Бектуруш Салгамани
2005-жылдын 6-декабры
Жыл айланды, кайрадан
кантем сени таппасам?!
Көрүстөндө толдуң-ов
19га, жан балам!
Өчүп калган чырагым,
өңүн көрбөс ыраагым,
өз жанымды берсем дейм, -
өх, кантем, жок ылаажым!?.
... Калсаң кокус чыр кылып,
койгом уруп, кыйкырып.
Колумду азыр салгым бар,
кырча-кырча сындырып.
Кээде билбей, билипби,
келтирчүсүң жинимди...
Салгым келет чайнап жеп,
сага тийген тилимди.
Аңсап күлгүн чагыңды
алууда муң алымды.
Азыр ичип өлгүм бар,
аккан ачуу жашымды...
... Бир жыл өттү кайрадан,
Боздойм сен деп ар качан.
Толдуң бүгүн мүрзөдө
19га, жан балам!..
Таяк
- Жыл бою не келбедим? - деп кадалып,
карайм көздөн жаш, жүрөктөн кан агып.
Былтыр эле өзү басчу шартылдап
калган экен апам таяк таянып.
Көзү - нурсуз, карай берчү жолума,
бели ийилип, чөгө түшкөн бою да.
Басса-турса - таяк өбөк жөлөгү, -
минтерлиги келбептир эч оюма.
- Мени тарап, жууп чоңойткон адамга
ушул жарым кулач келген таякча
өбөк, жөлөк болалбаймбы?! - деп сыздап,
өзүмдү өзүм турам сөгүп, аяп да...
Пикирлер