2010-жыл Кыргызстанда Мурас жылы деп жарыяланды
Мамлекеттик маданият агенттиги Кыргызстанда 2010-жылды Мурас жылы деп жарыялады. Бул туурасында ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз маданиятын сактап, өнүктүрүүнү каалагандардын блогу
Мамлекеттик маданият агенттиги Кыргызстанда 2010-жылды Мурас жылы деп жарыялады. Бул туурасында ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Кытайдын атынан ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген “Манас” эпосун, Кыргызстандын атынан кайра каттатуу үчүн дипломатиялык, саясий жолдор аркылуу таасир этүү өтүнүчү менен “Манас” эпосун коргоо комитети президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жөнөттү....
Геология-минерология илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык инженердик академиянын академиги, геология жана кен-чалгындоо иштерине эмгеги сиңген ишмер, 75 жаштагы Кубат Осмонбетовдун, “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, комуз чапкан устачылык да, обон-күүлөрдү черте билген чебер...
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы жыл санак жүргүзүү билими жана анын азыркы учурдагы орду жөнүндөгү маселеге арналды. Талкууга катышкандар: Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов жана тарыхчы-илимпоз Табылды Акеров.
“Талант тагдыры” аттуу түрмөгүбүздүн жаңы саны Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын комузчулар тобунун мааракесине арналат. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында комузду, атактуу эл шайырларынын күүлөрүн оңдогон бейтааныш чет өлкөлүк угуучуларга тааныштырган, аткаруучулук чеберчиликтери менен таң калтырган,...
Кыргыз элим кызыл гүлдүү жаз айым, Бул карекке элесиңди катайын. Өмүр бою өзүңдү ырдап келатам, Өлсөм көрдө кыргызмын деп жатайын. Байдылда 2004-жылдын 19-ноябрында жогорку саптарда айтылгандай, өлүм алдында да өз элинин атын акыркы деми...
- Бизде жазуучу, акындар жетишерлик. Анда ЭМНЕ ҮЧҮН дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармалар жаралбайт? - Чыгарма жазуу - табияттын өтө чоң сыры. Мындай "шыралга" кимге канчалык берилгенин билүү кыйын. Ошол сырды ар кимдин жазган чыгармасы гана...
Тарыхый иликтөөлөрдө кыргыздар Азия мейкининде көөнө замандан бери жашоо кечирген, жоокер мүнөз эл экендиги аныкталганы менен уңгусуна уютку болгон өзөгү эпикалык чыгармалар менен санжыралык табышмактарга катылган элдин тарыхын илимий нукка түшүрүү бүгүнкү күнгө чейин...
Кыргызстандагы азыркы орто, жогорку окуу жайларында өтүлүп жаткан "Манастаануу" окуу курсунун тегерегинде жүрүп жаткан эл ичиндеги ар кандай ой-пикирлер көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, көңүлүн өрөпкүтүп келет. Айрым бир учурларда аты аталган окуу курсун "жоюу керек"...
Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили тууралуу маек. (Уландысы. Башы бул жерде) -Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? -Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин...
Пикирлер