Жапаров Дүйшөн

Dyishen

Дүйшөн Жапаров жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Дүйшөн ЖАПАРОВ: “Калыңым жок, каадам бар, Кааданы билбес наадан бар”

 

Ырлар

 

БЕЛГИҢДИ БЕРЧИ

Көмүрдөй көзүң коюлган,
Көркөмүң куудай чоюлган.
Түнкүсүн түштөн, күндүзү
Түк кетпей койдуң оюмдан.

Ак марал сындуу төшүңдөн,
Акырын айткан сөзүңдөн.
Жароокер, жумшак мүнөзүң,
Жайдагы кечтей көшүлгөн.

Жыргалдуу салкын таңдайсың,
Жылдызды көктөн өчүргөн.
Жалбырттап сезим жазында,
Жалбарып турмун кашыңда.

Турмушум туура бурулду,
Тушугуп сендей асылга.
Белегим сага ушул ыр,
Белгиңди бергин акынга.

 

ЭРКАЙЫМГА

Кыйын күндө кылчайып бир карашпай,
Жакындарым жакшы сөзгө жарашпай.
Жалгыз калып жарты болуп жүргөндө
Жай сурадың, достон эстүү аяштай.

Сен сырымды түшүнүп да түшүнбөй...
Бизди бир жип байлагансыйт үзүлбөй.
Басынбачы байке - деген сөздөрүң,
Бакыт өңдүү башка конгон күтүлбөй.

Күлөрүмдө күйүп жерде жатсам да,
Тое жебей, жаман кийип бассам да.
Жылыйм минтип, сендей жандар учурап,
Жылтылдаган жылдызым бар асманда.

 

ЖАҢЫ ЖЕР

Капчыгай шыкай камалган
Карагай, четин, арчалар.
Буурадай жөөлөп зоолорду
Булуттар жолдо чарчаган...

Ашуунун жону асмандап,
Астыда калып тирилик.
Боздогон шамал басылбай,
Борчукка боору тилинип...

Бойлогон кымыз, кыз уулап,
Босого, Көлтөр, Каманды.
Эч кимсиз оор күндөрдө,
Элеси канча каралды.

 

КЕЛЧИ МАГА

Көңүл сууган көп нерседен кир калып,
Кайра баштан делебемди козгодуң.
Жагымдуу бир сагынычка чулганып,
Кайра баштан сүйүп калган окшодум.

Ырларым бар бекер берер ар кимге,
Көңүлүм бар көп жеринен жаралуу.
Жакшы үмүттөр жалп деп өчүп кай бирде,
Күндөр болгон өлүм өңдүү каралуу.

Өмүр дартын бойдо барда эсендик,
Даба болсоң дарылоого табылбас.
Кеңдигим бар кадырыңа жетерлик,
Келчи мага кара көздүү карындаш.

 

БУЛУТТАР

Кошойдун тоосун айланып,
Коюлуп көчкөн булуттар.
Кайыгып турам тагдырдан,
Кайгымды менин унуткар.

Агартып дилиң жубардай,
Ак жамгыр болуп нөшөрлө.
Ат-Башы дайра ташкындап,
Агылсын батпай өзөнгө.

Эскирип кетип баратам,
Эстей жүр байкуш Дүйшөндү.
Соконун тиши тилбесин,
Сен эзип түздө мүрзөмдү.

 

КОШ, БАЛАЛЫК!

Кош, балалык, кош бол эми түбөлүк,
Кой жоголуп, коркуп жүрүп жоготтум.
Кезегинде тоо кетилип түгөнүп,
Кезегинде зоо эшилип болот кум.

Кош балалык, көп ооруган апарык,
Мен мал ээрчип, сен мени ээрчип күн өткөн.
А мектепте жакшы окуучу аталып,
Алп максатты көкүрөккө түнөткөн.

Кайыр эми, калдым кайра көралбай,
Сен экөөбүз баскан колот, кыр калып.
Мен жашоого келем дале көналбай,
Көкүрөктө бир арман ыр ырдалып.

 

ЧЫН ДИЛИМДЕН

Жармы кулап, жармы асылып калган ай,
Жашоом менин качан толот, арман ай?!
Мелт-калт болгон учсуз жарык дүйнөдө.
Мекен издеп таппай келем жанга жай.

Баш көтөрүп басарымда басындым,
Баш катырып далай таңды атырдым.
Аралынан ажыраган казактай,
Азыр мен да армандуумун, такырмын.

Жаза басып жыгыларда таярга,
Жанда жүрүп, сырым билип аярга,
Музыкада муң-шаттыкты бөлүшөр,
Муктаж экем мен бир изги аялга.

Канат болчу кайкып учар жыргалда,
Кайрат болчу карек эзген ыйларда.
Өктөм жанып, бир кылчайып алармын,
Өмүрүмдөн өтүп кеткен жылдарга.

Жаш көбөйүп баратканы күнөөмбү,
Жарыгыңды чаччы мага күн өңдүү.
Өмүрүмдө баалабадым бакытты,
Өлүп калсам андан бетер күмөндүү.

 

ЖОГОЛГОН ЫРЛАР

Эртеңки күнгө дем элең,
Экиге башым теңеген.
Бактысыз басып жүргөндө
Бактылуу кылган сен элең.

Көмүлгөн жолдун айрыгы,
Көрүнөө сенден айрыды.
Муз тоңуп ичке эрибес,
Мухиттей кечтим кайгыны.

Жаман түш... түндүн таңы жок,
Жатамын үйдө шамы жок.
Кудайды канча сактадым,
Ал мени сактаганы жок.

 

КАНТЕМ, ЫЯ?

Үйлөндүм... сүйүү соолуду,
Үшүдү, дилим ооруду.
Жайнакай кызым сендеги,
Жашынан тагдыр тооруду.

Кактаган күнгө төбөсүн,
Каралды жанга дөбөсүң.
Мен кара жерге кирейин,
Мээримиң төгө көр өзүң.

Жашоомду менин билбесин,
Жаш чайып жүзүн жүрбөсүн.
Кирдетпе баео жүрөгүн,
Кирдесе кийми кирдесин.

Апамдын жашын агызба,
Атамды ая абышка.
Кыйындап улам турмушум,
Кыйналдым мен да алыста.

Тырмыштым, жанды үрөдүм,
Тыйынсыз бастым, жүдөдүм.
Чагылган тыткан булуттай,
Чачылды менин жүрөгүм.

Баалабай жүрүп айрылган,
Барбы ыя бакыт кайрылган?
Турайын, айтчы, күлкүңдөн,
Угайын, айтчы, кайгыңдан.

Өрттөндү, кыйрап төгүлдү,
Өмүрбү? Түшпү? Өңүмбү?
Айланып алыс кетпеди,
Айдачы ойдон өлүмдү.

 

ЧЕЧ-ДӨБӨНҮ САГЫНДЫМ

Канаттар чертип комуздай,
Каркыра басып көгүңдү.
Кут даарып жаткан чагыңды,
Куттуктап кайткан өмүрдү.

Жакадан чуулап көч чубап,
Жаңы-Жер, Арпа, Аксайлап...
Жол карап боздоп тургандыр,
Жонуңда жалгыз ак тайлак.

Керемет түндөр кезидир,
Керимсел сезим сылаган.
Өмүрдөн тажап кээ жылдыз,
Өрттөнүп төмөн кулаган.

Көп болду көрбөгөнүмө,
Көзгө ысык жайы-кышыңды.
Санааман кетпей күнү-түн,
Сагындым сары кызымды.

Жүрүшөт кантип ата-энем,
Жүздөрү толгон бырышка.
Бугумду мында ырбатып,
Булуттар көчөт чыгышка.

Өзөктү кетип өз өрттөп,
Өз күтүп кайра өгөйдөн.
Калаага калдым байланып,
Кайырчы күндө көбөйгөн.

 

ӨТҮНҮЧ

Бир да жолу бир болбодук сырдашып,
Же биз жаман айтышпадык чырдашып.
Менден танууң мына ушундай башталган,
Мен сага арнап эки-үч сабак ыр жазып.

Бир кылына миң кайрыкты батырган,
Менин эңсөөм көкүрөктө катылган.
Күндөр өтүп, кеттиң менден алыстап,
Күн сыяктуу горизонтко жашынган.

Мейли сүйбө, мейли менден алыста,
Бактыңды изде, катарыңдан калышпа.
Мендей кылбай жылуу кабыл алып кой,
Мени угузуп ырлар ыйлап барышса.

 

ӨЛБӨСТҮК

Таалай издеп татаал жолду тандадым,
Таарынганда тагдырымды каргадым.
Бир өзүң деп бир да жолу тийген жок,
Бир тууганга бир тыйынча жардамым.

Кууп келем караан улап калбастан,
Дайра кечип, ашуу ашып кар баскан.
Калды жаштык карга болуп караандап,
Калбай келем дале азган, жармач жан.

Учкул экен, укмуш экен жүрүшүң,
Уктабастан учуп келем күнү-түн.
Билсең баарын чаап салгам садага,
Бир мүнөткө сага жетер күн үчүн.

 

АКЫН АГАМА

Жакшы үмүткө жаан чыккан агамсың,
Жарым жолдо жалтайласаң жамансың.
Дүйшөйүп деп "дүрр" деп турсун Ат-Башы,
Дүйшөн иниң сенден өзүн карансын.

Агып чыкчы, ташкын болуп, сел болуп,
Жарып чыкчы айгай салып эр болуп.
Колдой чыксын Кошой дөөнүн арбагы,
Коргонунун жугу калган жер болуп.

Болалбаса намыс, күчү, айласы,
Калкына анда кайсы акындын пайдасы?
Жанып турсун ырларыңдан жылдыздар,
Агып турсун Ат-Башыңдын дайрасы.

Мекен жалгыз, мен - сарбагыш, сен - черик,
Менде башка туу тутар жок сенчелик.
Ала кайдан, айчылыктан калдайган,
Алыкулду Акбозунан берчи эңип.

Ал эмесе, бар бол Шаке, узак чап,
Күтөт сени алп тоолордун учу аппак.
Бир кездерде ушул жерде Кошой дөө,
Үйдөй ташты талкалаптыр кучактап.

 

ИЗДЕП КЕЛЕМ

Үстүм жука, суук какшайт карандай,
Ээ болалбай сай-сайлаган санаама.
Издеп келем бакыт өңдүү табалбай,
Жалдаганга жалгыз бөлмө калаада.

Үйлөр батпайт сай ташындай шагырап,
Үлкөн калаа жашоосу бар мол, бекем.
Мында кеткен жаман-жакшы жамырап,
Бакыт деген кандай неме болду экен?

Башымда ойлор жаңжалдашып ич ара,
Таппай калып кээде өзүмдүн атымды.
Издеп келем арзаныраак ижара,
Анан дагы Дүйшөн деген акынды.

 

КЕМПИРИМ

Сен - банкирим, сен - вампирим, сен - пирим,
Сенин мен деп тозду көйнөк, жемпириң.
Сендей мага күн да жарык чачалбайт,
Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим!

Тил жанысаң, тилиң тинте, булдурсун,
Тилиң сууруп кууруп жечү кургурсуң.
Анткен менен аянбастан камчылап,
Аалам кезип чапса арыбас дулдулсуң.

Өмүр ширин, өмүрлөшүм сен ширин,
Өзүң менен тапкан балдар эң ширин.
Сендей мага аалам кеңдик кылалбайт,
Сен ооруба, мен жашайын кемпирим!

 

* * *

Шаркырап суу, куш сайрап,
Шаңга толгон көк, төмөн.
Кыш-кыш этип а менин,
Кыш чыга элек өпкөмөн.

Чанак жарды дүйүм гүл,
Чачыладай чачылган.
Кетпей калды а бирок,
Кээри кыштын чачымдан.

Кыштан чыгып чечинип,
Кыял бийлеп басат кыз…
Кайран өмүр… бир кезде,
Каректи да басат кыш.

 

АТАМДЫН БЕЙИТИ

Бозоруп дөңдө жаткан дөң,
Боздогон арман каткан дөң.
Күүгүмдөп көктөн эңиштеп,
Күн сымал атам баткан дөң.
Баары бар эле дээринде,
Баары бар эле ээринде.
Калабы жатып түбөлүк,
Какшыган жылга жээгинде.

Атасы анык өнөрдүн -
Адамды келди көмөр күн.
Атамды жакшы кара деп,
Ажалды беттен өбөр күн.

 

КАЙРАН, МУХА!

Кырсык, дарт торун жайганда,
Кыйкырып арттан сайганда.
Кармап мен кала албадым,
Кара жер буттан тайганда.

Теңтушум элең, тең элең,
Тептерең элең, кең элең.
Өлүмгө кылдым кусамат
Өмүрүң кыска ченеген.

Агымы бүтөт суунун да,
Аягы бүтөт чуунун да.
Мүрзөңдү басып бакырган
Мүнөзүң калды уулуңда.

 

* * *

Миң мекиян ичинде,
Короз болуп калсамчы!
Көп жакырдын ичинде
Сорос болуп калсамчы!

 

СЕРГЕЙ ЕСЕНИНДЕН

Кеч кирди. Мына шүүдүрүм,
Жылтылдайт чалкан бетинде.
Дем алып талга жөлөнүп,
Мен турам жолдун четинде.

Ай нуру көктөн агызган,
Чатырга биздин куюлат.
Кайдадыр тээ алыстан
Булбулдун үнү угулат.

Кылайган жел жок, жыпжылуу
Кыштагы мештин табындай,
Шалбааны кечип келаткан,
Шамга окшойт аппак кайыңдар.

Өзөндөн аркы токойдун
Дүкүйөт көзгө далысы.
Кароолдун уйку-соодогу,
Карайлайт зөөкүр дабышы.
31.02.2008.

 

КӨЧМӨН БУЛУТ

Кайда гана көчпөдүң,
Кайдан гана өтпөдүң.
Ээсиз көктү мекендеп,
Эркиндикти көксөдүң.
Токтоп эле капыстан,
Тоо кучактап өксөдүң.

Жашылданып жашарып,
Жандүйнөсү тазарып.
Сагынычтуу жүзүнөн
Салаа-салаа жаш агып.

Тоо да ыйлады төгүлүп,
Тоодо улуу тазалык!
Биз, кишилер, силерден
Бир топ ылдый жашадык.

Ыйың менен күлкүңдү
Ыр, күү менен коштодук.
Жер боорунда сага биз,
Жетпей турган окшодук.

Сен биз эмес, булутсуң,
Сергек, таза, тунуксуң.
Тоорулганың айланып,
Тоолор кантип унутсун.

Көчө бергин козголуп,
Көбөйө бер топтолуп.
Ыйлай албай турбагын,
Ый угарың жок болуп.

 

ТОО

Жетип турат көк асманга учтары,
Жерди биздей тээп турат буттары.
Кара аскалар канаттары калдайган,
Камынгандай качандыр бир учканы.

Тоо тунжурайт, бой көтөрбөй, басынбай,
Токтоп калган толкундардай жазылбай.
Ыраак калып, унут болуп бу жалган,
Ыр жазарда ойго кеткен акындай.

Эскерүүдөн тилден калып мелтиреп,
Эмнегедир ыйлагыңды келтирет.
Тагдыр кошуп тайыз менен бир ирет,
Тагы кыйрап турбаса экен менчилеп.

 

* * *

Ата-энем кетпей санааман,
Ат-Башы барып ашып кыр.
Черимди келдим жаза албай
Чеч-Дөбө ооруп жатыптыр.

Жапжашыл болуп калчу эле,
Жарылып көккө ташы да.
Күүсүнөн тайып баягы,
Күзгө окшоп калган жазы да.

Жабыркап келдим калаага,
Жазылбас ичте кусадан.
Өчпөс от болуп өзөктү,
Өрттөгөн намыс, ызадан.

Чачылып жырткыч жылдардан,
Чаң учкан өрөөн бозоруп.
Куркулдап кузгун көгүндө,
Кут учкан жолдон бошонуп.

Таштай оор, таштай мупмуздак,
Тагдырын жалгыз көтөрүп,
Жаны ооруп мендей Чеч-Дөбө,
Жатыптыр ыкшып жөтөлүп.

 

БУЛ КАНДАЙ ЖАЗ

Бул кандай жаз? Билбей менин тегимди,
Добул менен күбүп кетти шагымды.
Жамгыр эзди бош урулган жеримди,
Шамал менен үйлөп кетти шамымды.

Жер тамандан, асман кысып төбөмдөн,
Асыл максат артка карай чегинди.
Күлкүгө окшойт караганга төмөндөн,
Тиштенгеним жыйып соңку демимди.

Көрөлекмин дене жазып түзөлүп.
Билбейм дагы боюм канча экенин.
Ушул бойдон жүз тирилип, жүз өлүп,
Күн баткандай жерге батып кетемин.

 

* * *

Олтурсам үйдө чай менен,
Олчоёт төрдө кайненем.

 

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *