Архив по дням: 28 августа, 2009
27-августта Кыргызстандын түштүк борбору - Ош шаарында президенттин байгесине «Айтыш» экинчи эл аралык фестивалынын тандоо түрү өттү. Аталган фестиваль Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 18 жылдыгына арналган.
Кыргыз режиссеру Элнура Осмоналиеванын «Шамчырак» тасмасы Ысык-Көлдө өткөн автордук кыска метраждуу фильмдердин мыктысы деп аталды. Бул туурасында 28-августта «КАБАР» агенттигине Кинематографияны өнүктүрүү фондунун продюсери Улан Исакбеков билдирди.
Жаңы окуу жылынан тарта кирип жаткан мугалимдерге окуучунун санына жараша айлык төлөө ыкмасы кошумча түйшүк жаратышы мүмкүндүгү айтылууда.
КР Маданият жана маалымат министрлиги быйылкы жылды «Китепкана жылы» деп жарыялаганына байланыштуу Ат-Башы районунда да китепканалардын ишин оңдоого карата аракеттер көрүлүүдө. Бул үчүн китепканаларда китеп марафону өткөрүлүп, жалпысынан элден жардам катарында 1685 нускада адабий...
Жумгал районундагы Чаек айылында Чаек айыл өкмөтүнүн көмөгү менен райондук аксакалдар Кеңешинин эки кабат имаратынан жай бөлүнүп, композитор Муратбек Бегалиев атындагы чыгармачылык борбор ачылды.
Үстүбүздөгү жылдын 24-25-октябрында Жалал-Абад областындагы Токтогул жана 31-октябрь 1-ноябрда Ысык-Көл областындагы Барскоон айылында «Ат чабыш - 2009» фестивалы уланат. Белгилей кетсек, быйылкы жылы төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан фестивалдын башталышы 2009-жылдын 1-2-августунда Ош областындагы Ленин...
Пикирлер