Москвада Кыргызстандын адабият жана фольклордук үлгүлөрүн камтыган жыйнак жарык көрдү
Жаңы жылдын алдында Москвада Кыргызстандын адабият жана классикалык фольклордук үлгүлөрү камтылган “Түбөлүктүн үнү” деп аталган жыйнак жарык көрдү.
Кыргыз маданиятын сактап, өнүктүрүүнү каалагандардын блогу
Жаңы жылдын алдында Москвада Кыргызстандын адабият жана классикалык фольклордук үлгүлөрү камтылган “Түбөлүктүн үнү” деп аталган жыйнак жарык көрдү.
Бүгүн белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев 69 жашка толду. Ал 1941-жылдын 12-январында Фрунзеде туулган. 1962-жылы Лариса Шепитьконун Чыңгыз Айтматовдун "Бото көз булак" повести боюнча "Аптап" фильмине тартылган. 1965-жылы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук факультетин...
Рыспай Абдыкадыров 1941-жылдын 12-январь күнү Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти бүтүрүп, эмгектенип жүргөн райондук маданият үйүнөн 1962-жылы Жалал-Абад театрына которулган. 1963-жылы Ош педогогикалык институтунун музыка факультетине кабыл алынган....
Жаңырган жылдын май айында Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюму 75 жылдык мааракесин белгилейт. Ага бир катар мамлекеттин кыл калем чеберлери келет. Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюмунун төрагасы Таалай Курмановдун билдиргенине караганда учурда мааракеге карата даярдыктар көрүлүүдө. Анын айтуусунда...
Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында У.Шекспирдин "Ромео жана Жульетта" пьесасы боюнча жаңы спектаклди даярдоо башталды. Бул туурасында 11-январда "Кабар" агенттигине театрдын басма сөз кызматынын жетекчиси Владимир Трофимов билдирген.
Блогдун "Издөө" кызматы жакшыртылды. Мурда издөөгө киргизилген сөздүн жыйынтыгы түшүнүксүз символдор болуп чыгып жатса, эми ал туура көрсөтүлө баштады. КМБ
Пикирлер