Александр Пушкин (1799 - 1837)

* * *
Мен сизди сүйөт элем, балким сезим
Дагы эле жүрөгүмдө өчө электир.
Бирок мен аны сизге билгизбеймин -
Мен сизди капаланткым келбейт эч бир.

Мен сизди сүйөт элем үмүт үзүп,
Бирде азып, бирде алдырып кызганычка.
Сүйүүмдөй эң бир таза, эң бир назик
Сүйсө экен сизди бирөө бул жазмышта.

(Которгон Марат Токоев)

Читайте также:

комментария 2

  1. Тумонбай Колдошов:

    БУл ырдын Э.Турсуновдун котормоу боюнча вариантына мен обон жазып ырдап журом.

    • kmb3:

      Эгер обонго салынса, анда накта кыргызчаланган экен. Негизи Турсунов агай - кыргыз котормочуларынын дөө шалысы. Эми поэзияда бир ырдын бир нече котормосу болушу - кадыресе көрүнүш. Ар ким ар кандай которот, бирине бул жакса, экинчисине башкасы. Менимче, поэзиянын жагымдуулугу, артыкчылыгы да ушунда - ар ким өзүнө жаккан нерсени, жан дүйнөсүнө жакын нерсени таба алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *