Архив по месяцам: Август 2009
27-августта Кыргызстандын түштүк борбору - Ош шаарында президенттин байгесине «Айтыш» экинчи эл аралык фестивалынын тандоо түрү өттү. Аталган фестиваль Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 18 жылдыгына арналган.
Кыргыз режиссеру Элнура Осмоналиеванын «Шамчырак» тасмасы Ысык-Көлдө өткөн автордук кыска метраждуу фильмдердин мыктысы деп аталды. Бул туурасында 28-августта «КАБАР» агенттигине Кинематографияны өнүктүрүү фондунун продюсери Улан Исакбеков билдирди.
Жаңы окуу жылынан тарта кирип жаткан мугалимдерге окуучунун санына жараша айлык төлөө ыкмасы кошумча түйшүк жаратышы мүмкүндүгү айтылууда.
КР Маданият жана маалымат министрлиги быйылкы жылды «Китепкана жылы» деп жарыялаганына байланыштуу Ат-Башы районунда да китепканалардын ишин оңдоого карата аракеттер көрүлүүдө. Бул үчүн китепканаларда китеп марафону өткөрүлүп, жалпысынан элден жардам катарында 1685 нускада адабий...
Жумгал районундагы Чаек айылында Чаек айыл өкмөтүнүн көмөгү менен райондук аксакалдар Кеңешинин эки кабат имаратынан жай бөлүнүп, композитор Муратбек Бегалиев атындагы чыгармачылык борбор ачылды.
Үстүбүздөгү жылдын 24-25-октябрында Жалал-Абад областындагы Токтогул жана 31-октябрь 1-ноябрда Ысык-Көл областындагы Барскоон айылында «Ат чабыш - 2009» фестивалы уланат. Белгилей кетсек, быйылкы жылы төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан фестивалдын башталышы 2009-жылдын 1-2-августунда Ош областындагы Ленин...
26-августта «Zpress.kg» маалымат агенттигинде Долина Юта университетинин (АКШ) вице-президенти Расти Батлер Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» (Кут билим) китебинин англис тилиндеги котормосунун бет ачаары менен тааныштырды.
26-августта, Кыргызстандын түштүк борбору - Ош шаарында Президенттин байгесине «Айтыш» экинчи эл аралык фестивалы башталат.
Балеттин артистти Н.Конокбаев балеттин артисттеринин Сеул шаарында өткөн Эл аралык конкурсунда күмүш медаль алды. Бул туурасында Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди.
"КАБАР" маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда ТЮРКСОЙдун гендеректору Дюсен Касеинов үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Бишкекте эл аралык Айтматовдук окуулар боло тургандыгын билдирди. Анын айтымында аны Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте Анкара университети жана...
Пикирлер