Архив по дням: 18 сентября, 2009
КИРИШ СӨЗ Үстүбүздөгү жылда Азаттыкта жарыяланган макалада ногой уруубу же адамдын атыбы?- деп суроо таштап, анан даңазалуу Манастан: "Каратып турду Кашкарда, Карашаарга жеткенче Хан атаң Ногой башкарды", - деген насааты келтирген. Ошондой эле хан...
Атам сөгүнүп сүйлөөр эле. Аларды тосуп атып дагы таластыктарча сөгүнүп алат. Абидин байке анысына адегенде таарынып калат. Анда жанындагылары: "Абидин, таарынба! Чубак эки сөзүнүн биринде сөгүнөт" деп түшүндүрүшкөн дейт.
Кыргызкино департаменти киноишмер, сынчы Каарман Ашымов атындагы сыйлыкка сынак жарыялады. Бул сынакка киноишмерлер жана массалык маалымдоо каражат өкүлдөрү катыша алат.
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин ырчысы Майрам Дүйшөкеева 50 жылдык өмүрүнүн отуз беш жылын сахнада өткөрүп, эл арасында "Кыргыздын Зыкинасы" деген урматтуу атка конду.
Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасында акын Асек Казиевдин балдарга арналган жети китебинин көргөзмөсү ачылды. Асек Казиев эгемендиктин алгачкы жылдарынан - кыргыз тилине, улут байлыктарына, коомдо болуп жаткан ар кандай көрүнүштөргө карата өзүнүн атуулдук мамилесин...
Профессор Жээнбай Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» 40 жылга убактан кийин быйыл китеп болуп чыкты. Өкүнүчкө, өмүрүн арнаган улуу иштин убайын автордун өзү көрбөй кетти. Жээнбай Мукамбаев басса-турса колунан түшүрбөчү алакандай кагазга уккан сөздөрүн...
Нургыз Исакова чыныгы аялзатына мүнөздүү сезимталдык менен кыялкечтикке эгедер болгон жаш калемгер. Буга чейин ал жазгандарын күндөлүккө жашырып келген болсо, быйыл ал эсселерин жана аңгемелерин биринчи ирет окурмандардын сынына алып чыкты. - Назиктик менен...
Алтынбек Исмаилов "Таш күзгү" деп аталаган поэтикалык жыйнактын автору. Республикалык "Нурборбор" жана "Калемгер" адабий клубунун мүчөсү.
Кыргыз-казакка таанымал төкмө акыныбыз Майра Керим кызы быйыл жайда биз эмгек өргүүдө жүргөндө узакка созулган катуу оорудан көз жумду. Ооруп жатып да, айыккыс дартка кабылып туруп да айтыш деп, айтыш үчүн машинанын артына жатып...
Пикирлер