Кирпи

(Латыш жомогу)

Кирпи тыйын таап алды. Жанынан бир бай кетип бараткан.

Кирпи байды карап-карап туруп:

-         Менде болгон байда жок! - дейт.


-         Сенде анчалык эмне бар болду экен? - дейт бай.

Кирпи колундагы тыйынды көрсөтөт. Бай жини келип аны тартып алат.

Анда кирпи айтат:

-         Ии, мен айтпадым беле, менде болгон сенде жок деп. Сенде болсо менден жанталашып тартып албайт элең.

Байдын ого бетер жини келип, тыйынды ыргытып ийет. Анда кирпи күлөт:

- Аа, менден коркуп ыргытып ийдиңби?

Бай кирпини сабайын дейт, бирок сайып салат деп коркот. Ошентип жини келген боюнча арабасына түшүп алып кетип калыптыр.

Которгон Жыргалбек Касаболотов

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *