Архив по дням: 9 апреля, 2009
Бишкекте композитор Насыр Давлесовтун 80 жылдык мааракесине карата, маестронун "Аста-секин колукту" операcы алгач ирет эстрадалык-музыкалык комедия жанрында көрсөтүлдү. Өткөн кылымдын 60-70-жылдары элге кеңири таанымал болгон опера бул жолу жөнөкөйлөштүрүлүп, белгилүү ырчы куудулдардын аткаруусунда тартууланды....
"Талант тагдыры" аттуу музыкалык түрмөгүбүздүн бул жолку чыгарылышы өз кезегинде "Он алты кыз" баштаган ондогон казактын элдик ырларын ырдап, эки эгиз элдин (казак менен кыргыз) угуучуларынын алкоолоруна алынып өткөн Казакстандын эл артисти, айтылуу ырчы...
Бишкекте ачылган "Азур" басмасынан кыргыз тилинде 100 аталыштагы балдар китептери басылып чыкты. Жакында балдар үчүн китептердин сериялары жарык көрөт. Аталган басмакана Франциянын, Англиянын басмаканаларынын үлгүсүндө балдар үчүн түстүү китептерди чыгармакчы.
Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Темир-Корук орто мектебинин имараты өткөн жылда болгон табигый кырсыктан улам тийиштүү адистер тарабынан 3-категорияда жабыр тарткандыгы аныкталган. Учурда 4 класстык бөлмө жараксыз болуп, окуучулар ашканада билим алып жаткандыгына губернатор...
Мамлекеттик тилдин 20 жылдыгын белгилөөгө карата Жалал-Абад шаарындагы мекеме ишканаларда иш кагаздардары толук мамлекеттик тилде жүргүзүлбөй жаткандыгын эске алып, шаардын мэриясынын атайын токтому менен 2009-жылдын 1-майынан баштап толук мамлекеттик тилде жүргүзүлө тургандыгын шаардык тил...
Мамлекеттик патент кызматы бүгүн Президент Курманбек Бакиев 7-апрелде жарлыкка кол койгондугун, ага ылайык «KGнын» домендик аталышын тескөөнү жүргүзүүчү орган Кыргызстандын мамлекеттик патент кызматы боло тургандыгын билдирди. Бул «улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу максатында»...
8-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КР Эл артисти, «Туңгуч» театрынын жетекчиси Жамал Сейдакматованы кабыл алды. Ж.Сейдакматова мамлекет башчысынын дарегине кат жазып, анда турак-жайы жоктугуна байланыштуу үй алууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.
25-апрелден 29-апрелге чейин Кыргызстанда салт болгон музыка жумалыгы өтөт. Бул жөнүндө бүгүн "КАБАР" агенттигине Маданият министрлигинин басма сөз кызматында билдиришти. Жумалыктын чектеринде 25-апрелде Бишкекте "21-кылымда салт болгон музыканын абалы жана өнүгүшүнүн келечектери" деген эл...
11-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөрүнүн музейинде «Музей ишембилиги» маданий-билим берүү долбоорунун алкагында «Манас» дастанына арналган лекция-концерт өтөт. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу, «Устат-шакирт» салттык музыка борборунун деректири Разия Сырдыбаева...
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде "Дүйнөнүн алтындары Кыргызстанда" аттуу көргөзмө өтүүдө. Азия, Европа жана АКШ өлкөлөрүнүн заманбап сүрөтчүлөрүнүн башын кошуу максатын аркалаган бул көргөзмөдө Австрия, Германия, Греция, Иран, Испания, Өзбекстан, Казакстан жана...
Пикирлер