КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов Эл аралык Махмуд Кашгари атындагы сыйлыктын лауреаты болду
14-майда Махмуд Кашгари Эл аралык фонду (Баку) «Махмут Кашгари жана түрк - исламдык маданият» темасы боюнча симпозиум өткөрөт. Симпозиум учурунда Кашгари атындагы сыйлыкты берүү аземи болот.
2009-жыл үчүн сыйлыктын лауреаттары болуп:
- Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов,
- Казахстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Оразуллин,
- «Авразия» Жазуучулар союзунун (Түркия) төрагасы Якуб Делиорманоглы,
- Акын Чыңгыз Алиоглы (Азербайжан) мына ушулар аталышты.
"Кыргызстандын жаңы адабияты", 08.05.2009-ж.
Пикирлер