26-августта «Zpress.kg» маалымат агенттигинде Долина Юта университетинин (АКШ) вице-президенти Расти Батлер Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» (Кут билим) китебинин англис тилиндеги котормосунун бет ачаары менен тааныштырды.
Балеттин артистти Н.Конокбаев балеттин артисттеринин Сеул шаарында өткөн Эл аралык конкурсунда күмүш медаль алды. Бул туурасында Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди.
"КАБАР" маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда ТЮРКСОЙдун гендеректору Дюсен Касеинов үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Бишкекте эл аралык Айтматовдук окуулар боло тургандыгын билдирди. Анын айтымында аны Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте Анкара университети жана...
Кечээ кыргыз-казак элинин учу - кыйырына кадиксиз таанылган, кайда барса да урмат-сыйга бөлөнгөн, бир кылымда бир жаралчу, кыргыздын намысын сактап, туусун желбиреткен кеменгер, төкмө акын Майра Керим кызын шум ажал арабыздан алып кетти. Майра...
Редакциядан: Жакында окумуштуу-публицист С.О.Байгазиевдин "Цивилизация жана Ата-журт тагдыры" аттуу публицистикалык бир томдугу жарык көрдү. Аталган китеп Кыргызстан жазуучулар союзунда окумуштуулардын, сынчылардын, жазуучулардын, журналист-публицисттердин жана студенттердин катышуусунда талкууланып, жогорку баага арзып отурат. Кыргыз окурмандарын кайдыгер...
- Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болууда? - Буйруса жакшы. Жаңы-жаңы ырларды жаздырып жатабыз. Алардын көбүнчөсү ыйманга, Ата-Мекенге, балдарга арналды. Балдарга арнап китептерди чыгарганбыз, Кудай буйруса Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна таркатылып жатат. Жакында...
"Манас" университетинде "Осмон мезгилиндеги жана ага чейинки түрк маданиятынын Борбордук Азиядагы тамырлары" аттуу эл аралык симпозиум өтүүдө. Аталган симпозиум жөнүндө Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректору Сулайман Кайыпов маалымат берди. - Мурда өткөрүлүп жүргөн эл аралык...
Токомдун залкар күүлөрүн баса жатып угуп, черткен күүлөрүн кайталап чертип... Өзүнүн да аздектеген чыгармаларын, күүлөрүн Токомдун "элегинен" өткөрүп, сындатып чыгармачылык шыгын кыйла эле бүлөгөн окшойт.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия "Кыргыз Туусу" гезитинин 4-августундагы № 58 санына "Көчө Лермонтовдун атасынын ысмына коюлганбы?" деген макаланы карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет:
Пикирлер