Редакциядан: Элибизде айтылат, "Өлгөндөр даңкталмайын тирүүлөр баркталбайт" деп. Анын сыңарындай улуу инсан, табылгыс талант Сүймөнкул Чокморовдун арабыздан кеткенине быйыл 17-күздүн жалбырагы саргаят. Бул инсан жөнүндө биз бир нече жолу жаздык, дагы да жазыла бермекчи....
"Назар" гезити мындан ары ушундай рубрика алдында окурмандарыбызга элибиздин залкар инсандарынын урпактары, уул- кыз, небере-чөбөрөлөрү тууралуу материалдарды жарыялап турмакчы. Алгач биз "20- кылымдын Гомери" деп аталган залкар манасчы Саякбай Каралаевдин уул- кыздары тууралуу айтып...
(Нурак АБДРАХМАНОВ менен маек) Эл сүйбөгөн бийликтин Жоголгонун көргөмүн. Алтындан курган дүйнөнүн Тонолгонун көргөмүн. Эл жактырган өнөрдүн Жоголгонун көрбөдүм. Акылдан курган дүйнөнүн Тонолгонун көрбөдүм.
Бул жолку каарманыбыз Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын ээси, актриса, акын Сайра Батыркулова. Анын ырлары негизинен сүйүү темасына арналган. 2001-жыл... Бул жылы Бишкектеги чыгармачыл жаштардын башын бириктирген "Нурборбор" коомдук уюму түзүлгөн. Эч кандай колдоочусу жок...
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Сулайман-Тоонун этегине Ош шаардык бийлиги фонтан куруп жатат. Адистер бул курулуш ЮНЕСКОнун талаптарына каршы келерин айтышууда.
Ысык-Көлдүн мобильный справочник... Эң чындыктуу информация...» Бул жарнаманы НБТ өңдүү телеканалдар күнүнө жок дегенде он ирет берет. Аларды көргөн сайын кыжыр кайнайт. Кыргыз тилин ушинтип кор кылгандан көрө толук кандуу кылып, орусча берсе болбойбу?!...
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын 1-сентябрынан 1-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунда август айынын этегинде "Аалам Кыргыздары" журналынын негиздөөчүсү жана Манас Ата коомдук фондусунун түзүүчүсү Акылбек Атабеков менен биргеликте, кыргыз тарыхчы жазуучулары, ойчулдары, журналисттери жана дүйнөлүк ар кандай улут аралык, эл...
Кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу берилгенине 23-сентябрда 20 жыл толот. 1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алып, көптөгөн адамдарды сүйүндүргөн. Эгерде бул белгилүү датаны адамга салыштырып карай турган болсок, анда ал адам жыйырмага чыгып...
Ушул жылдын 27-28-29-август күндөрү Ош драма театрында айтыш боюнча Президенттин байгесине арналган төкмө акындардын Эл аралык экинчи мелдеши өткөрүлдү. Бул мелдешке республика боюнча отуз алты акын катышты. Айтыш салты анчейин болбой жаткан Ошто бул...
Пикирлер