Курманжан Датканын 200-жылдыгына карата даректүү фильм тартылат

Сентябрь айында Маданият жана маалымат министрлиги Курманжан Датка атындагы фонд менен бирдикте белгилүү кыргыз мамлекеттик ишмеринин 200-жылдыгына карата документалдуу фильм тартууга киришет. Бул туурасында "КАБАР" агенттигине Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирет.

Тасманы тартууга өкмөт тарабынан 2 млн. 500 миң сом бөлүнгөн, тиешелүү токтомго премьер-министр И.Чудинов тарабынан кол коюлган.

«Фильм Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Россияда тартылат, ошондой эле архивдик материалдар да камтылат. Документалдык тасмадан соң, Курманжан Датка тууралуу көркөм фильмге даярдык көрүү башталат», - деп кошумчалады С.Раев.

А.Бенгард, МА, "Кабар" МА, 10.08.2009-ж.

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *