Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинде ишеним телефону жана коомдук кабылдама иштеп жатат

Коррупция менен күрөшүү  иш-чараларын колдонуу, Кыргызстандын атуулдарынын арыздары менен иштөөнү жакшыртуу максатында КРнын билим берүү жана илим министрлигинде коомдук кабылдама күндөрү иштей баштады.

Атуулдарды кабыл алуу шаршемби жана жума күндөрү саат 14.00дөн 17.00гө чейин структуралык бөлүмдөрдүн  начальниктеринин жана министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин катышуусу менен болмокчу.

Ошондой эле министрликте ишеним телефону иштеп жатат. Кайрылгандар (0312) 62- 68 -38 телефонуна байланышса болот.

«Zpress.kg» МА, 15.04.2009-ж.

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *