлкүнү экөөнү тең жаа менен атып салат. Үчүкеден үч бала, ал эми Түлкүдөн Тынай калат. Сарысейиттин байбичеси калмакпы же кыргызбы ким билет, катаал адам болгон экен. Эмчектеги Тынайды алып калып Түлкүнүн аялын кетирип жиберет. Акыркы жолу сүтүн эмизип атып Тынайдын энеси боздоп: "Үчүкенин үч баласы жалгыз Тынайыма күн көрсөтпөйт го" деп сыздап кетет. Тынай деле тың чыгат анын Атакесинен Таштанбек, Карабек, Жантай, Шабдандар тараган.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.01.-05.02.2010-ж.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *